Irfan Abu Naveed.ге
Суроо: Бүгүнкү күндө исламий үммөткө – исламий акыйдага ар тараптуу карама-каршы жана тескери болгон о.э. туура динибизге кирип келген – батыл итикаддар жана ката түшүнүктөр чабуул кылган. Ошолордун бири батыл демократия. Бул болсо, биздин Индонезиядагы кооптуу проблемабыз болуп эсептелет. Индонезиядагы айрым мусулмандарды көрүп жатабыз, алар “демократия исламдан” деп дааба кылышып, адашкан жана адаштыруучу түшүнүктөргө Куран жана Сүннөттөн далилдерди келтиришүүдө.
1. Эй шайх, демократия жөнүндө сиздин райыӊыз?
2. Бул кооптуу проблемадан кантип кутулса болот?
3. Мен ушул ишке тиешелүү китеп жазмакчымын. Эй шайхыбыз, сиздин райыӊыз? Ушул ишке тиешелүү мага насаат кылышыӊызды каалаймын.
Жооп:
Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух
Демократия – бийлик элдики деген маанини билдирет. Демек, ал – Аллахты коюп, өзү мыйзам чыгарат т.а. Аллахты коюп нерселердин үстүнөн адал жана арам деген өкүм чыгарат. Бул тууралуу Аллах Субханаху мындай дейт:
(إِنِ الْحُكْمُ إِلَّا لِلَّهِ يَقُصُّ الْحَقَّ وَهُوَ خَيْرُ الْفَاصِلِينَ)
“Өкүм кылуу Аллахтын Өзүнө гана таандык. Ал акыйкатты гана сүйлөйт. Ал (хак менен нахакты) ажыратуучулардын эӊ жакшысы”.
Табароний “Кабийр”де чыгарган хадисте Адий ибн Хотим мындай дейт: Мен мойнума алтын салб (крест) тагып Набий САВдн алдына келдим эле, ал зат: “Эй Адий, бул бутту мойнуӊдан алып ташта”, – деди. Мен аны алып таштап, ал заттын алдына барганымда “Бароат” сүрөсүнөн:
اتَّخَذُواْ أَحْبَارَهُمْ وَرُهْبَانَهُمْ أَرْبَاباً مِّن دُونِ اللّهِ
“Алар Аллахты коюп өздөрүнүн даанышмандарын жана рохибдерин Кудайлар деп билишти”. [9:31]
аятын окуп бүткөндө, мен: Биз аларга ибадат кылбайт элек – дедим эле, ал зат: “Алар Аллах адал кылган нерсени арам, адал кылган нерсесин арам деп айтышканда, силер да ошол нерселерди арам-адал деп эсептебейт белеӊер?” – деди. Мен “Ооба” деп жооп бергенде, ал зат: “Мына ошол нерсе– аларга ибадат кылуу болуп эсептелет”, – деди. Ошондуктан, Аллахты коюп, өзү мыйзам чыгара турган кишинин күнөөсү өтө чоӊ болот.
• Демократия мына ушул тарабынан куфр түзүмү болуп эсептелет. Анткени ал мыйзам чыгаруу укугун адамзатка берет.
Экинчи тараптан болсо ал төрт эркиндикке: акыйда, пикир, мүлк жана шахсий эркиндиктерге иътикад кылат.
Натыйжада адам өзү каалаган нерсесине этикад кылышына уруксат берет. Мисалы, ал өзү каалагандай динин өзгөртүшү да, ал тургай ыйык нерселерди акаараттоо менен каалаган райды айтуусу да, адал жана арам жолдор менен мүлккө ээ болушу да, эки тарапты ыраазы кылган болсо зына менен алектениши да мүмкүн. Бул болсо, Исламда арам кылынган. Анткени муртаддык арам, зына арам, шаръий эмес жолдор менен мүлккө ээ болуу арам о.э. сөгүү жана акаарат кылуу да арам.
• Ошентип, демократия эркиндиктерди бош койгондугу себептүү куфр түзүмү болуп эсептелет. Анткени, ал шаръий өкүмдөрдөн кутулуу дегени.
“Демократия – куфр түзүмү” деген китеп бар, аны мамлекетиӊиздеги хизбдин китепканасынан издеп окуӊуз. Анда демократия тууралуу жана ал кандай куфр түзүмү экендиги тууралуу кеӊири ачыкталган.
Жана акырында сизге салам жолдогон абалда, сизге Ислам жана мусулмандар туурасында жазып жаткан чыгармаӊызга ийгилик каалаймын.
Бурадарыӊыз Ато ибн Халил Абу ар-Рашта
20-ражаб, 1434-х.
30-май, 2013-м.
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…
Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…