ХИЗБУТ-ТАХРИР ТАРЫЙКАТЫНЫН ИФАДАСЫ ТУУРАСЫНДА DEDE TAHBOUB.ДУН СУРООСУНА ЖООП:

05.09.1985-жылы жазылган, хизб жөнүндө маалымат берүүчү “Хизбут-Тахрир” китебинин барактарынын бирин мага түшүндүрүп беришиӊизди сураймын.
Суроо:
Менин билишимче, Хизбут-Тахрир бул китептин жыйырманчы бетинде өз тарыйкатын ифадалашта өзүн илахтык даражасына жакындаштырып койгон. Ыктымал, нусратыбыздын бүгүнкү күнгө чейин кечигип жатканына ушул нерсе себеп болуп жаткандыр. Бул китепте айтылышынча: “(Хизбут-Тахрир) мусулмандарды Ислам менен ойготуу үчүн түзүлгөн уюмдарды ийгиликсиздикке жетектеген бардык себеп жана кемчиликтерден өзүн сактады”. Бул жерде өзүнүн ката кылуучу экендигин четке кагууда. Ката кетирүүдөн алыс болуу болсо бүт ааламдар Роббисинин сыпаттарынан. Ар кандай махлук ката кетирет. Бирок, бул сөздү айтып жатканда “Аллахтын изни менен” деп кошуп койгондо, ыктымал бул Аллахтын бизге жардам беришине себеп болор беле.
Дагы мындай деп айтылууда: “Аны кучагына алуу жана аны менен бирге аракет кылуу важиб. Анткени, ал өз фикратын өздөштүрүп алган жападан-жалгыз хизб…”. Вахданийят (жападан-жалгыздык) белгилүү бир сыпаттарга байланыштуу болушуна карабастан, ал бүт ааламдардын Роббиси Аллахка гана хос жана бул сыпаттардын бирөө-жарымына андан башка бирер бир махлук ээ эмес деп билемин. Болгону, Аллах Таала муъжиза менен хостоп койгону гана мындан мустасна. Ошондуктан, бул жердеги “жападан-жалгыз” сөзүн ката сөз деп ойлоп жатам. Ыктымал, бул бир текебердик болуп, Аллахтын нусратын кечиктирип жаткандыр.
Жооп:
Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух.
Көрүнүп тургандай, “Мусулмандарды ойготуу үчүн түзүлгөн уюмдарды ийгиликсиздикке жетектеген себеп жана кемчиликтердин бардыгынан өзүн сактады”, –  деген ибаранын мадлулу туурасында сизде чаташтыруу пайда болгон. Бул таъриф.
Хизб Хизбий уюшуу китебинде башка кыймылдардын ийгиликсиздикке учуроо себептерин эсептеп өткөндөн кийин, бул таъриф жөнүндө төмөнкүлөрдү келтирди:
“Бул аракеттерди күзөткөн, бул кыймылдарды үйрөнүп чыккан киши булардын бардыгынын ийгиликсиздигиндеги негизги себеп уюшуу жагынан төрт ишке байланыштуу экендигин көрөт:
Биринчиси – бул кыймылдар анык белгиленбеген умумий, ал тургай, анык эмес же анык эмеске окшогон фикрат негизине курулган эле. Мунун үстүнө фикрат тунуктук, тазалык жана нукуралыкты жоготкон эле.
Экинчиси – бул кыймылдар өз фикратын ишке ашыруунун тарыйкатын билишпес эле, балким, ошол фикрат шашылыш жана чиелешкен ыкмалар менен алып барылар эле, мындан тышкары алар анык эместик жана күӊүрттүктүн курчоосунда калган эле.
Үчүнчүсү – бул кыймылдар өөрчүп жетилген сак-саламат аӊ-сезимге жана туура каалоо-эркке ээ болбогон, балким шыктануусу жана кайраты гана бар адамдарга сүйөнөр эле.
Төртүнчүсү – бул кыймылдардын жүгүн өз желкесине алган адамдардын ортосунда кээ бир иштер жана бир нече наамдар көрүнүшүндөгү куру уюшуудан башка туура робита (адамдарды өз ара байланыштырып туруучу фактор) болбогон эле.
Андан соӊ хизб жан-дили менен аракет кылды жана бул себептерден өзүн сактады. “Бардык себеп жана кемчиликтерден өзүн сактады”, – деген сөздүн эмнеси ката? Бул сөздүн ар бир махлук ката кылышына жана Жалгыз Аллахтын нуксан жана кемчиликтерден таза экендигине кандай тиешеси бар?
Эми сизге мындай суроо менен кайрыламын:
Эгер сиз мектепте мугалим болсоңуз, окуучуӊуздун жообун көрүп чыкканыӊыздан кийин ага “Балан, балан жообуӊузда кемчиликтер бар деп, бул кемчиликтерин 1,2,3,… кылып белгилеп берсеӊиз жана барып аны толук кылып аткарып кел десеӊиз, ушундан кийин окуучуӊуз бул каталардан өзүн сактап, андан кийин сизге кайтып келип, эй мугалим, сиз айтып өткөн бардык кемчилик жана нуксандардан өзүмдү сактадым, мына бул менин жаңы жообум десе, – кана айтыӊызчы – окуучу өзүн Роббул Ааламийндин сыпаты менен сыпаттаган болобу?
Ал эми сиздин экинчи пикириӊизге келсек, сиз: “Аны өз кучагына алуу жана аны менен бирге аракет кылуу важиб. Анткени ал өз фикратын өздөштүрүп алган жападан жалгыз хизб”, – деген сүйлөмдү келтирипсиз. Мен сизге бул сөздөн мурунку абзацты келтиремин, андан кийин сиз суроо кылып берген кийинки абзацты да келтиремин.
Мурунку абзац:
“Фикрат жана тарыйкатты Аллахтын китеби, расулунун сүннөтү жана сахабалардын ижмасы о.э. кыястан келип чыгып тунук түшүндү. Вакиъликти пикирлөө булагы эмес, тескерисинче, аны Ислам өкүмдөрүнө ылайык өзгөртүү үчүн пикирлөө майданы кылып алды. Даъватты көтөрүп чыгууда Расулуллах с.а.в.дын тээ Мадинада мамлекет тикелегенге чейин болгон Меккедеги тарыйкатын бекем кармады. Акыйда жана өзү табанний кылган исламий пикирлер менен өкүмдөрдү болсо мүчөлөрүнүн ортосун байланыштыра турган робита кылып алды”.
Кийинки абзац:
“Бул аркылуу үммөт аны өз кучагына алууга жана аны менен бирге аракет кылууга татыктуу болгон жамаатка айланды. Балким, үммөт аны өз кучагына алышы жана аны менен бирге аракет кылышы важиб. Анткени, ал өз фикратын өздөштүрүп алган, тарыйкатын көрө билген, өз маселесин түшүнүп жеткен жана өз максатында Расулуллах с.а.в.дын тарыйкатынан эч бир ообостон жүрүүнү өзүнө белгилеп алган жападан-жалгыз хизб болуп эсептелет”. Бул таърифдир.
Сиз “өз фикратын жакшы өздөштүргөн жана өз тарыйкатын көрө билген жападан-жалгыз хизб” деген сөздү “Вахданийят” сөзү менен изахтап жатасыз. Акыйкатта болсо, ал Аллах Субханаху ва Тааланын сыпаттарынын бири.
Эй, азиз карындашым! Булар бири-биринен башка-башка темалар. Хизб ар бир нерседе жалгызмын дебейт. Тескерисинче, ал фикрат жана тарыйкатты усул илимине ылайык шаръий далилдерден келип чыгып туура истинбат кылды. Өзү истинбат кылган пикирлерди өздөштүрүп алышы табигый абал. Сөз бир адам жөнүндө болуп жаткан жок. Тескерисинче, ушул фикрат жана тарыйкатты табанний кылып алган хизб жөнүндө болуп жатат. Бул фикрат жана тарыйкатты өздөштүрүп алган ар бир адам ушул хизбден болуп эсептелет жана аны тастыктайт. Бул аркылуу ал “аны өздөштүрүп алган жападан-жалгыз хизб”, деген сөзүнө ылайык, фикрат жана тарыйкатын истинбат кылып алган хизбди тастыктаган болот.
Ушундай болгон соӊ, “Өз фикратын өздөштүрүп алган жападан-жалгыз хизб” деп айтуунун кандай зыяны бар? Мунун эч нерсеге муктаж эмес, жападан-жалгыз, таптакыр окшошу жок болгон Аллах Субханаху ва Тааланын Вахданиятына кандай тиешеси бар?
Мен сизди иштердин туурасына хидаят кылышын жана дилиӊизди жакшылыкка ачышын Аллах Субханаху ва Тааладан сурап каламын. Аллах Субханаху ва Тааланын өзү туура жолго баштоочу.

Бурадарыңыз Ато бин Халил Абу Рашта.
1434-хижрий, 22-ражаб.
2013-миладий, 01-июнь.

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү

Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү Кыргызстанда үч жыл мурун калктын эң бай…

1 day ago

Газа жалгыз калдыбы?!

Басма сөз баянаты Газа жалгыз калдыбы?! Кыргын, ойрондулук жана курчоо Газада кадыресе көрүнүшкө айланып калды.…

1 day ago

Шам тогутунун камактарында ачыкталган үрөй учурган көрүнүштөр Уммат перзенттеринин жүрөгүндө өкүмдарларды жок кыла турган жалынды алоолонтушу керек

Басма сөз баянаты Шам тогутунун камактарында ачыкталган үрөй учурган көрүнүштөр Уммат перзенттеринин жүрөгүндө өкүмдарларды жок…

1 day ago

Электрондук соода

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Электрондук соода Ассаламу алайкум уа рахматуллоохи уа баркатуху. Аллахым өмүрүңүзгө береке…

1 day ago

Бардык мусулмандарга, өзгөчө Шам калкына кайрылуу!!!

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Бардык мусулмандарга, өзгөчө Шам калкына кайрылуу!!!  Аллахка мактоолор, Расулуллахка жана Ал…

1 day ago

Жаңы жылды майрамдоо – харам

Жаңы жылды майрамдоо – харам! Мусулмандардын коргоочусу, шариятты колдонуучу Ислам мамлекети жок болгон бүгүнкү учурда Ислам…

2 days ago