Жергиликтүү маалымат агентиги кабарлагандай, 19 жаштагы кыз Асад режимине каршы Сирияга баруу үчүн ыктыярдууларды топтой баштаганына байланыштуу камакка алынган. Бул агенттик голландиялык жаштардын көбү Башар Асаддын режими кулашы үчүн иш алып барып жатышканын жана Сириядагы мужахиддерге кошулуп кетишкенин жазат. Британия бийлиги Сириядагы окуяларды катуу сынга алып, ал жерде Асаддын режимин кулатыш үчүн жер-жерлерден келип жаткандардын басымдуу бөлүгү жаштар экенин айткан.
2011-жылдан бери беш миңден ашуун ыктыярдуу Асаддын режимине каршы күчтөргө кошулганын, алардын көпчүлүк бөлүгүн Британиядан, Нидерландиядан, Белгиядан жана Франциядан келген мусулмандар түзөрүн билдирди Белгия ички ичтер минисри Жоэль Мильке.
Сирияга мужахиддер өз ыктыярлары менен барып жатышса, кафирге малай мамлекеттер ал жакка Башар Асадга жардам берүүсү үчүн жалданма аскерлерди жиберип жатышат. Башар Ливан телеканалдарынын бирине берген интервюьсунда:
– Биз бардык өлкөлөрдөн 100 миңдеген жалдама аскерлерди алып келдик. Алардын катарында Саудия, Түркия, Иран жана Катар бизге өнөктөш болду, – деди.