БАЗАРЛАРДА ХИЖАПЧАН САТУУЧУЛУК КЫЛУУГА ТЫЮУ САЛЫНУУДА

336
0

Ташкенттеги эң ири кийим базарларынын бири болгон «Чиланзар кийим базарында» аялдардын хижапчан сатуучулук кылуусуна тыюу салынды.

Андагы жергиликтүү атайын кызматтын кызматкерлери базарда хижапчан аялдар иштеген 40 соода түйүнү бар экенин “кара тизмеге” алышкан. Буга байланыштуу, отпускада экенине карабастан, базар директору Каюм Ташматов шашлыш чакыртылган жана ага хижапчан сатуучулардын “маселесин чечүү” жүктөлгөн. Өз кезегинде Ташматов да кол астындагы ишкерлерди топтоп, сатуучулар жалаң гана “светтик” кийимде жумушка келишин буйруган.

Эми атайын кызмат кызматкерлери “сатуучулар светтик көрүнүштө кийинип жатабы же жокпу” деп, Ташкенттеги башка ири базарларды шимшип жүрүшөт.

Эске сала кетсек, 2009-жылы сентябрда, коомдук жайларда диний кийим кийүүгө тыюу салган, эгер кийчү болсо бештен тартып он минималдык айлык акыга дейре жазана салынары же 15 суткага административдик жазага тартылары камтылган жарыя Ташкенттин ири базарларында милиция кызматкерлери тарабынан илинип чыгылган. Ал эми 2012-жылы болсо, кийим базарларында муслималар көйнөктөрүнүн сатылышына тыюу салынган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here