19-июнда Жогорку Кеңеш Транзиттик борборду чыгаруу маселесин жабык түрдө карап, өкмөттүн сунушун жактырды.
Өкмөт базаны чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун 21-майда парламентке берген эле. Андан бери фракциялар, комитеттер бул маселени карап, өкмөттүн сунушун колдогон.
Транзиттик борборду “Манастан” чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун караган Жогорку Кеңештеги жыйында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жыйынды жабык өткөрүүнү депутаттарга сунуштады. Натыйжада Жогорку Кеңеш маселени жабык түрдө карады.
Парламент залынан Абдырахмановдун билдирүүсүнө караганда, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Транзиттик борборду чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун колдоп берүүнү өтүндү. Бул сунуш көпчүлүк коалицияга кирген фракциялар тарабынан колдоого алынды.
Абдырахмановдун айтымында, базаны чыгаруу боюнча чечим шашылыш жана Москванын кызыкчылыгында кабыл алынып жатат. Андан Кыргызстан экономикасы олуттуу жоготууларга учурайт. Республиканын экономикалык зыяны 200 млн. долларга жетери айтылууда. Белгилүү болгондой америкалыктар “Манастын” ижара акысы үчүн эле 60 млн. доллар түз бюджетке төлөшөт. Андан сырткары салык, айыл чарба продукцияларын сатуу, иш менен камсыздоо сыяктуу кыйыр кирешелердин натыйжасында Кыргызстанга дагы 140 млн. доллар түшүп турарын адистер белгилеп келишет.
Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, добуш берүү бейшемби күнү болот. Ошондуктан бейшемби күнү Транзиттик борбор боюнча келишимди бузуу жөнүндөгү мыйзам долбооруна да добуш берилет.
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…