Кан сарайда король Абдулла менен “сарай уламаларынын” жолугушуусу болуп өткөнү кабарланды. Жолугушууга принц Сальман, тышкы иштер министри Сауд аль-Файсал ж.б. саудий чиновниктер катышкан. Ал эми аларга кулдук уруп келген аалымдардын арасында болсо, муфтий Абду-ль-Азиз Али аш-Шейх жана Салих Фавзандар болгон.
«Аль-Иваа» гезити жана «Аль-Жазира» басылмасы жазганына караганда, жолугушууда король Жакынкы Чыгыштагы маселелерди талкууга алып, коңшулаш Сирияда болуп жаткан окуялар жарандык согуш болуп эсептелет жана «калк өзүн-өзү өлтүрүүдө» деп баса белгиледи.
Королдун ою боюнча, ал жакта «жакшылык жок» имиш. Абдуллах коңшулаш араб өлкөлөрүндө Жихадга чакыргандарга каршы жаза камакка алуу менен гана чектелбеши керек деп билдирди. Саудия королу аларды өлүмгө өкүм кылууну сунуштады.
Эскерте кетсек, жакында сарай муфтийи Абду-ль-Азиз Али аш-Шейх, «алар кайсы байрак астында согушуп жатканы белгисиз» деп, Аравия мусулман жаштарын Сирия мужахиддерине кошулбоого чакырган. Али аш-Шейх Сирия мусулмандарына акча берүү жана жөн гана дуба кылуу жакшыраак болмок деп билдирген.
Ал кече ошенткен. Эми бүгүн мындай жагдайга өзгөрөт: «Жөн эле дуба кылгыла, а акчаларды болсо жөнөтпөй эле койгула, анткени ал акчалар кимдин колуна тийиши белгисиз». Эртең болсо: «Сирияда бийликти харижийлер басып алды, бул топту жеңүү үчүн акимиңер менен жүрүшкө даярдангыла. Аларга каршы күрөштө ахли китептерден жардам ала бергиле», – дейт. Ал айткан “харижийлер” – калыстык менен Халифалыкты тикелегендер болот. Ал эми “ахли китептер” болсо – дин душмандары болгон кафирлер. “Акимиңер” дегени болсо – кафирлерге малайлык кылган король.
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…
Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…
Басма сөз баянаты ﴿وَلَن تَرۡضَىٰ عَنكَ ٱلۡيَهُودُ وَلَا ٱلنَّصَٰرَىٰ حَتَّىٰ تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمۡ﴾ «Яхудий жана насронийлер…
Басма сөз баянаты Капитализмде саламаттыкты сактоо негизги укук эмес, кандайдыр бир топко берилген артыкчылык болуп…