ЭКОНОМИКАЛЫК КРИЗИСТИН КЕЛИП ЧЫГУУ СЕБЕПТЕРИ ТОРТОО:
1. МОНОПОЛИЯ
2. КОРРУПЦИЯ
3. ВАЛЮТТУК СИСТЕМА
4. РИБА-СУТКОРЛУК
МОНОПОЛИЯ (ЭХТИКАР) – БУЛ ТОВАРДЫ КЫМБАТЫРААККА САТУУ МАКСАТЫНДА ТОВАРДЫН КЫМБАТТАШЫН КҮТҮП, ТОПТОП КОЮУ. АНТКЕНИ, «ЭХТИКАР» СӨЗҮНҮН МААНИСИ «ЖАЛГЫЗ ӨЗҮ ЭЭЛИК КЫЛУУ», «ӨЗҮМ БОЛОЮН» ДЕГЕНИ. ТОВАРДЫ ДА КЫМБАТЫРААККА САТУУ ҮЧҮН ӨЗҮНДӨКАРМАП КАЛУУ ОШОНДОН АЛЫНГАН. ДЕМЕК, НЕРСЕНИ ЭХТИКАР КЫЛУУ – АНЫН КЫМБАТТАШЫН КҮТҮП, ТОПТОП, КИЙИН КЫМБАТКА САТУУ. ШААР КАЛКЫНЫН ЭХТИКАР КЫЛЫНГАН ТОВАРДЫ САТЫП АЛУУДА ТАҢ АБАЛГА ЧЕЙИН БАРЫП ЖЕТИШИНИН ШАРТ КЫЛЫНЫШЫНА СЕБЕП УШУЛ, АБАЛ УШУЛ ДАРАЖАГА ЖЕТКЕНДЕ ГАНА ЭХТИКАР ЖҮЗӨГӨ КЕЛЕТ. СЕБЕБИ, АДАМДАРДА ТОВАРДЫ САТЫП АЛУУ ТАҢДЫГЫ ЖҮЗӨГӨ КЕЛБЕСЕ, КЫМБАТЫРААККА САТУУ ҮЧҮН ТОПТОО, ЖЫЮУ ДЕГЕН НЕРСЕ ДА БОЛБОЙТ. УШУГА КАРАГАНДА, ЭХТИКАР БОЛУШУ ҮЧҮН ТОВАРДЫ САТЫП АЛЫП, ЖЫЙЫШЫ ШАРТ ЭМЕС. КЫМБАТЫРААККА САТУУ ҮЧҮН КЫМБАТТАШЫН КҮТҮП ТОПТООНУН ӨЗҮ ЭХТИКАР ЭСЕПТЕЛЕ БЕРЕТ. САТЫП АЛЫП ТОПТОЙБУ, КЕҢ ЖЕРЛЕРИНИН ТҮШҮМҮНӨН ТОПТОЙБУ, АЙЫРМАСЫ ЖОК. ДАН ӨСҮМДҮКТӨРҮНҮН БЕЛГИЛҮҮ БИР ТҮРҮНӨ ЖЕКЕ ЭЭЛИК КЫЛУУ, ЖЕ ДЫЙКАНЧЫЛЫКТЫН ТАҢСЫКТЫГЫ ҮЧҮН АНЫ ТОПТОО, ЖЕ ӨНДҮРҮШТҮН БЕЛГИЛҮҮ БИР ТҮРҮНӨ ЖЕКЕ ЭЭЛИК КЫЛУУ, ЖЕ УШУЛ ӨНДҮРҮШТҮТАҢСЫКТЫККА АЙЛАНТУУ ҮЧҮН БАРДЫК ИШКАНАЛАРДАН УШУЛ ТҮРДӨГҮӨНӨР ЖАЙ МАЛДАРЫН САТЫП АЛЫП ТОПТОО – БУЛАРДЫН БААРЫ ЭХТИКАР ЭСЕПТЕЛЕТ. КАПИТАЛИСТТИК МОНОПОЛИЯЛАРДА МЫНА УШУНДАЙ ИШ КЫЛЫНАТ. АЛАР ӨЗДӨРҮНҮН ӨНӨР ЖАЙЛАРЫНАН БАШКА ИШКАНАЛАРДЫ СЫНДЫРЫП, ЭХТИКАР КЫЛЫШАТ ДА, БАЗАРДЫ ЭЭЛЕП АЛЫШАТ. БУЛ ИШТЕРДИН БААРЫ ЭХТИКАР. СЕБЕБИ, АЛАР ЭХТИКАР СӨЗҮНҮН МАЗМУНУНА ТУУРА КЕЛЕТ. АНТКЕНИ, ЭХТИКАР – ТОВАР ЖЕ ТОВАРЛАРДЫ КЫМБАТКА САТУУ ҮЧҮН КЫМБАТТАШЫН КҮТҮП, АНАН КЫМБАТКА САТУУ.ПАЙГАМБАР R:
«لاَ يَحْتَكِرُ إِلاَّ خَاطِئٌ»
«ЭХТИКАР КЫЛГАН КИМСЕ КАТА КЫЛУУЧУ-КҮНӨӨКӨР»ДЕГЕН, ЖАНА ДАГЫПАЙГАМБАР R МЫНДАЙ ДЕГЕН:
«مَنْ دَخَلَ فِى شَىْءٍ مِنْ أَسْعَارِ الْمُسْلِمِينَ، لِيُغْلِيَهُ عَلَيْهِمْ، كَانَ حَقًّا عَلَى اللهِ أَنْ يُقْعِدَهُ بِعُظْمٍ مِنْ النَّارِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ»
«КИМДЕ-КИМ, КЫМБАТТАШТЫРУУ МАКСАТЫНДА МУСУЛМАНДАРДЫН БААЛАРЫНА БИРЕР НЕРСЕНИ КИРГИЗСЕ, КЫЯМАТ КҮНҮНДӨ АНЫ ҮЛКӨН ОТКО ОТУРГУЗУУ АЛЛАНЫН АКЫСЫ БОЛУП КАЛАТ».
БАА БЕЛГИЛӨӨ СОГУШ АБАЛЫНДА БОЛОБУ, ТЫНЧТЫК АБАЛЫНДА БОЛОБУ, БАРДЫК ШАРТТАРДА ҮММӨТ ҮЧҮН ӨТӨ ЗЫЯНДУУ ИШ. СЕБЕБИ, АЛ ЖАШЫРУУН БАЗАРДЫ АЧЫП БЕРЕТ. АДАМДАР МАМЛЕКЕТТЕН ЖАШЫРЫП, АНЫН КӨЗӨМӨЛҮНӨН КАЧЫП, СООДА КЫЛА БАШТАШАТ. АЗЫРКЫ ЗАМАНДА АНЫ «КАРА БАЗАР» ДЕШЕТ. НАТЫЙЖАДА, БААЛАР КӨТӨРҮЛҮП, БАРДЫК ТОВАРЛАРДЫ БАЙЛАР ЭЭЛЕП АЛЫП, КЕМБАГАЛДАР ЧЕТТЕ КАЛЫШАТ. АНТКЕНИ, БААНЫ БЕЛГИЛӨӨ КЕРЕКТӨӨГӨ ДА, АНДАН ӨТҮП ӨНДҮРҮШКӨ ДА ТААСИР ЭТЕТ. ЭКОНОМИКАЛЫК ТАҢДЫКТЫ ЖҮЗӨГӨКЕЛТИРИШИ ДА МҮМКҮН. МУНУН ҮСТҮНӨ, АДАМДАР – ӨЗ МАЛДАРЫНЫН ӨКҮМДАРЛАРЫ. МҮЛККӨ ЭЭ БОЛУУ – АГА ӨКҮМДАРЛЫК КЫЛУУ. БАА БЕЛГИЛӨӨ БОЛСО, МЫНДАН КАЙТАРУУ БОЛОТ. ШАРЪИЙ ХУЖЖАТСЫЗ БУЛ ИШТИ КЫЛУУ МҮМКҮН ЭМЕС. АДАМДАРДЫН КЫЗЫКЧЫЛЫКТАРЫН КОРГОП ЖЕТИШПЕЙ ЖАТКАН ТОВАРЛАРДЫ ӨЗҮНҮН ЖАЙЛАРЫНАН АЛДЫРЫП КЕЛИП, БАЗАРГА КОЮУ ХАЛИФАНЫН МИЛДЕТИ. УШУНУ МЕНЕН БААЛАРДЫН КӨТӨРҮЛҮШҮНҮН АЛДЫН АЛЫНАТ. ИСЛАМДА МОНОПОЛИЯ МЕНЕН ИШ АЛЫП БАРГАН АДАМДЫ ДАРРАЛАЙТ ЖАНА 2 ЖЫЛГА КАМАККА АЛАТ.
2. ВАЛЮТТУК СИСТЕМА- ДҮЙНӨ БАЗАРЛАРЫНДА БОЛУП ЖАТКАН ФИНАНСЫЛЫК МАМИЛЕЛЕР БОЛГОН СООДА КЕЛИШИМДЕРИН КҮЗӨТӨ ТУРГАН БОЛСОК, СООДА-САТЫК ОПЕРАЦИЯЛАРЫ АЛТЫ ТҮРДҮҮ ЭКЕНИ МААЛЫМ БОЛОТ. БИРИНЧИСИ, БИР АКЧАНЫ УШУЛ ТҮРДӨГҮ АКЧАГА САТЫП АЛУУ. ИРАК ДИНАРЫНЫН ЖАҢЫ ТЕҢГЕЛЕРИН ЭСКИ ТЕҢГЕЛЕРИНЕ АЛМАШТЫРУУ СЫЯКТУУ. ЭКИНЧИСИ, БИР АКЧАНЫ БАШКА БИР АКЧАГА АЛМАШТЫРУУ. ДОЛЛАРДЫ ЕГИПЕТ ЖУНАЙЫНА АЛМАШТЫРУУ СЫЯКТУУ. ҮЧҮНЧҮСҮ, ТОВАРДЫ БЕЛГИЛҮҮ БИР АКЧАГА САТЫЛЫШЫ ЖАНА ОШОЛ БЕЛГИЛҮҮ БИР АКЧАНЫН ӨЗҮ БАШКА БИР АКЧАГА САТЫЛЫШЫ. БИР СООДА БҮТҮМҮНДӨ ДОЛЛАРГА САМОЛЁТ САТЫП АЛЫП, КИЙИН ДИНАРДЫ ДОЛЛАРГА АЛМАШТЫРУУ СЫЯКТУУ. ТӨРТҮНЧҮСҮ, ТОВАРДЫ ФУНТ-СТЕРЛИНГГЕ САТЫП, АГА ДОЛЛАР АЛМАШТЫРУУ. БЕШИНЧИСИ, БЕЛГИЛҮҮ БИР КЫМБАТ БАЛУУ КАГАЗДАРДЫ БЕЛГИЛҮҮ БИР АКЧАГА САТУУ. АЛТЫНЧЫСЫ, БЕЛГИЛҮҮ БИР КОМПАНИЯ АКЦИЯЛАРЫН БЕЛГИЛҮҮ БИР АКЧАГА САТУУ. ЭМИ АЛАРДЫН ӨКҮМҮНӨ БИРМЕ-БИР ТОКТОЛОБУЗ. КЫМБАТ БААЛУУ КАГАЗДАР ЖАНА АКЦИЯЛАРДЫ САТУУ ЖЕ САТЫП АЛУУ ШАРЪАН ТАПТАКЫР ЖАЙЫЗ ЭМЕС. СЕБЕБИ, КЫМБАТ БААЛУУ КАГАЗДАРДА БЕЛГИЛЕНГЕН ПАЙДА БОЛУП, РИБАГА КИРЕТ. БАЛКИМ, АЛАР РИБА МАМИЛЕСИНИН ДАЛ ӨЗҮ. АКЦИЯЛАР БОЛСО ШАРЪАН ЖАЙЫЗ БОЛБОГОН БАТЫЛ КОМПАНИЯЛАРДЫН ҮЛҮШТӨРҮ. УШУГА КАРАГАНДА, АКЦИОНЕРДИК КОМПАНИЯЛАРДАГЫ АКЦИЯЛАРДЫН СООДА-САТЫГЫ ЖАЙЫЗ ЭМЕС. СООДА, ӨНӨР ЖАЙ КОМПАНИЯЛАРЫ СЫЯКТУУ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ АДАЛ КОМПАНИЯЛАР БОЛОБУ, БАНКТАР АКЦИЯЛАРЫ СЫЯКТУУ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ АРАМ КОМПАНИЯЛАР БОЛОБУ, АЙЫРМАСЫ ЖОК. АКЧАНЫ АКЧАГА АЛМАШТЫРЫП, АГА ТОВАР САТЫП АЛУУ ЖАНА ТОВАРДЫ БИРЕР АКЧАГА САТЫП, АНЫ БАШКА БИР АКЧАГА АЛМАШТЫРУУЛАР ЭКИ ОПЕРАЦИЯДАН ТУРГАН ИШТЕР. СООДА-САТЫК ОПЕРАЦИЯСЫ ЖАНА АЛМАШТЫРУУ ОПЕРАЦИЯСЫ. АЛАРГА СООДА ЖАНА АЛМАШТЫРУУ ӨКҮМДӨРҮ ЖОРИЙ КЫЛЫНЫП, ЭКӨӨСҮНӨ АЙРЫ-АЙРЫ ӨКҮМ ЖОРИЙ КЫЛЫНАТ. БИР АКЧАНЫ УШУЛ АКЧАНЫН ӨЗҮНӨ САТУУ ЖЕ БАШКА БИР АКЧАГА САТУУ АЛМАШТЫРУУ ОПЕРАЦИЯСЫ ЭСЕПТЕЛИП, ШАРЪАН ЖАЙЫЗ. СЕБЕБИ, АКЧА АЛМАШТЫРУУ АЛТЫН ЖАНА КҮМҮШ АКЧАНЫ ӨЗ ЖЫНЫСЫНДАГЫ АКЧАГА ТЕҢМЕ-ТЕҢИНЕ, БАШКА ЖЫНЫСТАГЫ АКЧАГА БОЛСО ТЕҢМЕ-ТЕҢИНЕ ЖЕ АШЫК-КЕМИНЕ АЛМАШТЫРУУ БОЛУП САНАЛАТ. АЛМАШТЫРУУ ОПЕРАЦИЯСЫ АЛТЫН-КҮМҮШТӨ КАНДАЙ БОЛСО, АКЧАДА ДА УШУНДАЙ БОЛОТ. СЕБЕБИ, АКЧА АКЧА КАТАРЫ АЛТЫН-КҮМҮШТҮК СЫПАТКА ЭЭ. АЛТЫН-КҮМҮШКӨ КЫЯСТАЛЫП ЭМЕС, АЛТЫН-КҮМҮШТҮН БИР ТҮРҮ КАТАРЫНДА АКЧА АКЧАГА АЛМАШТЫРЫЛАТ. СЕБЕБИ, АКЧА АКЧА БОЛУШУ ҮЧҮН АЛТЫН-КҮМҮШКӨ ТАЯНАТ. БИРӨӨ БИР ЖЕРДИН КҮМҮШҮНӨ ОШОЛ ЖЕРДИН АЛТЫНЫН НАКМА-НАК САТЫП АЛЫП, АЛАРДЫ КӨРCӨТҮП ТУРУП «УШУЛ АЛТЫН ДИНАРДЫ УШУЛ КҮМҮШ ДИРХАМДАРГА САТЫП АЛДЫМ» ДЕСЕ ЖАНА ЭКӨӨCҮ ТЕҢ ОШОЛ ЖЕРДЕ БАР БОЛСО, БУЛ ИШ ЖАЙЫЗ. ДАГЫ БИРӨӨ КӨРСӨТПӨЙ БҮТҮМ ТҮЗҮП, БИР ЖЕРДИН АЛТЫНЫН БАШКА ЖЕРДИН КҮМҮШҮНӨ САТЫП АЛСА, МИСАЛЫ, «ЕГИПЕТТИН БИР ДИНАРЫН ХИЖАЗДЫН ОН ДИРХАМЫНА САТТЫМ» ДЕСЕ, БУЛ ДА ЖАЙЫЗ. СЕБЕБИ, АКЧАЛАРДЫН КАНДАЙЛЫГЫ КЕЛИШИМДЕ КӨРСӨТҮЛҮШҮ МЕНЕН ДАЙЫН БОЛОТ. НАТЫЙЖАДА, ДАЛ УШУЛ КЕЛИШИМДЕ КӨРСӨТҮЛГӨН АКЧАГА ЭЭ БОЛУНАТ. ДЕМЕК, АЛТЫНДЫ КҮМҮШКӨ САТУУ ЖАЙЫЗ. МЫНДА КҮМҮШ ДИРХАМ БОЛОБУ, ТАГЫНЧЫК БОЛОБУ, РУДА БОЛОБУ, АЙЫРМАСЫ ЖОК. О.Э. КҮМҮШТҮ АЛТЫНГА САТУУ ДА ЖАЙЫЗ. АЛТЫН ТАГЫНЧАК БОЛОБУ, ЖАМБЫ БОЛОБУ, РУДА БОЛОБУ, АЙЫРМАСЫ ЖОК. БИРОК, БУЛ СООДА КОЛМО-КОЛ НАКМА-НАК БОЛУШУ ШАРТ БОЛУП, ТЕҢМЕ-ТЕҢ ЖЕ АШЫК-КЕМ, САЛМАККА-САЛМАК, КӨТӨРҮМҮНӨ, ЖЕ БИРИН ТАРТЫП БИРИН КӨТӨРҮМҮНӨ БОЛУШУ МҮМКҮН. БИРДЕЙ АКЧА БИРИ-БИРИНЕ АЛМАШТЫРЫЛЫП ЖАТКАНДА БОЛСО ТЕҢМЕ-ТЕҢ БОЛУШУ ЛАЗЫМ. МИСАЛЫ, АЛТЫН АЛТЫНГА САТЫЛГАНДА ДИНАР, ТАГЫНЧЫК, ЖАМБЫ ЖЕ РУДА БОЛУШУНА КАРАБАСТАН, САЛМАККА-САЛМАК, НАКМА-НАК, КОЛМО-КОЛ БОЛУШУ КЕРЕК. АШЫК-КЕМ БОЛУШУ ТАПТАКЫР АДАЛ БОЛБОЙТ. МУСЛИМ УББОДА ИБН СОМИТТЕН РЫБАЯТ КЫЛАТ:
«سَمِعْتُ رَسُولَ اللَّهِ R يَنْهَى عَنْ بَيْعِ الذَّهَبِ بِالذَّهَبِ، وَالْفِضَّةِ بِالْفِضَّةِ، وَالْبُرِّ بِالْبُرِّ، وَالشَّعِيرِ بِالشَّعِيرِ، وَالتَّمْرِ بِالتَّمْرِ، وَالْمِلْحِ بِالْمِلْحِ، إِلاَّ سَوَاءً بِسَوَاءٍ، عَيْنًا بِعَيْنٍ، فَمَنْ زَادَ أَوْ ازْدَادَ فَقَدْ أَرْبَى»
«ПАЙГАМБАР RДЫН АЛТЫНДЫ АЛТЫНГА, КҮМҮШТҮ КҮМҮШКӨ, БУУДАЙДЫ БУУДАЙГА, АРПАНЫ АРПАГА, КУРМАНЫ КУРМАГА, ТУЗДУ ТУЗГА САТУУГА ТЕҢМЕ-ТЕҢ, НАКМА-НАК БОЛСО ГАНА УРУКСАТ БЕРГЕНИН, КИМ АШЫГЫ МЕНЕН АЛСА ЖЕ БЕРСЕ, РИБА КЫЛЫПТЫР ДЕГЕНИН УКТУМ». ДЕМЕК, АШЫК-КЕМ БОЛУШУ ТАПТАКЫР АДАЛ БОЛБОЙТ.
3. КОРРУПЦИЯ – АЗЫРКЫ КЕЗДЕ ПАРАКОРЛУКТУН САНЫ ОСУП БАРУУДА. УСТУБУЗДОГУ ЧИНОВНИКТЕР КОРРУПЦИЯГА ЖОЛ ЖОК ДЕГЕН ЛОЗУНГДАР МЕНЕН КАЙСЫ БИР УБАКЫТТАН БЕРИ КУРУ ЭЛЕ АЙТЫП КЕЛЕ ЖАТЫШАТ. ЭКОНОМИКАЛЫК КРИЗИСТИН БИРДЕН БИР СЕБЕБИ БУЛ-КОРРУПЦИЯ. ИСЛАМДА КОРРУПЦИЯ БОЛБОЙТ. ПАРАКОРДУН ТИЛИН КЕСИП ЖАЗАЛАЙТ.
4. РИБА-СУТКОРЛУК (КРЕДИТ, %(М: АЗЫРКЫ БАНКТАР, ФИНКА ЖАНА МИКРОКРЕДИТТИК КОМПАНИЯЛАР)).
ШАРИЯТ ӨЛЧӨМҮ АЗ ЖЕ КӨП БОЛУШУНА КАРАБАСТАН, СҮТКОРДУККА КАТЪИЙ ТЫЮУ САЛАТ. АНЫН АКЧАСЫ АНЫК АРАМ. ЭЧ КИМДИН АНЫ МҮЛК КЫЛЫП АЛУУГА АКЫСЫ ЖОК. ЭЭСИ ТАБЫЛСА, АГА КАЙТАРЫЛАТ. АЛЛА ТААЛА АЙТАТ:
}الَّذِينَ يَأْكُلُونَ الرِّبَا لا يَقُومُونَ إِلا كَمَا يَقُومُ الَّذِي يَتَخَبَّطُهُ الشَّيْطَانُ مِنَ الْمَسِّ ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ قَالُوا إِنَّمَا الْبَيْعُ مِثْلُ الرِّبَا وَأَحَلَّ اللَّهُ الْبَيْعَ وَحَرَّمَ الرِّبَا فَمَنْ جَاءَهُ مَوْعِظَةٌ مِنْ رَبِّهِ فَانتَهَى فَلَهُ مَا سَلَفَ وَأَمْرُهُ إِلَى اللَّهِ وَمَنْ عَادَ فَأُوْلَئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ{
– «СҮТКОР БОЛГОН АДАМДАР (КЫЯМАТ КҮНҮ МҮРЗӨЛӨРҮНӨН) ТУРУШПАЙТ, МАГАР, ЖИН ТИЙГЕН, МАЖНУН СЫМАЛ ТУРУШАТ. БУГА СЕБЕП АЛАРДЫН: «БАЙ ДАГЫ СҮТКОРДУКТУН ӨЗҮ-ГО?» – ДЕГЕНДИКТЕРИ. АКЫЙКАТТА БОЛСО, АЛЛА БАЙДЫ АДАЛ, СҮТКОРДУКТУ АРАМ КЫЛГАН. ДЕМЕК, КИМГЕ РОББИСИНЕН НАСААТ ЖЕТКЕН СОҢ (СҮТКОРДУКТАН) ТОКТОСО, АНДА МУРУНӨТКӨНҮ ӨЗҮНӨ ЖАНА АНЫН ИШИ АЛЛАГА (ТАПШЫРЫЛАТ) (Т.А. АЛЛА КААЛАСА КЕЧИРИЛЕТ) ЖАНА КИМ (СҮТКОРДУККА) КАЙТСА, ОШОЛОР ТОЗОК ЭЭЛЕРИ ЖАНА АНДА ТҮБӨЛҮК КАЛЫШАТ». [2:275]
ДАГЫ АЛЛА ТААЛА АЙТАТ:
}يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اتَّقُوا اللَّهَ وَذَرُوا مَا بَقِيَ مِنْ الرِّبَا إِنْ كُنتُمْ مُؤْمِنِينَ+فَإِنْ لَمْ تَفْعَلُوا فَأْذَنُوا بِحَرْبٍ مِنَ اللَّهِ وَرَسُولِهِ وَإِنْ تُبْتُمْ فَلَكُمْ رُءُوسُ أَمْوَالِكُمْ لا تَظْلِمُونَ وَلا تُظْلَمُونَ{
– «ЭЙ МОМУНДАР, АЛЛАДАН КОРККУЛА ЖАНА ЭГЕР ЧЫНЫГЫ МОМУН БОЛСОҢОР, СҮТКОРДУК САРКЫНДЫЛАРЫН ТАШТАГЫЛА. (Т.А. АДАМДАРГА БЕРГЕН КАРЫЗЫҢАРДАН ЧЫГА ТУРГАН ПАЙДАНЫ АЛБАГЫЛА). ЭМИ, ЭГЕР (БУЙРУГУБУЗДУ) КЫЛБАСАҢАР, АНДА АЛЛА ЖАНА ПАЙГАМБАРЫ ТАРАБЫНАН БОЛГОН СОГУШТУ БИЛИП КОЙГУЛА! ЭГЕР ТООБА КЫЛСАҢАР, МАЛЫҢАР ӨЗҮҢӨРГӨ– ЗАЛИМ ДА, МАЗЛУМ ДА БОЛБОЙСУҢАР». [2:278-279]
РИБАНЫН (СҮТКОРДУКТУН) ВОКЫЙЛЫГЫ – СҮТКОРДУН АДАМДАР ЭМГЕГИНЕН ЭКСПЛУАТАЦИЯ КЫЛЫП ПАЙДА АЛЫШЫНАН ТУРАТ. АЛ ЭМГЕКСИЗ КИРЕШЕ. СЕБЕБИ, ҮСТҮНӨ ПАЙЫЗ КОЮЛУП ЖАТКАН МАЛДЫН ЭЧ КАНДАЙ ЗЫЯНЫНА ТУШ БОЛБОГОН АБАЛДА ПАЙДАСЫ КЕПИЛДЕНГЕН. БУЛ ИШ«ЗЫЯН КӨРҮҮ ПАЙДА АЛУУ МЕНЕН БИРГЕ» ДЕГЕН КОИДАГА ТУУРА КЕЛБЕЙТ. ОШОНДУКТАН, МАЛДЫ ШЕРИКЧИЛИК, МУЗОРАБА СЫЯКТУУ ЖОЛДОР МЕНЕН ИШТЕТҮҮ БУЛАРДЫН ШАРТТАРЫ ТОЛУК ТАБЫЛГАНДА ЖАЙЫЗ. СЕБЕБИ, УШУНДАЙ КЫЛГАНДА АНДАН БҮТКҮЛ БИР ЖАМААТ ПАЙДАЛАНАТ. БИРӨӨЛӨРДҮН ЭМГЕКТЕРИ ЭКСПЛУАТАЦИЯ КЫЛЫНБАЙТ. ТЕСКЕРИСИНЧЕ, АЛАР ӨЗ МЭЭНЕТТЕРИ МЕНЕН МАЛДАН ПАЙДАЛАНУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮНӨ ЭЭ БОЛУШАТ. ИСЛАМДА КИМДЕ КИМ СУТКОРДУК МЕНЕН АЛЕКТЕНСЕ, АНЫН ЖАЗАСЫ – ДАРРАЛОО ЖАНА 3 ЖЫЛГА КАМАККА АЛЫНАТ.
ДЕМЕК, БИЗ ЭКОНОМИКАЛЫК КРИЗИСТИН КЕЛИП ЧЫГУУ СЕБЕПТЕРИН БИЛДИК ЖАНА ИСЛАМ БУЛ ЭКОНОМИКАЛЫК ПРОБЛЕМАЛАРГА ЧЕЧИМ БЕРДИ. ИСЛАМДА КОРРУПЦИЯ, РИБА-СУТКОРЛУК, МОНОПОЛИЯ Ж.Б. АЧЫК ЖАНА ЖАБЫК УЮМДАР БОЛБОЙТ. БУЛАРДЫН БАРДЫГЫ АРАМ. ИСЛАМ БУЛЛ НЕРСЕЛЕРГЕ ЖОЛ БЕРБЕЙТ. ИСЛАМДА ЭКОНОМИКАЛЫК КРИЗИС БОЛБОЙТ, АЛ БУЛ НЕРСЕНИ АЛДЫН АЛАТ. ОШОНДУКТАН БИЗ КАПИТАЛИЗМ СИСТЕМАСЫН ТОЛУГУ МЕНЕН ЖОК КЫЛЫП АНЫН ОРДУНА ИСЛАМ МАМЛЕКЕТИН ТИКЕЛОО КЕРЕК. ИСЛАМ ГАНА БАРДЫК ПРОБЛЕМАЛАРГА ЧЕЧИМ БЕРЕТ. КАПИТАЛИЗМДИН БАТКАГЫНАН БИЗДИ ИСЛАМ ГАНА ЧЫГАРАТ. АЛ ЭМИ ИСЛАМДЫ ТИКЕЛОО АР БИР МУСУМАНДАРГА ФАРЗ.
АЛЛАХЫМ СЕНДЕН СУРАНААРЫБЫЗ ДУЙНОДОГУ МУСУЛМАНДАРДЫН БАШЫН БИРИКТИРГИН. КОР БОЛУП, ЗУЛУМ КОРУП ЖАТКАН БИР ТУУГАН МУСУЛМАНДАРГА ЖАРДАМЫНДЫ БЕР. БУЛ ДУЙНОДО МУСУЛМАНДАРДЫ УСТОМ КЫЛГЫН, КААФЫРЛАРДЫ КОР КЫЛГЫН.
ЭЙ, АЛЛАХЫМ, БУЛ ДИНГЕ ЖАНА УММОТКО ТИЛЕП ЖАТКАН ДУБАМДЫ ЖУЗОГО ЧЫГАРУУГА, БУЛЛ ДИН ОКУМУН ТУРМУШ МАЙДАНЫНДА ТИКЕЛООГО, АННЫ ТИКЕЛЕГЕНДЕН КИЙИН АНЫН АКЫСЫН ОТООГО БИЗДИ ЫЛАЙЫКТУУ, ТАТЫКТУУ КЫЛЫШЫН СУРАЙМЫН.
ЭЙ, АЛЛАХЫМ, БИЗДИ ТУУРА ЖОЛГО САЛГЫН. ААЛАМДАРДЫН РОББИСИ БОЛГОН САГА МАКТООЛОР БОЛСУН. АМИНЬ.
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…
Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…
Басма сөз баянаты Бажы төлөмдөрү жана салыктардын кооп-коркунучтарына көңүл буруу үчүн Порт-Судандагы чоң базарда уюштурулган…