Курбан айт куттуктоосу

230
0

Курбан айт куттуктоосу

Аллоху акбар, Аллоху акбар, лаа илааха иллаллох, Аллоху акбар, Аллоху акбар ва лиллахил хамд

Бүткүл Ислам үммөтүн, анын ичинде Кыргызстан мусулмандарын, ажылык парзын өтөө үчүн Байтул-Харамда жүргөн ажыларыбызды, Исламий жашоону кайта алып келүү үчүн даъват алып барып жаткан даъватчы боордошторубузду Курбан Айт майрамы менен куттуктайбыз. Аллах Таала даъватчыларыбыздын иштерине ийгилик берсин, мусулмандардын айт намаздарын жана курбандыктарын, ажыларыбыздын зыяраттарын кабыл кылсын.

Бир учурда дааватчылар Кыргызстанда айт майрамдарын майрамдоого чакырганы үчүн куугунтукталып, камакка да алынган эле. Арадан убакыт өтүп, калктын калың катмары айт майрамдарын белгилей баштады. Калктын артынан болсо бийликтеги расмий адамдар да майрамдай турган болушту.

Ооба, бүгүнкү күндө үстүбүздө светтик түзүм колдонулуп жаткандыктан, ар бир исламий баалуулук коомго мээнет жана машакат менен кирип келиши талашсыз. Ошол эле учурда, расмий бийлик коомдук пикир менен эсептешип, ага ылайык чечимдерди кабыл алуусун унутпашыбыз керек. Андыктан, коомго Исламды жеткирүүгө мал-жанын арнап даават кылып жаткан дааватчыларга каршы зулумдуктарга, камоо жана куугунтуктарга кайдыгер карабашыбыз зарыл. Анткени, кайдыгерлик азан чакырган короздун тамсили сыяктуу ар бир мусулмандын башына зулумдуктун келишин шарттайт. Ошондуктан, бийликтин дааватчыларды “экстремизм” шылтоосу менен коомдон бөлүү аракеттерине, ар бир исламий баалуулкка каршы чечимдерине каршы туруубуз шарт.

Эл аралык абал болсо чоң өзгөрүүлөр алдында турат. “Араб жазынан” башталган дүйнөлүк кризис Ооганстандагы төңкөрүш, Украина согушу жана Палестинадагы кыргынга жетип келди. Америка менен Кытайдын атаандаштыгы, Америка ичиндеги саясий чыңалуу дүйнөлүк тартиптин өзгөрүүгө карай багытын тездетип жатат. Айрыкча, Газадагы кыргындар дүйнөлүк системанын канчалык эки жүздүү, адилетсиз экенин, ал эми мусулман жетекчилеринин кыянатчылыгын ачык көрсөттү. Бул адилетсиздик жана газалыктардын бекем позициясы каапыр элдердин Исламды топ-тобу менен кабыл алуусуна түрткү болууда.

Өкүнүчтүүсү, алты жүз күндөн ашык убакыттан берип жасалып жаткан кыргындар, газалыктарды блокадада ач-жылаңач калтырган абал мусулман армияларды кыймылга келтирбей жатышы. Жетишет, эй, мусулман өлкөлөрүндөгү армиялар! Газадагы боордошторуңарга жардам берүүгө шашылгыла. Эгер мусулман өлкөлөрүндөгү залим режимдер жолуңарга тоскоол болсо, аларга олуттуу каршылык көрсөткүлө… Расулуллах ﷺдын Халифалыктын тикелениши жөнүндөгү башаратын жүзөгө чыгаруу үчүн алардын урандылары үстүнө Аллахтын өкүмүн, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелегиле. Расулуллах ﷺ айтат:

«ثُمَّ تَكُونُ مُلْكًا جَبْرِيَّةً، فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا. ثُمَّ تَكُونُ خِلاَفَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ. ثُمَّ سَكَتَ»

«Кийин жабыр көрсөтүүчү залим падышалык болот жана ал Аллах каалаганча турат. Кийин Аллах Өзү каалаганда аны көтөрөт. Кийин пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот. Андан соң Пайгамбар (с.а.в) сүкүт кылды». (Имам Ахмад муснады)…

          Андыктан, мезгил Пайгамбардын (с.а.в) кушкабарына ылайык болуу мезгили. Учур Алланын нусратына татыктуу болуу учуру.

﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾

«Ошол күндө момундар Аллахтын нусраты себептүү шаттанышат. (Аллах) Өзү каалаган кишисине нусрат берет. Ал кудурет жана ырайым ээси» [30:4-5].

Хизб ут Тахрирдин Кыргызстандагы маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here