Басма сөз баянаты
Эл кыргынга туш келген убакта мамлекет жасалма көз карандысыздыкты майрамдоого мажбурлап жатат!
Иордания эли “көз карандысыздык майрамын” белгилеп жаткан учурда, Газанын ичинде сабырдуу жана бекем турган бир мусулман аял дарыгер, заматта тогуз баласын жоготту. Алардын баары бир нече секундда аскер учагынан атылган ракета менен үйүндө жок кылынды. Бул адамзат тарыхында болуп көрбөгөн жапайычылык!
Үммөттүн жүрөгүн тешкен мындай көрүнүштөрдүн алдында баскынчы яхудийлердин адам өлтүрүүсү, ачарчылыкка таштоосу жана жер жүзүн кыйратуусу уланууда. А бирок, мусулмандардын жүрөгү эч козголбой, исламий бир туугандык сезими өлүп калгандай. Ал тургай, Аллах Тааланын:
﴿وَإِنِ اسْتَنصَرُوكُمْ فِي الدِّينِ فَعَلَيْكُمُ النَّصْرُ﴾
“Эгер алар дин маселесинде силерден жардам сураса, анда жардам берүү силерге парз.” (Анфал сүрөсү, 72-аят) — деген буйругуна ылайык аскер жиберүү эмес, жок дегенде жесирлер менен жетимдердин, ачкачылык жана кайгы тарткандардын абалын тең бөлүшпөстөн, кайдыгер болуп калдык. Ал эми Аллах Таала силерди бүткүл адамзат арасынан бөлүп, бир үммөткө айланткан эмес беле?
﴿وَإِنَّ هَذِهِ أُمَّتُكُمْ أُمَّةً وَاحِدَةً وَأَنَا رَبُّكُمْ فَاتَّقُونِ﴾
«Шек-күмөнсүз (баарыңардын) диниңер – бир дин (атап айтканда Ислам). Мен болсо силердин Раббиңермин, демек, Менден гана корккула!» (Му’минун сүрөсү, 52-аят).
Жок, Аллага ант, Иордания элинин басымдуу бөлүгүнүн тамырындагы кан кайнап, диндеш бир туугандарын куткарууга болгон каалоосу күчөп турат! Бул нерсени режим жакшы билет жана элдин кыжырынан коркуп турат. Бирок элдин бул сезимин чыныгы, акыйкат жардамга багыттоонун ордуна, бардык көңүл “көз карандысыздык” деген жасалма майрамга бурулуп жатат. Анткени бул көз карандысыздык эмес, өлкө толугу менен колонизатор кафирлердин аскерий базалары менен капталган, экономикасы эл аралык колонизатор банктарына көз каранды жана үммөт үчүн бир да эгемен чечим кабыл алууга жарабайт. Иордания өкмөтү яхудий түзүмүнүн кылган кылмыштарын жанында туруп, турист жаратылышты карагандай карап турат.
Бул геноцид яхудий түзүмү тарабынан текебердик менен жасалууда. Алар жазаланбасын билип туруп, кылмыштарын ушундай тайманбастык менен жасап жатышат. Андай болсо, ушул “жасалма көз карандысыздыктын” шартында Иорданиянын асманында фейерверктерди жардырып майрамдаган ким? Ошол эле учурда Газанын асманын кыйратуучу жана өлтүрүүчү ракеталар каптап турат! Расмий маалымат каражаттарында Иорданиянын “көз карандысыздыктан” берки экономикалык “жетишкендиктерин” даңазалап жаткан ким? Ал эми өлкө өзү колонизатордук карыздарга, жумушсуздукка, жакырчылыкка батып, байлыктарын чет элдик колонизатордук инвестициялар аркылуу сатып жаткан жокпу? Өлкөдөгү коррупция узак жылдар бою уланып, калкты суусуздукка жеткиргенден кийин, ушул кырдаалды яхудий түзүмү менен “нормалдашуу” келишимдерин актоо үчүн шылтоо кылган ким? Ушунун баарын кылган ошол режим жана анын кызматкерлери эмеспи?
Чын-чынында, “көз карандысыздык” идеясынын өзү бул колонизаторлор ойлоп тапкан, үммөттү бөлүп-жарган идея. Ал эми бул үммөт бир гана динге ишенген, бир эле ыйман жана мабда менен бириккен үммөт. Бул үммөт бир башкаруу системасы менен жашап келген. Бул системаны Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ Медина шаарында исламий мамлекетти негиздөө менен орноткон. Андан бери бүт Ислам тарыхында, 1924-жылга чейин ушул башкаруу системасы колдонулуп келген. Дал ошол 1924-жылы кылымдын кылмышкери Мустафа Кемал тарабынан исламий мамлекет кулатылган. Ошондон соң кафир колонизаторлор мусулмандардын жерин бөлүп-жарууга мүмкүнчүлүк алышты жана аны 50дөн ашуун алсыз “улуттук мамлекеттерге” бөлүп салышты. Ар бирине алар өзү түзгөн, өзүнө баш ийген башчыларды дайындашты. Бул башчылар бийликте калуу үчүн “улуттук мамлекет” деген түшүнүктү жайылтышты жана үммөттү улуу Ислам мамлекетиндеги жаркын тарыхынан бөлүп, обочолонтуу үчүн ар бир мамлекетке өзүнчө жалган тарых жаратышты.
Демек, бул жасалма “көз карандысыздык майрамдарын” уюштуруп, элге мажбурлап таңуулап жаткан дал ушул башкаруучу режим. Элдин жүрөгү болсо Газадагы бир туугандарын куткара албаганы үчүн ачуу, кайгы жана нааразычылык менен тыбырчылап турат. Бул режим үммөттү өзүнүн башкаруусунда “улуу доор башталды” деген жалган элес менен алдап, өзүнө даңк издеп жатат. Бул вакыйлыгы болбогон, жалган идеялардан түзүлгөн ураандар менен коштолгон “патриотизм” аркылуу ишке ашып жатат. Мунун максаты үммөттү бириктирген ыйман жана пикир байланышын жокко чыгарып, анын ордуна жалган улутчулдукту коюу. Ал эми ошол рухий байланыш үммөттү мурдагы улуулугуна кайтарып, Аллахтын ыраазылыгына жетүү үчүн Анын шариятын ишке ашырып, диндеш бир туугандарын колдоо менен, баскынчы колонизатор кафирлерди жана алардын аскерий базалары менен компанияларын мусулмандардын жеринен кууп чыгарууга мажбур кылмак.
Демек “көз карандысыздыкты” майрамдап жаткан ким? Бул мусулмандардын биримдигине чек коюп, Аллах Таала буйрук кылган биримдикти токтотуп, чек араларды сактап калууда кызыкчылыгы бар адамдар. Алар үчүн яхудий түзүмү жана Америка менен болгон келишимдер мусулмандардан болгон мазлумдарды коргоодон жана Аллахтын ыраазылыгына жетүүдөн маанилүүрөөк.
Элдин үнүн басып, исламды ишеним жана мамлекет катары чакырган ар бир адамды камап, коркутуп, кордоп жаткан бул режим. Алар Аллахтын өкүмдөрүнө каршы келген “мамлекеттик саясат” менен элди баш ийүүгө үндөп жатат. Расмий маалымат каражаттарында өзүн “мекенчил” көрсөтүп, бирок зулум кылгандарга багынып, аларды колдогон мындай адамдар туурасында, балким, Аллах Тааланын бул сөзү тиешелүү болуп калат:
﴿رَبَّنَا إِنَّا أَطَعْنَا سَادَتَنَا وَكُبَرَاءنَا فَأَضَلُّونَا السَّبِيلَا﴾
“Оо Раббибиз, чындыгында, биз башчыларыбызга жана чоңдорубузга моюн сундук, анан, алар бизди (туура) жолдон адаштырышты”. (Ахзаб сүрөсү, 67-аят).
Булардын баары үммөттүн ниетин дагы да бекемдеп, каары менен нааразылыгын арттырат. Үммөт бул кордукту, бул пас абалды кимдер алып келгенин өз тарыхында так катары сактап калат. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«ما من امرئٍ يخذلُ مسلمًا في موطنٍ يُنتَهكُ فيهِ حرمتُهُ، ويُنتقَصُ فيهِ عِرضُهُ إلا خذلَهُ اللهُ في موطنٍ يُحبُّ فيهِ نُصرتَهُ، وما من امرئٍ ينصرُ مسلمًا في موطنٍ يُنتقَصُ فيهِ من عِرضِهِ وتُنتَهكُ فيهِ حرمتُهُ إلا نصرَهُ اللهُ عزَّ وجلَّ في موطنٍ يُحبُّ فيهِ نُصرتَهُ»
«Эгер бир адам мусулмандын ар-намысы тепселенип, ыйыктыгы тебеленген жерде ага жардам бербей, колдобой койсо, анда Аллах Таала аны жардамга муктаж болгон жеринде жалгыз калтырат. Ал эми кимде-ким ошондой жерде мусулманды колдосо, Аллах Таала аны да жардамга муктаж жеринде колдойт». (Хадисти Абу Дауд жана Ахмад риваят кылган).
Эми, ушул хадиске карата өзүңөрдүн абалыңар кандай экенин карагылачы? Өлкө болсо, калктын каражатын “жасалма көз карандысыздыкты” белгилеген майрамдарга жумшап, ошол эле учурда исламдагы бир туугандарын жалгыз таштап, колдобой жатат! Ал эми Аллах Таала мындай деп айтат:
﴿وَاعْتَصِمُواْ بِحَبْلِ اللَّهِ جَمِيعًا وَلَا تَفَرَّقُواْ وَاذْكُرُواْ نِعْمَةَ اللَّهِ عَلَيْكُمْ إِذْ كُنتُمْ أَعْدَاءً فَأَلَّفَ بَيْنَ قُلُوبِكُمْ فَأَصْبَحْتُم بِنِعْمَتِهِ إِخْوَانًا وَكُنتُمْ عَلَى شَفَا حُفْرَةٍ مِّنَ النَّارِ فَأَنقَذَكُم مِّنْهَا كَذَلِكَ يُبَيِّنُ اللَّهُ لَكُمْ آيَاتِهِ لَعَلَّكُمْ تَهْتَدُونَ﴾
“Бардыгыңар Алланын жибине (Куранга) байлангыла жана бөлүнбөгүлө! Ошондой эле Алланын силерге берген неъматын эстегиле: бири-бириңерге душман болгон убагыңарда дилдериңерди достоштуруп койду эле, силер Анын неъматы себептүү бир тууган болуп калдыңар. Тозоктон болгон бир чуңкурдун жакасындатурган элеңер, силерди андан куткарды. Акыйкатжолду табышыңар үчүн Алла силерге Өз аяттарын мына ушундай баян кылат”. (Али Имран сүрөсү, 103-аят).
Хизб ут-Тахрирдин Иордания вилаятындагы маалымат бөлүмү
25.05.2025





where to get steroids bodybuilding
References:
https://vila.go.ro/priscillacaven
hgh kaufen
References:
hedgedoc.digillab.uni-augsburg.de