Макала

Орозодо оозду жабуу жана ачуу убактысы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Орозодо оозду жабуу жана ачуу убактысы

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун

حَدَّثَنَا سَعِيدُ بْنُ أَبِي مَرْيَمَ، حَدَّثَنَا ابْنُ أَبِي حَازِمٍ، عَنْ أَبِيهِ، عَنْ سَهْلِ بْنِ سَعْدٍ، حَدَّثَنِي سَعِيدُ بْنُ أَبِي مَرْيَمَ، حَدَّثَنَا أَبُو غَسَّانَ، مُحَمَّدُ بْنُ مُطَرِّفٍ قَالَ حَدَّثَنِي أَبُو حَازِمٍ، عَنْ سَهْلِ بْنِ سَعْدٍ، قَالَ أُنْزِلَتْ {وَكُلُوا وَاشْرَبُوا حَتَّى يَتَبَيَّنَ لَكُمُ الْخَيْطُ الأَبْيَضُ مِنَ الْخَيْطِ الأَسْوَدِ} وَلَمْ يَنْزِلْ مِنَ الْفَجْرِ، فَكَانَ رِجَالٌ إِذَا أَرَادُوا الصَّوْمَ رَبَطَ أَحَدُهُمْ فِي رِجْلِهِ الْخَيْطَ الأَبْيَضَ وَالْخَيْطَ الأَسْوَدَ، وَلَمْ يَزَلْ يَأْكُلُ حَتَّى يَتَبَيَّنَ لَهُ رُؤْيَتُهُمَا، فَأَنْزَلَ اللَّهُ بَعْدُ {مِنَ الْفَجْرِ} فَعَلِمُوا أَنَّهُ إِنَّمَا يَعْنِي اللَّيْلَ وَالنَّهَارَ. سنن ابن ماجه

Саид бин Абу Марьям Сахл бин Саъддан риваят кылат. Айтты: 

{وَكُلُوا وَاشْرَبُوا حَتَّى يَتَبَيَّنَ لَكُمُ الْخَيْطُ الأَبْيَضُ مِنَ الْخَيْطِ الأَسْوَدِ}

“Ак жип кара жиптен ажыратылганга чейин ичип жегиле” аяты өзүнчө түшкөн эле. Анын уландысы фажр (Таң атуу) сөзү бар аяты түшкөнгө чейин эркектер орозо кармагысы келсе, алардын бири ак жип менен кара жипти бутуна байлап койчу. Ал эки жип бири биринен айырмалангычакты ичип жей берчү. Анан Аллах {مِنَ الْفَجْرِ} {таң аткандан}  аятын түшүрдү. Ошондо алар бул түн менен күндү билдирерин билишкен”. (Сунан Ибн Маажа).

Сүйүктүү бир туугандар.

Сөздөрдүн эң жакшысы – Аллах Тааланын сөзү, ал эми туура жолдун эң жакшысы – Анын Пайгамбары Мухаммад (с.а.в)дын жолу.

Бул текстте ооз жабуу качан башталып, качан ачылышы керектиги айтылды. Бул хадисте жана башка нусустарда Аллах Таала белгилеген жана Анын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) бизге жеткирген белгилер менен байланыштырылды. Орозо күн чыкканда башталып, күн батканда бүтөөрүн аныктоо кээ бир адамдар үчүн эки ача болушу мүмкүн. Ошондуктан, бул аят тактоо жана тастыктоо катары түшүрүлдү. Аят толугу менен түшө электе, мусулмандар анын мааниси, орозонун башталышынын белгиси адамдын ак жана кара түстөрдү бири-биринен айырмалоосу деп ойлошкон. Караңгыда, жарык колдонулбаса, эки жипти бири ак, экинчиси кара деп айырмалоо мүмкүн эмес. Мусулмандар таң агарганча эки түс айырмалангыча күтүшчү. Бирок аяттын уландысы (من الفجر) “таңдан баштап” түшкөндөн кийин мусулмандар максат жип эмес, асман экенин билишти. Башкача айтканда, таңдын агаруусу түндүн караңгылыгынан айырмаланганга чейин экенин билишти. Ал эки жипке, ак менен карага салыштырылган. Анткени, эң биринчи көрүнгөн нерсе горизонтту кесип өткөн таң менен бирге созулган түндүн караңгылыгы ак  кара жип сымал. Ал эми  ооз ачуунун башталышынын убактысы тууралуу башка көптөгөн тексттерде айтылган, бул күн баткандан кийин жана шам намазынын шарьий убактысы башталганга чейин. Ушул учурда ооз ачууга уруксат берилет. Ошол сыяктуу эле багымдат намазынын шарьий убактысынын башталышы орозо кармоонун башталышы болуп саналат. Орозо ибадат анын башталышы жана бүтүшү намаз убактылары  менен байланышкан. Көптөгөн факихтер көптөгөн өкүмдөрүндө орозо менен намазды байланыштырып, ал экөөнү мусулман адам ибадаттарда бирге алып жүрүүсү менен байланыштырышкан.

Биз мусулмандар бул ибадатты Аллах бизге буйруган убакта жана шартта кантип кылууну билүүгө дилгир болушубуз керек. Аллах Таала бизге каалаган ибадаттарды жана башка нерселерди аткаруу үчүн динибизде эмнеге муктаж экенибизди билүүгө өзүбүздү тарбиялоо парз.

Орозо, намаздарыбызды Аллахтан берекелүү болушун, Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) алып келген нерсени карманып, аны билүүгө ашык болушубузду жана Аллах каалагандай жана Ал сүйгөндөй орозо кармообузду сурайбыз.  Аамиин.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 5-рамазан.

2025-ж, 5-март.

turkistonkg

Recent Posts

Бүгүн шаввал айынын жаңыруусу күзөтүлөт

Бүгүн шаввал айынын жаңыруусу күзөтүлөт Бүгүн Рамазан айынын жыйырма тогузу, ишемби күнү Шаввал айынын жаңыруусу…

11 hours ago

Орозо жана Куран Кыяматта пендеге шапаат кылат

Бисмиллахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Орозо жана Куран Кыяматта пендеге шапаат кылат Урматтуу бир…

11 hours ago

Америка хусийлерге каршы сокку уруп, Ирандын аймактагы таасирин чектөөнү көздөөдө

Америка хусийлерге каршы сокку уруп, Ирандын аймактагы таасирин чектөөнү көздөөдө Автор: Устаз Абдуллах Аль-Хадрами –…

17 hours ago

Айт намазы аянтта окулбайт

Айт намазы аянтта окулбайт Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) Орозо айт намазы 30-мартта жума-мечиттерде өтөрүн…

1 day ago

Рамазан айынын акыркы он күнүнүн пазилети

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Рамазан айынын акыркы он күнүнүн пазилети Урматтуу бир туугандар…

1 day ago

Рамазан айында итикаф

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Рамазан айында итикаф Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 day ago