Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Орозо менен өткөн күнөөлөрдүн кечирилиши
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун
حَدَّثَنَا مُسْلِمُ بْنُ إِبْرَاهِيمَ، حَدَّثَنَا هِشَامٌ، حَدَّثَنَا يَحْيَى، عَنْ أَبِي سَلَمَةَ، عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ ـ رضي الله عنه ـ عَنِ النَّبِيِّ صلى الله عليه وسلم قَالَ: “مَنْ قَامَ لَيْلَةَ الْقَدْرِ إِيمَانًا وَاحْتِسَابًا غُفِرَ لَهُ مَا تَقَدَّمَ مِنْ ذَنْبِهِ، وَمَنْ صَامَ رَمَضَانَ إِيمَانًا وَاحْتِسَابًا غُفِرَ لَهُ مَا تَقَدَّمَ مِنْ ذَنْبِهِ “.سنن ابن ماجه
Муслим бин Ибрахим Абу Хурайрадан (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам)дын ушундай дегенин риваят кылат: “Кимде-ким ыйман жана сооп үмүтү менен Кадыр түндү тоссо, анын мурунку күнөөлөрү кечирилет. Кимде-ким ыйман жана сооп үмүтү менен Рамазан айында орозо кармаса, анын мурунку күнөөлөрү кечирилет”. (Сунан ибн Маажа).
Урматтуу бир туугандар!
Сөздөрдүн эң жакшысы – Аллах Тааланын сөзү, ал эми туура жолдун эң жакшысы – Анын Пайгамбары (с.а.в)дын жолу.
Биз бул ыйык айда орозо кармагандар үчүн өтө маанилүү болгон нерселерди бул асыл хадистен баяндайбыз. Биринчиси, Алла Тааланын ырайымынан жана кечириминен тилеп кадыр түндү ибадат менен өткөрсөк, анда Аллах Таала бизди күнөөлөрдөн тазалап, жаңы, таза барак ачат. Биз кылган күнөөлөрдүн баары болбогондой жуулат. Бул Аллахтын адамдардын бейишке кирүүсү үчүн улуу ырайымы, рахматы жана камкордугу. Аларды Адам (алейхи салам) жаратылган жерге кайтаруусу. Аллах бизди кечирүүсү үчүн кадыр түнү Ага ыйман келтирип, Анын бардык нерсенин Жаратуучусу, Ырайым кылуучусу экенине толук ишенүү менен турушубуз керектигин шарттады. Ошондой эле ишибизди Аллах Таалага арнашыбызды, максатыбыз аны ыраазы кылуу жана Ага эч кимди шерик кылбоо болушун шарт кылды. Бул миң айдан да жакшыраак болгон бир гана түн болгон Кадыр түндө ишке ашат.
Бул маанилүү иштердин экинчиси, Рамазандын түндөрүндө туруп ибадат кылып, Аллахка ыйман келтирип, Анын соопторун күтүү менен орозо кармоо. Муну менен Алла Таала буйруктарына каршы кылган күнөөлөрүбүздү кечирет. Аллах Таала баардык учурларда ширктен башкасынын баарын кечирет. Бул жерде Аллахтын бардык өткөндөрдү кечирүү менен мээримин төгүүсү үчүн ачык жана зарыл шарт бар. Ал Улуу Затка болгон ыклас жана Анын Жаратуучу, Бар кылуучу жана бардык нерсеге Кудуреттүү экенине шексиз ишенүү. Орозодо, намазда жана башка амалдарда Ага эч кимди шерик кылбообуз шарт. Ошондо биз чоң сыйлыкка, баардык күнөөлөрүбүздүн кечирилишине татыктуу болобуз жана биз өмүрүбүздүн биринчи жолу баштаган ак барагына кайтып келебиз.
Бул эки маселе күнөөкөрдү эсине келип, акылын пайдаланууга жана алтын мүмкүнчүлүктү пайдаланууга үндөйт. Алла Таала амалдарыбызды кабыл кылуусу үчүн жакшы амалдарды жасоого чечкиндүү болушубуз керек жана ал амалдарда талыкпай аракет кылышыбыз зарыл.
Биз бул сыйлыкты алуубуз үчүн Улуу Аллахтын алдында ишенимдүү жана чын ыкластан аракет кылуубуз шарт, ошондо биз Улуу Аллах менен жаңы баракты ачабыз. Аллахтан күнөөлөрүбүздү кечирип, кармаган орозобузду кабыл кылуусун тилейбиз. Бизди өз алдындагы нерселердин эң жакшысы менен сыйласын жана бул айда кечирилүүчү жана ырайым кылынуучулардан бололу. Аллахым бизди ар дайым жакшы иштерди аткаруучулардан кылсын Аамиин.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1446-х, 8-рамазан.
2025-ж, 8-март.
Бүгүн шаввал айынын жаңыруусу күзөтүлөт Бүгүн Рамазан айынын жыйырма тогузу, ишемби күнү Шаввал айынын жаңыруусу…
Бисмиллахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Орозо жана Куран Кыяматта пендеге шапаат кылат Урматтуу бир…
Америка хусийлерге каршы сокку уруп, Ирандын аймактагы таасирин чектөөнү көздөөдө Автор: Устаз Абдуллах Аль-Хадрами –…
Айт намазы аянтта окулбайт Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) Орозо айт намазы 30-мартта жума-мечиттерде өтөрүн…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Рамазан айынын акыркы он күнүнүн пазилети Урматтуу бир туугандар…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Рамазан айында итикаф Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…