Макала

Орозо бул калкан

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Орозо бул калкан

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун/

حَدَّثَنَا عَبْدُ اللَّهِ بْنُ مَسْلَمَةَ، عَنْ مَالِكٍ، عَنْ أَبِي الزِّنَادِ، عَنِ الأَعْرَجِ، عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ ـ رضى الله عنه ـ أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم قَالَ: “الصِّيَامُ جُنَّةٌ، فَلاَ يَرْفُثْ وَلاَ يَجْهَلْ، وَإِنِ امْرُؤٌ قَاتَلَهُ أَوْ شَاتَمَهُ فَلْيَقُلْ إِنِّي صَائِمٌ. مَرَّتَيْنِ، وَالَّذِي نَفْسِي بِيَدِهِ لَخُلُوفُ فَمِ الصَّائِمِ أَطْيَبُ عِنْدَ اللَّهِ تَعَالَى مِنْ رِيحِ الْمِسْكِ، يَتْرُكُ طَعَامَهُ وَشَرَابَهُ وَشَهْوَتَهُ مِنْ أَجْلِي، الصِّيَامُ لِي، وَأَنَا أَجْزِي بِهِ، وَالْحَسَنَةُ بِعَشْرِ أَمْثَالِهَا”. سنن ابن ماجه

Абдуллах бин Маслама Абу Хурайрадан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Орозо бул калкан. Демек, уятсыз, наадандык сөздөрдү айтпоо керек. Эгер кимдир бирөө аны менен урушса, же кемсинтсе, “мен орозомун” деп эки жолу айтсын. Жаным колунда болгон Затка ант болсун, орозо кармаган адамдын оозунан чыккан жагымсыз жыты Алла Тааланын алдында мисктин жытынан да жакшыраак”. Алла Таала айтат: “Ичип-жей турган азыгын жана каалоосун Мен үчүн таштайт. Мен анын соопторун берем, ар  бир жакшылыкка он эселенип сооп берилет”. (Сунан ибн Маажа).

Урматтуу бир туугандар!

Сөздөрдүн эң жакшысы – Аллах Тааланын сөзү, ал эми туура жолдун эң жакшысы – Анын Пайгамбары Мухаммад (с.а.в)дын жолу.

Бул асыл хадис бизди Аллах алдында улуу болгон бул айда этият болушубуз жана кам көрүшүбүз керек болгон иштерге багыттайт. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) орозо – бул калкан б.а. биз үчүн калкан жана кыямат күнүндө биз үчүн далил болуп коргой ала турганын айтты. Бизге орозодо уятсыз жана наадан сөздөрдү айтпоо буюрулду. Орозо кармоонун парзына каршы келген эч бир сөз же иш бизден чыкпасын. Аллах Таала, биз атайылап ката кетирбөөбүз үчүн, биз өзүбүзгө жаккан жана каалаган нерсеге эмес, Аллах Таала буйруган нерселерге өтө кылдаттык менен мамиле кылуубузду буйруду. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) кошумчалагандай, бул айда туура жүрүм-турум маанилүү. Кимдир бирөө биз менен урушууну кааласа, же иш менен болобу, сөз менен болобу, бизди кыжырданта турган бир нерсе жасаса, орозобузга уятсыздык жана наадандык сөздөр кирип кетпеши үчүн бизди адашуудан тосту. Бул учурда “Мен орозомун” деп айтууну буйруду. Башкача айтканда, Мен Жаратканыма жакындаткан улуу иш кылып жатам дегени. Ошол эле учурда жеп, ичүүдөн жана күнөө кылуудан алысмын дегени. Биз муну Аллах Тааланын ыраазычылыгы үчүн кылып жатканыбызды тастыктоо жана урушуп жаткан адамын токтотуу үчүн эки жолу айтууну буйруду.

Бул хадис орозо кармаган адам кыжаалат болгон нерсени, бул орозодо ооздон чыккан жагымсыз жыт Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) бул жыт зыяндуу болсо да, Аллах үчүн мисктин жытынан да жакшыраак жана жагымдуураак экенин бизге кабарлады. Бул сабырдуу болууга жана башкаларга (оозунан чыккан жагымыз жытка) нааразы болбоого үндөйт. Анткени мусулмандын негизги принциби – Аллах жакшы көргөндү жакшы көрүүсү, Аллах жек көргөндү жек көрүүсү керек. Демек, биз бул жагымсыз жытка Аллахка болгон сүйүүбүз үчүн наалыбайбыз жана бул үчүн да соопту алабыз.

Хадис адамдын жеп-ичүү менен жашашына, булар ал үчүн бул дүйнөдө сыноо экенине ишарат кылды. Орозо кармаган адамдын тарткан кыйынчылыгын жана курмандыгын Аллах билет. Орозо кармоого болгон ниетин да билет, Аллах Таалага жакындаш үчүн орозо кармадыбы же жокпу аны да билет. Мусулмандын кылган бардык амалдары Аллах үчүн болушу керек, бирок бул маселеде орозо башкачараак. Кыйынчылыктын даражасына жараша сообу калтырылган. Аллах Таала ар бир пенденин аракетине, кыйынчылык тарткан даражасына жараша сыйлык берет. Ар бир  кылынган жакшы амал он эсеге көбөйөт жана мунун баары Аллах Тааланын жоомарттыгынын жана салих пенделерине болгон сүйүүсүнүн белгиси.

Аллахтан бизди ушул берешендикке татыктуу кылуусун жана бардык амалдарыбызды Аллахтан кабыл кылуусун тилейбиз. Туткан орозобузду, тилеген дуаларыбызды кабыл кылсын, Кыяматта эң жакшы сооп менен сыйласын Ааамиин.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 10-рамазан.

2025-ж, 10-март.

turkistonkg

Recent Posts

Бүгүн шаввал айынын жаңыруусу күзөтүлөт

Бүгүн шаввал айынын жаңыруусу күзөтүлөт Бүгүн Рамазан айынын жыйырма тогузу, ишемби күнү Шаввал айынын жаңыруусу…

11 hours ago

Орозо жана Куран Кыяматта пендеге шапаат кылат

Бисмиллахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Орозо жана Куран Кыяматта пендеге шапаат кылат Урматтуу бир…

11 hours ago

Америка хусийлерге каршы сокку уруп, Ирандын аймактагы таасирин чектөөнү көздөөдө

Америка хусийлерге каршы сокку уруп, Ирандын аймактагы таасирин чектөөнү көздөөдө Автор: Устаз Абдуллах Аль-Хадрами –…

17 hours ago

Айт намазы аянтта окулбайт

Айт намазы аянтта окулбайт Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) Орозо айт намазы 30-мартта жума-мечиттерде өтөрүн…

1 day ago

Рамазан айынын акыркы он күнүнүн пазилети

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Рамазан айынын акыркы он күнүнүн пазилети Урматтуу бир туугандар…

1 day ago

Рамазан айында итикаф

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Рамазан айында итикаф Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 day ago