Бишкек мэриясы кыймылсыз мүлккө салыкты жогорулатууну сунуштады
Бишкек мэриясы кыймылсыз мүлккө болгон салыкты жогорулатууну сунуштоодо. Токтомдун долбоору шаардык кеңешке жөнөтүлдү.
Маалыматка ылайык, дубалдын материалына жана колдонуу мөөнөтүнө карабастан бирдиктүү коюм катары 1 чарчы метрге 75 сом белгилөө сунушталды. Бул учурда иштеп жаткан салыктын көлөмүнөн 12 сомдон 49,8 сомго чейин көптүк кылат.
Комментарий:
Кыргыз бийлиги бюджетти толтуруу убадасын бергенден кийин бир катар салык жана төлөмдөрдүн санын көбөйтүү менен калктын жонунан кайыш тилип келүүдө. Буга чейин жол эрежесин бузгандарга айып пулдар эселеп өсүп, жол салыгы киргизилген. Буга кошумча, акыркы бир жыл ичинде эле светтин баасы 11 пайызга кымбаттап, май айынан тарта дагы 26 тыйын кымбаттатуу пландалып жатат. Ал эми, жылуулук жана ысык суунун тарифи үч эсе кымбаттады. Соодагерлерге ККМ орнотуу менен бюджеттин дээрлик жарымын түзгөн НДС салыгын көтөрүү аракети жүрүп жатат. Бул салыктар айланып келип эле калк сатып алган негизги товарлардын баасы кымбатташына алып келет.
Ушундайча карапайым калктын жүгү барган сайын оорлоп жатса, бир ууч капиталисттердин байлыгы артып барууда. Маселен, өлкөдөгү сүткор банктардын өткөн жылдын 9 айдагы эле кирешеси 115 млрд сомго жеткен.
Мунун каршысында Ислам түзүмүндө, мамлекет өз иштерин жүргүзүү үчүн салык салууга муктаж болбойт. Ал эми, калктын жалпы кызыкчылыктарына тиешелүү муктаждыктарга адамдардын бардыгы шерик болгон умумий мүлктөрдөн сарптайт. Маселен, турак-жай, мектеп, университет, оорукана, жол, аэропорттордун курулушу жалпы адамдардын кызыкчылыгы болуп, ага умумий мүлктөн сарпталат. Мисалы, алтын, мунай, газ, темир, уран сыяктуу табигый байлыктарды иштеп чыгаруудан алынган пайдалар ушул тармактарга жумшалат.
Мындан тышкары, Ислам байлыктын бир ууч адамдардын колунда чогулуп калышына жол бербейт. Ошол эле учурда жакыр жана муктаж кишилерди салык төлөтүү менен айласын кетирбейт. Балким, кирешеси белгилүү өлчөмгө жеткен гана адамдардан зекет жыйып алат. Зекетти адамдар ибадат катары кубануу менен беришет.
Демек, Исламда туруктуу түрдө салык топтоо жайиз эмес. Ошондуктан, капиталисттик түзүмдөгү салыкка негизделген экономикалык түзүмдү Исламдагы экономикалык түзүмгө окшотуу чоң ката. Расмий бийлик ишке ашырып, чакырып жаткан салыктарга Исламда тыюу салынган!
Нурдин Асаналиев
Газага каршы согуш кайра жанданды жана ага кошо чыккынчылыктын ачуу даамы менен өзгөрүү мүмкүнчүлүгү да…
Судандагы акыркы өзгөрүүлөр Өткөн аптада Суданда, айрыкча борбор шаар Хартумда уланып жаткан согуш олуттуу өзгөрүүгө…
Бүгүн шаввал айынын жаңыруусу күзөтүлөт Бүгүн Рамазан айынын жыйырма тогузу, ишемби күнү Шаввал айынын жаңыруусу…
Бисмиллахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Орозо жана Куран Кыяматта пендеге шапаат кылат Урматтуу бир…
Америка хусийлерге каршы сокку уруп, Ирандын аймактагы таасирин чектөөнү көздөөдө Автор: Устаз Абдуллах Аль-Хадрами –…
Айт намазы аянтта окулбайт Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) Орозо айт намазы 30-мартта жума-мечиттерде өтөрүн…