Макала

Падышаларды даават кылуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Падышаларды даават кылуу

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Ан-Нававинин “Сахих Муслимге” берген шархында: “Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам)дын каапыр падышаларга кат жазып, аларды Аллах Таалага чакыруусу” бөлүмүндө айтылат:

حدثني يوسف بن حماد المعني حدثنا عبد الأعلى عن سعيد عن قتادة، عن أنس، أن نبي الله صلى الله عليه وسلم كتب إلى كسرى وإلى قيصر وإلى النجاشي وإلى كل جبار يدعوهم إلى الله تعالى، وليس بالنجاشي الذي صلى عليه النبي صلى الله عليه

Мага Юсуф бин Хаммад аль-Маъни Анастан риваят кылды: “Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам), Кисрого, Кайсарга, Нажашийге жана ар бир куфр заалимине кат жазып, аларды Аллах Таалага чакырды”. Бул жердеги Нажаший Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) кайыптан  жаназасын  окуган Нажаший эмес.

“Кисро” перс падышаларынын наамы. “Кайсар” Рим падышасына берилген титул. “Нажаший” ар бир хабаш падышаларына берилген наам.  “Каган” түрк падышаларына берилген наам. “Фираун” кыптий  падышаларына берилген наам. “Азиз” Мисир падышаларына берилген наам. Ал эми “Табаа” Химярдын падышаларына таандык наам. Бул хадис каапырларга кат жазууга, аларды Исламга чакырууга жана бир адамдын кабарына (бир адамдын исламдан кабар жеткирүүсү жетиштүү) амал кылууга уруксат экенине далил.

Сүйүктүү бир туугандар!

Кайсарга, Кисрого жана Нажашийге биздин сүйүктүү пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) кат жазгандай, момундардын амири качан кат жазат?

من محمد بن عبد الله إلى هرقل عظيم الروم: سلام على من اتبع الهدى، أما بعد: فإني أدعوك بدعوة الإسلام أسلم تسلم يؤتك الله أجرك مرتين، فإن توليت فعليك إثم جميع الأريسيِين. قُلْ يَا أَهْلَ الْكِتَابِ تَعَالَوْاْ إِلَى كَلَمَةٍ سَوَاء بَيْنَنَا وَبَيْنَكُمْ أَلاَّ نَعْبُدَ إِلاَّ اللّهَ وَلاَ نُشْرِكَ بِهِ شَيْئًا وَلاَ يَتَّخِذَ بَعْضُنَا بَعْضاً أَرْبَابًا مِّن دُونِ اللّهِ فَإِن تَوَلَّوْاْ فَقُولُواْ اشْهَدُواْ بِأَنَّا مُسْلِمُونَ

Мухаммад ибн Абдулладан Римдиктердин төрөсү Гераклийге: “Туура жолду кармангандарга салам болсун. Мен сени Ислам динине чакырам, исламды кабыл кыл тычтыкта болосуң, Аллах сага эки эсе сооп берет. Эгер сен жүз бурсаң, арийлердин күнөөсүн өз мойнуңа аласың”. Аллах Таала айтат:

“Айткын (эй Мухаммад): «Эй Китеп берилгендер (жөөт жана христиандар) бизге да, силерге да теңдеш болгон бир сөзгө келгиле. Жалгыз Аллага гана ибадат  кылалы, Ага эч нерсени (шерик) тең кылбайлы жана Алланы коюп бири-бирибизди теңир кылып албайлы». Эгер алар (китеп берилгендер) ушул даьват-чакырыктан баш тартышса, анда силер (эй момундар):«Күбө болгула, биз Мусулмандар-Жалгыз Аллага моюн сунуучуларбыз» деп айткыла”. (Аали Имран: 64).

Качан мусулмандардын халифасы Харун ар-Рашиддин катындай, душмандарга кат жазат? Ал мындай деген:

“Момундардын амири Харундан, римдиктердин ити Никифорго: “эй, каапырдын уулу катыңды окудум, менин жообум уга турган эмес, өзүң көрө турган болот”.

Рим империясы Рашиддин удаама-удаа соккусунан улам багынып, Рим ханышасы Ирен халифа Харун менен келишим түзүп, жыл сайын салык төлөө шартына аргасыз болгон. Харун өзү чыгып, Константинополдун жанындагы Гераклий шаарына жеткени калганда Никифор тынчтык келишимин түзүүгө аргасыз болгон. Ал дагы Ирен мурда кылгандай эле, жизя акчасын Халифага ташыды. Бирок ал Ар-Рашид кайтып келгенден кийин келишимди бузду. Ар-Рашид аны менен согушуу үчүн кайтып келди жана аны талкалап, таш талканын чыгарды. Анын кырк миң аскери өлүп, Никифор өзү жарадар болуп, элдешүүнү кабыл алды. Кийинки жылы мусулмандар менен римдиктердин ортосунда кун төлөө болуп, бир дагы мусулман туткунда калбай, бул амалы менен элди сүйүнткөн.

Мусулмандардын халифасы качан Аль-Мутасим жазгандай кат жазат? Ал мындай деген: “Момундардын амири Мутасим Биллахтан римдиктердин ити Гераклийге: “Аялды бошот, эгер кылбасаң, мен сага башы сага жеткенде аягы бул жерден чыга турган аскер жиберем””.

Эми учурдагы вакыйга кайтып келип, күнүбүздүн жетекчилери жазган нерсени карап көрөлү. Сексен миллион калкы бар Миср президентинин макулуктардын эң жийиркеничтүүсү болгон яхудийлердин алдында ызы-чууга түшүп, элчисин кабыл алууну суранып жатат. Муну көргөндө жана укканда, жүрөк кайгыга батып, акыл эстен таят. Анын каты мындай башталат: “Египет Араб Республикасынын президентинен “Израил” мамлекетинин президенти улуу даражалуу Шимон Переске… Кат: “Менин урматтуу Пересим” деп башталып, “Сиздин ишенимдүү досуңуз” менен аяктаган.

Ооба, ушул абалдан улам мусулман аялдар жардам сурап кыйкырышууда, бирок эч ким жооп бербейт. Сириянын эркин аялдары жардам сурап кыйкырып жатышат, бирок жооп Тель-Авивден келүүдө. Кечээги кат жазуулар менен бүгүнкү кат жазуулардын ортосундагы айырма ушундай!!!

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 28-шаьбан.

2025-ж, 27-февраль.

turkistonkg

Recent Posts

Орозонун башталышы жана бүтүшү айдын жаңыруусуна гана байланыштуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Орозонун башталышы жана бүтүшү айдын жаңыруусуна гана байланыштуу Урматтуу…

2 hours ago

Рамазандын акыркы түндөрү ибадат кылуучуларды күтөт!

Рамазандын акыркы түндөрү ибадат кылуучуларды күтөт! Рамазан — анын башталышы ырайым, ортосу кечирим, ал эми…

1 day ago

Америка Йеменге жапайы соккуларды уруп жатат, аскерлерибиз болсо ага да, Газага да жардам бербей жатышат!

Басма сөз баянаты Америка Йеменге жапайы соккуларды уруп жатат, аскерлерибиз болсо ага да, Газага да…

1 day ago

Яхудий баскынчыларынын жалган сөздөрү дүйнөгө ашкере болууда

Басма сөз баянаты Яхудий баскынчыларынын жалган сөздөрү дүйнөгө ашкере болууда Бүгүн түнү яхудийлердин жасалма мамлекети…

1 day ago

Рамазан – Туура жолдун башаты

Рамазан – Туура жолдун башаты Башы рахмат, ортосу кечирим жана соңу тозоктон кутулуу болгон Рамазан…

2 days ago

Зулумдук

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Зулумдук Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

2 days ago