Макала

Орозонун башталышы жана бүтүшү айдын жаңыруусуна гана байланыштуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Орозонун башталышы жана бүтүшү айдын жаңыруусуна гана байланыштуу

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

حَدَّثَنَا عَبْدُ اللَّهِ بْنُ مَسْلَمَةَ، عَنْ مَالِكٍ، عَنْ نَافِعٍ، عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ عُمَرَ ـ رضى الله عنهما ـ أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم ذَكَرَ رَمَضَانَ فَقَالَ ” لاَ تَصُومُوا حَتَّى تَرَوُا الْهِلاَلَ، وَلاَ تُفْطِرُوا حَتَّى تَرَوْهُ، فَإِنْ غُمَّ عَلَيْكُمْ فَاقْدُرُوا لَهُ “.سنن بن ماجة

Абдулла бин Маслама Абдуллах бин Умардан (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылды. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) Рамазанды эскерип, айтты: “Айды көрмөйүнчө орозо тутпагыла жана аны көрмөйүнчө орозону ачпагыла. Эгер силерге күн бүркөк, булуттуу болсо, аны эсептегиле (отуз күнгө толуктагыла)”. (Сунан ибн Маажа).

Урматтуу бир туугандар!

Сөздөрдүн эң жакшысы – Аллах Тааланын сөзү, ал эми туура жолдун эң жакшысы – Анын Пайгамбары Мухаммад (с.а.в)дын жолу. Бул асыл хадис кээ бир адамдар орозонун башталышы жана бүтүшү жөнүндөгү шарьий өкүмдө эки ача болуп  калышкан  нерсени ачык айкын кылып түшүндүрдү. Орозо бул улуу диндин түркүктөрүнүн бири экендиги белгилүү. Бул жалаң гана Аллах Тааланын ыраазычылыгы үчүн жасалышы керек болгон ибадат. Аллах Таала пенделеринин Өзүнө ибадат кылуусун жана Ага жакындашын өзү каалаган таризде парз кылган. Аллах Таала адамдарга ага кандайча жана качан  ибадат кылууда чыгармачыл жана жаңычыл болуусуна орун калтырган эмес. Ибадаттарды, анын формасын жана убактысын аныктоого жалгыз Анын  гана укугу бар. Аллах Таала бул нерселерди ачык даана баяндап койгон маселе. Бул хадисте Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бул ибадатты (орозону) Аллах айды жаратканда айдын өзгөрүшү менен өзгөргөн жыл эсебине ылайык белгилүү бир убакта аткаруубуз керектигин айтты. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) Рамазан айы жаңырган жарым айдын көрүнүүсү менен башталарын кабарлады. Көрсөк орозо кармашыбыз керек. Жаңырган ай көрүнбөсө, орозонун парзын жарыялоого акыбыз жок. Бул хадисте Рамазан айынын аякташы кийинки айдын айынын жаңырышы менен аякташы да белгиленген. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) өзүнүн каалоосунан келип чыгып сүйлөбөйт, анын сөзү вахий гана. Аллах орозонун башаталышы жана бүтүшүн жаңырган айдын көрүнүүсү менен байланыштырып, башка  нерсе менен белгилөө ага тиешеси жок экенин билдирген. Эгер аны белгилөөдө дагы бир нерсе боло турган болсо, анда  Аллах аны вахий кылып баяндап бермек. Мусулмандар жаңырган жарым айды  күн бүркөктүгү же башка бир себептер менен көрө албаса, анда айды отуз күнгө толуктоолору керек. Ал зат (саллаллаху алейхи уа саллам) хадисинде айткандай, рамазан айынын жаңырган айы көрүнсө, анда бир күн да орозо кармообуз мүмкүн эмес.

Аллахтан динди Өзү сүйгөн жана ыраазы болгондой тикелөөбүздү жана Ал сүйгөн жана ыраазы болгондой ибадат кылуубузду тилейбиз. Амалдарыбызды кабыл кылсын, динибизди сактасын, бузукулардан сактасын Амиин.

Аллах буйруса, келерки “асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 1-рамазан.

2025-ж, 1-март.

turkistonkg

Recent Posts

Муфтият айт күнүн алдын ала белгиледи

Муфтият айт күнүн алдын ала белгиледи Муфтият Орозо айт күнүн 30-мартка белгиледи. Бул тууралуу билдирүү…

1 hour ago

Бишкек мэриясы кыймылсыз мүлккө салыкты жогорулатууну сунуштады

Бишкек мэриясы кыймылсыз мүлккө салыкты жогорулатууну сунуштады Бишкек мэриясы кыймылсыз мүлккө болгон салыкты жогорулатууну сунуштоодо.…

1 hour ago

Орозо бул калкан

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Орозо бул калкан Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 hour ago

Орозо менен өткөн күнөөлөрдүн кечирилиши

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Орозо менен өткөн күнөөлөрдүн кечирилиши Урматтуу бир туугандар “Асыл…

1 hour ago

Орозодо оозду жабуу жана ачуу убактысы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Орозодо оозду жабуу жана ачуу убактысы Урматтуу бир туугандар…

1 hour ago

Падышаларды даават кылуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Падышаларды даават кылуу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 day ago