Басма сөз баянаты
Яхудий баскынчыларынын жалган сөздөрү дүйнөгө ашкере болууда
Бүгүн түнү яхудийлердин жасалма мамлекети Газага каршы геноциддик чабуулун кайрадан жандантты. Анын аскердик учактары асмандан мыкаачылык менен бомбалоо жүргүзүп, болжолдуу кургактыктагы чабуулга даярданууда. Жүздөгөн адамдар уйкуда жаткан жеринен шейит кетти, алардын көбү аялдар жана балдар.
Яхудийлердин мамлекети Байдендин тушундагы мурунку чабуулунда Газага каршы согуш максаттарына жете албагандан кийин, эми Трамптын доорунда башкача жыйынтыкка жетүүнү эңсеп жатат. Бирок яхудий мамлекети менен Трамп жалганчылыгы жана алдамчылыгы менен белгилүү.
Антисемитизмге каршы күрөш деген ири алдамчылык өткөн аптада Австралияда толугу менен ашкере болду. Австралияда акыркы алты ай ичинде антисемитизмге байланыштуу толкун көтөрүлүп, анын ичинде “көп сандагы курмандыктар” болгон окуялар тууралуу айтылды. Бирок бул маалыматтар полицияга жана мамлекет жетекчилерине башынан эле белгилүү болгон жалган маалыматтар болуп чыкты. Ошого карабастан, бул бийлик Палестинаны колдогон үндөрдү каралоо, аларга каршы кеңири мыйзамдарды кабыл алуу жана геноцидге каршы чыккан элдин нааразылык билдирүү укугун басуу үчүн бул жалган маалыматтарды пайдаланууга аракет кылышты. Ал эми геноцидди колдогондор болсо, аларга берилген кошумча саясий калкандан ырахат алышууда.
Ошол эле нерсе баскынчы режимге да тиешелүү. Алар Газага каршы геноциддик чабуулун кайрадан баштоону ХАМАС туткунга алынгандардын баарын кайтарып берүүдөн баш тартты деп жүйө келтирип, актанууга аракет кылышууда. Бирок ок атышууну токтотуу боюнча келишимдин шарттары так белгиленген болчу. Барымтадагыларды кайтаруу жолдору да, убактысы да аныкталган эле. Ошондой эле, баскынчы режимдин гуманитардык жардамдын жетишин жеңилдетүү, стратегиялык өтмөктөрдү кайра ачуу жана согуштук аракеттерди токтотуу боюнча милдеттенмелери да ачык эле белгиленген. Бирок, ок атышууну токтотуу келишиминде жазылган бул талаптардын бири да аткарылган жок.
Өткөн жумада Австралияда өз көзүбүз менен көргөндөй, яхудий мамлекети Газа калкын жер жүзүнөн жок кылууну актоо үчүн эч кандай жалганды ойлоп табуудан кайра тартпайт. Алардын эң чоң жалганы – өздөрүн курмандык кылынган тарап катары көрсөтүүгө болгон аракеттери. Алар баскынчы болгонуна карабастан, өлтүрүүгө укуктуу экенин, ал эми курмандык тартып жаткандар өздөрүн коргоого укугу жок экенин дүйнөгө таңуулоого аракет кылып жатышат.
Хизб-ут-Тахрирдин Австралиядагы маалымат бөлүмү
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Орозонун башталышы жана бүтүшү айдын жаңыруусуна гана байланыштуу Урматтуу…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Падышаларды даават кылуу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Рамазандын акыркы түндөрү ибадат кылуучуларды күтөт! Рамазан — анын башталышы ырайым, ортосу кечирим, ал эми…
Басма сөз баянаты Америка Йеменге жапайы соккуларды уруп жатат, аскерлерибиз болсо ага да, Газага да…
Рамазан – Туура жолдун башаты Башы рахмат, ортосу кечирим жана соңу тозоктон кутулуу болгон Рамазан…