Басма сөз баянаты
Америка Йеменге жапайы соккуларды уруп жатат, аскерлерибиз болсо ага да, Газага да жардам бербей жатышат!
Бир нече күндөн бери Америка Йемендеги бир туугандарыбызга каршы “жок кылуучу” ракеталарды колдонуп, аларга айыгышкан чабуулдарды жасап жатат. Муну Америка президенти Трамп өзү айтып, “силер мурда көрбөгөн тозок жаан болуп төгүлөт” деп коркутту!
Америка мусулмандарга жана алардын өлкөлөрүнө карата ушундай текебердик жана уятсыздык менен мамиле кылып, аларды тозок жана кыйроо менен коркутууда. Мусулман өлкөлөрүнүн башкаруучуларынын алсыздыгына жана армияларынын аракетсиздигине такыр көңүл бурбай, жерлерибизди бомбалап, уулдарыбызды өлтүрүп, ыйык нерселерибизди тепсеп жатат!
Ал эми өздөрүн “каршылык көрсөтүүчүлөрдү колдоочубуз, Америка – чоң шайтан” деп мактаган Ирандын жетекчилери болсо, өздөрүнүн хусий тарапташтарынан баш тартып, аларды яхудийлер менен Американын оозуна жем катары таштап койду!
Америка болсо бардык “каршылык көрсөтүүчү күчтөрдү” бастырууну көздөп жатат. Ал Ливандагы Иран партиясын яхудийлерди тынчсыздандыруудан баш тартууга аргасыз кылды. Иранды болсо Газа менен каршылык көрсөтүү кыймылдарын колдоодон баш тартууга мажбур кылды, бирок алар жылдар бою буларды колдоп жатабыз деп мактанышкан эле. Эми Америка хусийлерди да яхудийлерге каршы аракеттерин жана Кызыл деңиздеги экономикалык кызыкчылыктарын бутага алууну токтотууга мажбур кылууга аракет кылып жатат. Ошентип, Газа яхудийлер менен Трамп жутуп алуусу үчүн жалгыз ташталып жатат.
Трамптын жаңы башкаруусу астында Америка “же баш ийесиң, же өлөсүң” деген саясатын таңуулап жатат. Эгерде мусулмандар жана алардын армиялары бул узакка созулган уйкудан ойгонбосо, кара тагдыр аларды күтөт. Трамп бирден-бирден мусулмандар жашаган өлкөлөргө кол сала берет, анткени аны токтотуп, артка чегинүүгө мажбурлаган эч ким жок! Ал муну жашырбай, ачык эле жарыялап жатат.
Ошондуктан, мусулмандардын армияларындагы калыс адамдар Исламды жана мусулмандарды колдоо үчүн тез арада аракетке өтүп, яхудийлерге, Америкага жана бардык куфр күчтөрүнө каршы турушу керек. Болбосо, алар бизди жок кылып, талаада жалгыз калтырары шексиз. Ошондо биз “эми кеч болду!” деп кейигенден башка эч нерсе кыла албай калабыз!
Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук Маалымат бөлүмү
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Орозонун башталышы жана бүтүшү айдын жаңыруусуна гана байланыштуу Урматтуу…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Падышаларды даават кылуу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Рамазандын акыркы түндөрү ибадат кылуучуларды күтөт! Рамазан — анын башталышы ырайым, ортосу кечирим, ал эми…
Басма сөз баянаты Яхудий баскынчыларынын жалган сөздөрү дүйнөгө ашкере болууда Бүгүн түнү яхудийлердин жасалма мамлекети…
Рамазан – Туура жолдун башаты Башы рахмат, ортосу кечирим жана соңу тозоктон кутулуу болгон Рамазан…