Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Зулумдук

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Ан-Нававинин “Сахих аль-Имам Муслимге” берген шархындагы, “Зулумдук кылуунун арамдыгы” бөлүмүндө айтылат:

حدثنا قتيبة بن سعيد وعلي بن حجر قالا: حدثنا إسماعيل وهو ابن جعفر عن العلاء عن أبيه عن أبي هريرة أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال: “أتدرون ما المفلس؟ قالوا: المفلس فينا من لا درهم له ولا متاع، فقال: إن المفلس من أمتي يأتي يوم القيامة بصلاة وصيام وزكاة، ويأتي قد شتم هذا وقذف هذا وأكل مال هذا وسفك دم هذا وضرب هذا فيعطى هذا من حسناته وهذا من حسناته، فإن فنيت حسناته قبل أن يقضى ما عليه، أخذ من خطاياهم فطرحت عليه ثم طرح في النار

Бизге Кутайба бин Саид жана Али бин Хажар Абу Хурайрадан риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Чыныгы банкрот болгондор ким экенин билесиңерби? Алар айтышты:  “Ким акчасын, мал-мүлкүн жоготсо  ошол”. Пайгамбар (с.а.в) айтты: “Менин үммөтүмдөн чыныгы банкрот болгон адам Кыямат күнү намаз, орозо жана зекет менен келет, бирок тигини кордогон, тигинин малын жеген, мунун канын төккөн, тигини урган, сөккөн болот. Анан анын жакшылыктарынын бир бөлүгү тигиге, буга берилип отуруп анын жакшы амалдары карызын төлөй электе бүтөт. Анан алардын күнөөлөрүнүн бир бөлүгү алынып, анын мойнуна жүктөлөт, анан ал тозокко ташталат”.

Сүйүктүү бир туугандар!

Бул хадисте ар бир мусулман адамдар менен болгон мамилесинде Аллахтын өкүмдөрүнө ылайык жүрүм-турумун башкаруусу үчүн жетиштүү коркуу камтылган. Намаз окуп, орозо кармаган адам бул хадисти карманбаса анын шору. Зекет берип, ажылыкка барса жана “Лаа илааха иллаллах” десе, булар ибадаттар, бул адамдын Раббиси менен болгон мамилеси. Бул ибадаттар ал үчүн кыямат күнү күнөөлөрдөн таза болуусу үчүн аздык кылат. Хадисте айтылгандай, адамдын башка адамдар менен болгон мамилеси да өтө маанилүү.

Эй мусулмандар!

Эмне үчүн кээ бирибиз бул мамилеге көңүл бурбайбыз? Эмне үчүн көбүбүз Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) сыпаттагандай куржалак калдык? Мусулмандын башка бир мусулманды уруусу учурда болур жатат,  мусулмандын башка мусулмандан уурдоосу учурда болуп жатат. Алдоо, калп айтуу, алдамчылык, чыккынчылык, талап-тоноо, киши өлтүрүү учурда болуп жаткан иштер. А түгүл, коомубуз чыныгы шариятыбыз каалаган Ислам ахлагынан алыс болуп калды.

Оо, мусулмандар!

Эгер бул Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) айткан куржалак калуулунун абалы болсо, Кыямат күнү аны жасагандардын абалы кандай болот? Ушул чөйрөнү түзүп, анын негизинде элдин мамилесин куруп жаткандардын абалы кандай болот? Алар кандай шылтоо кылышат? Кыямат күнү алардын жакшылыктары бар болсо, алардын жакшылыктарын доолап канчалаган адамдар келет? Алардын канчалаган күнөөлөрү алардын моюнуна жүктөлөт. Алар Раббисине эмне дешет? Ал күнү алардын душманы Шамдын наристелери болгон болсо кандай кылышат? Ал наристе Раббисине айтат: “Оо, Раббим, бул куржалак калган акимдерден сура, мени эмне үчүн өлтүрүштү? Эмне үчүн менин өлтүрүлгөнүмдү унчукпай карап турушту? Эмне үчүн алар мага жардам берүү үчүн аскерлерин аракетке келтиришкен жок? Алар Раббисине эмне дешет? Ал күнү алардын душманы туткунга түшкөн аял болсо кандай жооп табат? Ал аял Раббисине айтат: “Оо, Раббим, бул банкрот болгон акимдерден сура, эмне үчүн мага жардам бербей унчукпай турушту? Мен алардан жардам сурадым, анткени сен айткансың:

وَإِنِ اسْتَنصَرُوكُمْ فِي الدِّينِ فَعَلَيْكُمُ النَّصْرُ

“Эгер алар силерден динде жардам сурашса, аларга жардам берүүңөр важиб”.

Эй мусулмандар!

Бул банкрот өкүмдарлар, алар үммөт капилетте турганда  бийликке келишкен. Алар Кыяматта эң банкрот болгон адамдар. Алар башкалардын да куржалак калышына шарт жаратып, ишке ашырып жаткандар. Үммөт  аларды тергеп тескөө үчүн көтөрүлгөндө, алар үммөттү өлтүрүүнү жана зулумду күчөтүштү. Алар банкроттуулугун андан ары күчөтүштү. Кыямат күнү алар Раббисине эмне дешет? Иш ушул адамдар менен эле токтоп калса эмне. Иш андан ары өтүп сарай уламалары да банкрот үстүндө. Алар адилетсиздикте акимдери менен бирге турушканда кантип андай болбосун. Алар өздөрүнүн банкрот болгонун актап, жалган-жалаа жана бурмаланган куру далилдерди келтиришти. Алардын ролу шайтанды коргоочунун ролу сыяктуу болду. Алар Аллах Таала аларга аманат кылган миссияны унутуп, банкрот болгондордун артынан жоготууга учурашты.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 26-шаьбан.

2025-ж, 25-февраль.

turkistonkg

Recent Posts

Орозонун башталышы жана бүтүшү айдын жаңыруусуна гана байланыштуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Орозонун башталышы жана бүтүшү айдын жаңыруусуна гана байланыштуу Урматтуу…

2 hours ago

Падышаларды даават кылуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Падышаларды даават кылуу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

11 hours ago

Рамазандын акыркы түндөрү ибадат кылуучуларды күтөт!

Рамазандын акыркы түндөрү ибадат кылуучуларды күтөт! Рамазан — анын башталышы ырайым, ортосу кечирим, ал эми…

1 day ago

Америка Йеменге жапайы соккуларды уруп жатат, аскерлерибиз болсо ага да, Газага да жардам бербей жатышат!

Басма сөз баянаты Америка Йеменге жапайы соккуларды уруп жатат, аскерлерибиз болсо ага да, Газага да…

1 day ago

Яхудий баскынчыларынын жалган сөздөрү дүйнөгө ашкере болууда

Басма сөз баянаты Яхудий баскынчыларынын жалган сөздөрү дүйнөгө ашкере болууда Бүгүн түнү яхудийлердин жасалма мамлекети…

1 day ago

Рамазан – Туура жолдун башаты

Рамазан – Туура жолдун башаты Башы рахмат, ортосу кечирим жана соңу тозоктон кутулуу болгон Рамазан…

2 days ago