Сирия улуттук диалог конференциясы: мамлекеттердин басымы, алардын талаптары жана революциянын мүдөөсү менен курмандыктары
2025-жылдын 26-февралында Дамаскта «Сирия улуттук диалог конференциясынын» иши аяктады. Конференцияга 600дөн ашуун адам катышты. Уюштуруучулардын айтымында, бул иш-чаранын негизги максаты Сириянын келечектеги башкаруу системасынын негиздерин, конституциялык көз караштын принциптерин жана мамлекеттик түзүмдөрдүн түзүлүшүн тез арада аныктоо болуп саналат.
Конференция төмөнкү негизги чечимдерди кабыл алды:
Сириянын алдыдагы кыйынчылыктарын эске алуу менен белгилениши керек болгон негизги аспектилер:
Булардын башында «Күрт Демократиялык Күчтөрүнүн» (КДК) көзөмөлүндөгү аймактар турат. Анткени бул аймактар Сириянын экономикалык кайра жанданышы үчүн өтө маанилүү болгон байлыктарга ээ. Бул аракеттер өлкөнү бөлүп-жаруу жана федералдаштыруу планына каршы туруу үчүн жасалышы керек. Мындай демилгелерди Сирияны бөлүп-жарууга кызыкдар мамлекеттер жана “Израил” колдоп жатат. Бул максатка жетиш үчүн бир гана чечкиндүү саясий жана аскердик чечим талап кылынат. Мындан тышкары, соңку 13 жылда катаал сыноолордон өткөн, Сирия революциясынын жана жихадынын эң мыкты жоокерлери бар экенин унутпоо зарыл.
“Израилдин” премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун жана анын жансакчыларынын чагымчыл, кемсинтүүчү билдирүүлөрүнө жумшактык менен эмес, чечкиндүү түрдө жооп берүү керек. Буга чейин «маанайга жараша» мамиле жасоо эч кандай пайда алып келген эмес, андыктан «аялдама укугу» жана мурдагы Башар Асад режими колдонгон «чыныгы жооп берүү укугун» сактоо сыяктуу аракеттердин эч кандай натыйжасы болбойт. Сирия революциясынын күчтүү жихадчылары бар жана алар ал-Аксанын бошотулганын көрүүгө жана Кудайдын душмандарынын сөз менен эмес, иш жүзүндө жооп алуусун камсыз кылууга даяр. «Күнөөлүү жазаланбаса, ал ого бетер эркин жүрөт» дегендей, “Израил” мамлекетинин кылмыштары күчөп, зомбулугу артты, бирок чындыгында ал жөргөмүштүн уясынан да алсыз.
«Кесипкөй армия түзүү» маселеси, Исламга берилген, аны башкарууга жана коргоого аракет кылган армия түзүлгөндө гана ишке ашышы мүмкүн. Мамлекет туруктуулукка жетип, мурдагы режимдин калдыктары жана анын согушкерлеринен тазаланганда, ошондой эле мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып кеткен чыгыш жана түштүк аймактар кайрадан мамлекетке караганда гана бул маселени кароого болот. Курал жоопкерчиликсиз адамдардын колуна өтүп кетпеши керек, анткени бул мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудурат. Анын ордуна, курал элдин жана мамлекеттин душмандарына каршы колдонулушу керек. Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ Шам жерин жихад жана күрөш аймагы деп атаган, демек, бул жерде курал-жарак мамлекет тарабынан туура колдонулушу абзел.
Бул конференцияда өлкөнү кандай башкаруу түзүмү менен башкарыш керек экени талкууланбашы керек. Анткени Сириянын башкаруу системасы – бул Ислам башкаруу системасы болушу шарт. Сирияны Аллахтын мыйзамдары менен башкаруу керек, ал эми конституция Куран менен Сүннөттөн алынууга тийиш. Батыштан келген мыйзамдар же Исламга туура келбеген системалар кабыл алынбашы керек. Мындай конференцияда өлкөнү ким башкарары талкууланышы керек, бирок ал Ислам башкаруу системасынын негизинде башкарышы шарт.
Сирия эли 13 жыл бою чоң курмандыктарга барды, алардын жалгыз максаты Аллахтын мыйзамдарын орнотуу болду. Алар Батышка жагыш үчүн эмес, Аллахты ыраазы кылуу үчүн күрөшүштү. Ошондуктан, алар Батыштын каалоосуна ылайык, динди мамлекеттен бөлгөн «секулярдык мамлекет» же «улуттук мамлекет» менен башкарылууга тийиш эмес. Ислам башкаруу системасын четке кагуу Сирия элинин күрөшүн текке кетирүү дегенди билдирет.
Элдин атынан сүйлөй тургандар чын ыкласынан берилген, калыс, компетенттүү жана динине берилген адамдар болушу керек. Алар:
Мына ушул адамдар гана Сириянын келечегин аныктоого татыктуу. Анткени эгер алар башкаруудан четтетилсе, анда мурдагы режимдин калдыктары кайра бийликке келип, элдин күрөшүн текке кетириши мүмкүн.
Ар кандай аракеттердин, сүйлөшүүлөрдүн жана жыйындардын жалгыз максаты Аллахтын ыраазычылыгына жетишүү болушу керек. Сирия элин Аллахтын мыйзамдары менен башкаруу негизги максат болушу зарыл. Бизге каршы кутум кылган мамлекеттерди ыраазы кылуу же алардын басымына баш ийүү биздин максат болбошу керек. Азыркы бийлик менен байланышта болгон бардык тараптар Сирия мамлекетинин секулярдык болушу керектигин талап кылышууда. Алар Исламдын мамлекеттин келечегинде эч кандай ролу болбошун каалашат. Биз муну түшүнүшүбүз жана ага каршы туруу керектигин аңдашыбыз зарыл.
Биз Аллахтын ыраазычылыгы үчүн күрөшүүгө чыктык, Ал бизди Өзүнүн жардамы менен Дамаскка жеткирди, мурдагы режимдин калдыктарынын жүрөгүнө коркуу салып, алардын жана Исламга каршы күчтөрдүн пландарын таш каптырды. Биз Аллахтын жардамына ишенип, Ага гана таянышыбыз керек. Биздин максатыбыз – Ислам мамлекетин куруу жана Аллахтын мыйзамдарын ишке ашыруу болушу керек. Биз Батыш мамлекеттеринин каалоосуна баш ийип, алардын бизди алсыз жана көз каранды кылуу аракети менен макул болбоого тийишпиз.
Аллахтын ыраазычылыгы менен Батыштын ыраазычылыгы бири-бирине карама-каршы. Биз алардын каалоолоруна баш ийбестен, Аллахтын мыйзамдарын үстөм кылууга умтулушубуз керек.
Жыйынтык
Биз бардык тараптарды эскерте кетели. Бизден мурунку революциялар: Тунистеги жана Египеттеги революциялар Батыштын каалоолоруна баш ийүүгө аракет кылганы үчүн кыйрады. Анда революциянын жеңиши жокко чыгарылып, мурунку режимдин калдыктары кайра бийликке келип, мурдагыдан да катуу зулум башталды. Ошондуктан, биз Сирия элин – жихад жана сабырдуулук калкын – эскертип кетебиз: Силер улуу үммөттүн уул-кыздарысыңар. Бул үммөт Ислам менен гана көтөрүлөт! Силердин революцияңардын негизги талабы Ислам менен башкаруу болчу! Силер өз күрөшүңөрдүн жемишин секулярдык республиканын астында көрбөшүңөр керек! Силерди Батыш күчтөрү каалагандай демократиялык секулярдык мамлекет менен башкаруу туура эмес! Силер улуттук чек аралар менен чектелбешиңер керек! Биз – бир үммөтпүз, бир мамлекетти түзүүгө укуктуубуз! Силер дүйнөгө адилеттик жана мээрим орнотуучу Ислам мамлекетин куруу үчүн күрөшүшүңөр керек! Бул – Сириянын эр жүрөк уулдарынын курмандыктарына татыктуу болгон жалгыз жол. Эгер силер Аллахты жардамга чакырсаңар, Ал силерге жардам берет жана кадамдарыңарды бекемдейт! Аллах Өзүнүн ыйык Куранында убада кылгандай:
﴿وَعَدَ اللهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُم مِّن بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْناً يَعْبُدُونَنِي لَا يُشْرِكُونَ بِي شَيْئاً وَمَن كَفَرَ بَعْدَ ذَلِكَ فَأُولَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ )
«Алла силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум илгери өткөн (ыйман-ишенимдүү) заттарды (жер жүзунө) халифа өкүмдар кылгандай, аларды да жер жүзүнө халифа – орун басар кылууну жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин, үстөм-бекем кылууну, ошондой эле аларды (Меккеде көргөн) коркунучтарынан кийин, (Мадинада) тынчтык-бейпилдикке бөлөп койушун убада кылды. Алар Мага ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин (нематка) күпүрдүк кылса, демек алар баш ийбес адамдар». (Нур сүрөсү, 55-аят).
Насир Шейх Абдульха
Роя гезити
Америка хусийлерге каршы сокку уруп, Ирандын аймактагы таасирин чектөөнү көздөөдө Автор: Устаз Абдуллах Аль-Хадрами –…
Айт намазы аянтта окулбайт Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) Орозо айт намазы 30-мартта жума-мечиттерде өтөрүн…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Рамазан айынын акыркы он күнүнүн пазилети Урматтуу бир туугандар…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Рамазан айында итикаф Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Аллах биздин орозобузду жана намазыбызды кабыл кылабы? Аллах Таала Өзүнүн шариатында бардык иштерибизди таразага салып…