Басма сөз баянаты
Эл аралык мыйзамдын калптары жана эл аралык соттун эки жүздүүлүгү
Эл аралык сот БУУ мүчөлөрүнүн макулдашуусу негизинде түзүлгөн. Ал аймактык талаштарга, эл аралык келишимдердин бузулушуна, экология маселелерине жана согуш аракеттери менен адам укуктарына байланыштуу эл аралык талаштарды чечүүчү орган катары каралып келген.
Эл аралык нормалар боюнча келишимдерди жана макулдашууларды урматтоо, дүйнө жүзүндө кабыл алынган мыйзамдарды сактоо жана белгиленген эрежелерден чыкпоо зарыл. Тарыхтын бардык доорлорунда адамдар ушул эрежелерди сактап келген. Анткен менен, сейрек учурларда бул эрежелерди бузган жана ашкере зулумдук кылган адамдар кылмышкер же бузуку катары тарыхта калган. Бул мыйзамдарды бузгандарга карата санкция колдонулуп, аларды мыйзамдарды урматтоого мажбурлоо кадимки көрүнүш болгон.
А бирок Бириккен Улуттар Уюму жана анын органдары адамзаттын кызыкчылыгы үчүн түзүлгөн эмес жана ал эч качан алсыздардын же эзилгендердин коргоочусу болгон эмес. Ал чындыкты бурмалап, алсыздарды алдоо үчүн колдонулган курал. Бул уюм колониалдык мамлекеттердин кызыкчылыгына кызмат кылып, аларга көз каранды мамлекеттерди баш ийдирүү жана эзүү саясатын улантууга шарт түзөт. Алар адам укуктары жана эл аралык мыйзамдар боюнча өздөрү кабыл алган эрежелерди өз кызыкчылыгына жараша колдонушат. Ошентип, бул уюм чыныгы адилеттүүлүктү орнотууга эмес, басмырланган элдердин көтөрүлүшүнө тоскоолдук кылууга кызмат кылат.
Эл аралык кылмыш сотунун 2024-жылдын 21-ноябрындагы акыркы чечими буга мисал боло алат. Бул сот “Израилдин” премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну жана мурдагы коргоо министри Йоав Галантты согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштар, анын ичинде ачарчылыкты согуш куралы катары колдонуу, массалык өлтүрүү жана куугунтуктоо сыяктуу аракеттер үчүн айыптап, аларды камакка алуу жөнүндө буйрук чыгарды. Бул кылмыштар Газа секторунда жасалган жана сот тарабынан адамзатка каршы иш-аракеттер деп бааланган. Бул чечимге байланыштуу дүйнө жүзүндө кызуу саясий жана маалыматтык талкуулар жүрдү. Анткени ал “Израилдин” жетекчилерине каршы багытталган. Алар сотту “жалганчылык”, “пайдасыздык” жана “антисемитизм” менен айыпташты. Буга кошумча, АКШнын президенти Дональд Трамп Эл аралык кылмыш сотуна каршы санкцияларды киргизген буйрукка кол койду. Бул чаралар Нетаньяху менен Галанттын Газадагы кылмыштары үчүн чыгарылган ордерлерге каршы жооп катары кабыл алынды. Ошол эле учурда, Нетаньяху Вашингтонго сапар менен барып, камакка алынган жок. Көптөгөн укук адистери бул аракетти Эл аралык кылмыш сотунун беделин түшүрүү жана эл аралык адилеттүүлүк принциптерин басмырлоо катары баалашты.
Өзгөчө таң калыштуу нерсе, көптөгөн мамлекеттердин, айрыкча европалык өлкөлөрдүн, бул окуяга татыктуу жооп кайтарбай, унчукпай турганы болду. Бул нерсе АКШ менен “Израилди” мыйзамдан жогору коюуга жол ачканын көрсөтөт. Маселени ого бетер курчуткан нерсе, Германиянын жаңы шайланган канцлери Фридрих Мерцтин Нетаньяхуну Германияга чакырышы болду. Бул чакыруу Эл аралык кылмыш сотунун ордерин четке кагуу менен гана чектелбестен, мыйзамды атайын бузууга чакырык таштаган аракет болду. Ал: «Биз аны камакка алынбастан, Германияга келип-кетүүгө мүмкүнчүлүк бере турган жолун табабыз», – деп билдирди. Ошентип, ал мыйзамды айланып өтүүгө жана Эл аралык кылмыш сотунун чечимин тоготпоого ачык эле чакырды.
Бул аракет мыйзамды тоготпоо, сотко баш ийбөө жана эл аралык нормаларды тебелөө болуп саналат. Мындай сөздөрдү мыйзамды сыйлоо керек деп үгүттөгөн, «Германия – мыйзамдын үстөмдүгү бар өлкө» деп мактанган саясатчынын айтышы таптакыр орунсуз болду.
Эми дүйнө аңдап-түшүнүүгө тийиш болгон нерсе, бүгүн калктарды башкарган саясатчылар үчүн жеке кызыкчылыктарынан башка маанилүү нерсе жок. Алар адамзаттын жыргалчылыгын, адилеттүүлүктү же чындыкты издөөнү көздөбөйт. Тескерисинче, алар фактыларды бурмалап, өздөрү орноткон мыйзамдарды өздөрү эле тебелеп өтөт. Бул жалгандык жана элдерди алдоо бир гана учурда эмес, тарыхтын ар кайсы доорлорунда кайталанып келет. Батыш цивилизациясынын бүтүндөй тарыхы – зулумдук, репрессия, кыргын жана үрөй учурган окуяларга толгон. Алар адамзатты эркиндикке эмес, кулчулукка, жакырчылыкка жана диктатурага багыттады. Акыркы эки кылым ичинде бул мамлекеттердин дүйнөлүк аренада үстөмдүк кылуусу Ислам мамлекетинин кыйрашы себептүү гана мүмкүн болду.
Ал эми Ислам мамлекети адам укуктарын урматтоо, келишимдерди жана мыйзамдарды бекем кармануу менен айырмаланган. Бул мыйзамдарды сактоо Аллахтын буйругу жана Анын ыраазылыгына жетүүнүн жолу катары каралган. Аллах Таала келишимдерди аткарууну ыйман менен байланыштырып, такыбалыктын белгиси катары сүрөттөгөн. Куранда мындай айтылат:
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا أَوْفُوا بِالْعُقُودِ﴾
«Эй момундар, келишимдерге (өз ара келишилген бүтүмдөргө) бапаа кылгыла (аткаргыла)».
﴿وَالْمُوفُونَ بِعَهْدِهِمْ إِذَا عَاهَدُوا وَالصَّابِرِينَ فِي الْبَأْسَاءِ وَالضَّرَّاءِ وَحِينَ الْبَأْسِ أُوْلَٰئِكَ الَّذِينَ صَدَقُوا وَأُوْلَٰئِكَ هُمُ الْمُتَّقُونَ﴾
«Эгер убада берсе убадасына туруучу, айрыкча кыйынчылык оор күндөрдө жана согуш учурунда сабыр кылуучу адамдар. Дал ушулар чыныгы ыймандуу адамдар жана дал ушулар чыныгы такыбаалар».
﴿بَلَىٰ مَنْ أَوْفَىٰ بِعَهْدِهِ وَاتَّقَىٰ فَإِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الْمُتَّقِينَ﴾
«Жок! (Алардын айткандары жалган). Тескерисинче ким убадасына турса жана такыбаа болсо (Дал ошол киши Алланын сүйгөн пендеси). Анткени Алла такыбаа кишилерди сүйөт».
Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү
Басма сөз баянаты Өзбекстан режими Аллахтын берекеси түшкөн Рамазан айынан коркуп жатабы?! Аллах Таала Рамазан…
Басма сөз баянаты Каир саммити – араб мамлекет башчыларынын ыйык Палестина жерин таштап кеткенинин далили…
Басма сөз баянаты Каирдеги чыккынчылык саммити Эр-Рияд саммиттеринин уландысы Яхудийлердин жетекчилери менен кылмышкерлердин согушту, кыргынды…
Басма сөз баянаты Пакистандагы аскердик жана саясий жетекчилик аскердик кубатты Зыяндуу шарттарга жана пайызга негизделген…
Басма сөз баянаты «Үммөт маселелери» форуму Судан эки документтин ортосунда: кайда баратат?! Кечээ, Рамазан айынын…
Басма сөз баянаты Каир саммити - мурдагыдай эле араб башкаруучуларынын чыккынчылыгын жана алардын Газага болгон…