Өспүрүмдөр арасында зомбулук канткенде токтойт?

95
0

Өспүрүмдөр арасында зомбулук канткенде токтойт?

Кыргызстанда акыркы учурда мектеп окуучуларынын арасында жаңжалдардан улам адам өмүрүн алган окуялар да катталды. Алардын бири Бишкектеги №72 орто мектепте, экинчиси Оштун Кара-Суу районундагы мектепте катталды. Мындан тышкары, Нарындын Жумгал районунда, Өзгөн районунда жана Баткен шаарында да өспүрүмдөр арасында жаңжалдар орун алган.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2024-жылы жалпысынан 2024-жылы жашы жете электер жасаган 1552 кылмыш катталган. Былтыр өспүрүмдөр арасындагы мушташтан адам өлгөн эки учур, 2025-жылдын башынан бери үч учур катталды. Өткөн жылы он айда Кыргызстанда 75 бала өз жанын кыйган. Балдардын көбүнүн жакындары суицидге айлана-чөйрөсүндөгү буллинг, мектептеги рэкетчилик себеп болгонун айтышкан.

Кыргызстандын Акыйкатчы институту быйыл январдагы билдирүүсүндө 2023-жылы өлкөдөгү мектептерде мониторинг жүргүзгөндө сурамжылоого катышкан окуучулардын 50% мектепте чоңсунуу, өкүмзордук бар экенин айтышкан.

Комментарий:

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдүн баарында колдонулуп жаткан билим берүү программалары, түздөн-түз Батыштан алынган же батыштын принциптерине ылайык келе турган көрүнүштө түзүлгөн программалар болуп эсептелет. Ошондуктан, аталган программаларда “Исламий акыйда, Куръан, Расулуллах ﷺдын сийраты, Ислам тарыхы жана Сахабалар жашоосу” сыяктуу жаштарга Исламий сакофатты үйрөтө турган сабактар берилбейт. Тескерисинче, анын ордуна окуучуларга демократия баалуулуктары негизги колдонмо катары билим берүү программаларына киргизилген. Буга кошумча, медиа, кино жана социалдык тармактар аркылуу уруш-мушташ, зомбулуктар пропагандаланып, өспүрүмдөрдүн жашоо образына үлгү катары таңууланып жатат. Натыйжада, коомдогу бузук мыйзам жана чөйрө менен катар өспүрүмдөрдүн арасында рекетчилик, зомбулук күчөп барууда.

Негизи мусулман жаштары үчүн Куръан жана Сүннөт негизинде иштелип чыккан жана Исламий көз-караштан келип чыккан билимдер берилиши керек. Анткени, мындай программа жаштардын Исламий сакофат менен тарбияланышына жана динин аң-сезимдүү түрдө түшүнүүсүнө шарт түзөт. Мына ушунун негизинде гуманитардык, так илимдер жана технологиялык билимдер окутулса коомдун өнүгүшүнө, адамзаттын алга жылуусуна салым кошкон жаштар өсүп чыгат. Бул жаштар Ислам өкүмдөрүн үйрөнүү менен зомбулукка шариятыбызда катуу тыюу салынганын үйрөнүшөт. Ошондой эле, мусулмандын мусулманга жаны, каны жана малы арам экендигин билип алышат. Ислам билим берүү менен катар ага амал кылууну да күзөтүп барууну талап кылат. Натыйжада, мектеп курагында эле аклиясы жана нафсиясы Исламга негизделген окуучулар өсүп чыгат. Демек, жаштардын, жалпы эле коомдун бакубат жашоосу Исламдын турмушта колдонулушуна байланыштуу.

Нурдин Асаналиев

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here