Адашканды камаш керекпи
же ага Исламды үйрөтүү керекпи?
بسم الله الرحمن الرحيم
Борбор Азия калктары, анын катарында кыргыз эли да жетимиш жыл атеисттердин доорунда жашап, Исламдан кабарсыз калышты. “Дин – апийим” деген саясат негизинде иш баштаган Совет бийлиги 1937-жылга келип массалык кыргын кылды, аалымдарды гана эмес, Аллахка ишенген инсандарды, калк каймактарын өлтүрүштү. Динди бүтүндөй жоготуу үчүн болуп көрбөгөндөй иш алып барды. 1943-жылдары согуш себептүү бир аз гана жеңилдик болду, аалым жана илим талап кылуучулардын иштерине көз жумулду. Мечиттердин ишмердигине уруксат берилген болсо да, Исламга каршы күрөшүү массалык түрдө уланып, газета-журналдарда, бала-бакчаларда, мектептерде, институт-университеттерде, кийин радио-телевидениелерде бир ирмем да токтогон жок. Жада калса дамлаларды даярдаган медреселерде да “биз силерди динди жоготуу үчүн окутуп жатабыз” деген негизде таалим берилди. Анткени атеисттик идеология ушуну талап кылган. Хужраларда жашыруун таалим алган устаздарыбызды жана алардын илиминен пайдаланып калгандарын эсепке албаганда дээрлик бардык адамдар Исламдан кабарсыз болушту.
1990-жылдарга келип, СССР ыдырагандан кийин мамлекет тарабынан алып барылган атеисттик үгүттөр токтоду. Совет доорунда караланып келген, тагырак айтканда капиталисттердин гана капчыгын толтурууну, ач көздүктөрүн кандыруу үчүн катардагы адамдарга зулум кылган, өлкө байлыктарын, жада калса башка калктардын байлыктарын талап-тоноп, өзүлөрүнүн гана жыргал жашоосун көздөгөн зөөкүрлөрдүн түзүмү деп 70 жыл бою караланган “демократияны” бизге ыктыярий-мажбурий кабыл алдырышты. Силер эгемен болдуңар, бул күндү “эгемендик майрамы” деп белгилегиле, жаңы конституцияны Европа мамлекеттеринен көчүрүп алып, өзүңөргө ылайыкташтырып иштеп чыгып, өзүңөрчө жашагыла, чегараңарды аныктап алгыла деп, жаңыча услуб менен башкарууга өтүштү.
Борбор Азия калктары: ишенимибиз, Китебибиз, Пайгамбарыбыз, кыбылабыз бир, негизги үрп-адаттарыбыз бирдей, тилибиз да бир-бирине жакын деген негизде биригип, “Түркстан” деген мамлекетти курушубуз керек, ошондо эч кимге көз каранды болбогон күчтүү мамлекет болобуз деген пикир күчөп бара жатты. Муну көрүшкөн соң, дароо өзбек, кыргыз, тажик, казак калктарын улутчулдук негизде бир-бирине каршы тукурушту. Нечендеген жылдар ынтымак, жакшы кошуначылык, кудачылык, достук негизинде жашап келген калктарда башаламандыктарды чыгарышты, канчадан-канча бейкүнөө инсандардын, карылардын, аялдардын, жада калса жаш балдардын каны төгүлдү. Максат Сайкс-Пико планынын орустарга калтырылган тарабы негизинде иштелип чыккан жасалма чегараларды сактап калуу, биригип, күчтүү мамлекет куруубузду алдын алуу болгон.
Алар жийиркеничтүү демократияны кабыл алуубуз үчүн: “демократияда дин эркиндиги бар, ар ким өз пикирин айта алат, мамлекет жетекчисин, тагырак айтканда президентти эл шайлайт, ар кандай адам эркин жашайт, бардык мүлк элге таандык болот” – деген жалгандар менен жаңы жашоого көндүрдү.
Динге эркиндиктер берилгендиктен, аста-секин мечиттер мусулмандарга, айрыкча жаштарга толо баштады, Куръан-хадис илимдерин үйрөнүү, сакал коюу, балдарды каары-илимдүү кылуу, ата-энени хаж-умра сыяктуу сапарларга жөнөтүү, аял-кыздардын жоолук, жилбаб кийиши да күчөдү. Калк көптөгөн жылдар жоготкон Исламына кайта баштады. Бирок мектеп жана жогорку окуу жайларынын программаларында да, мечиттерда да – ибадат, адеп-ахлакты эсепке албаганда – Ислам системасын түшүндүрүү иштерине жол берилген эмес. Коомго, экономика, социалдык тармак, башкаруу сыяктуу жалпы исламий чечимдерди, Ислам тарыхын, бизге Исламдын келүү тарыхын үйрөтүү 30-35 жылдан бери жолго коюлбады.
Натыйжада, элибиз, негизинен жаштар Исламды Миср, Саудия же Түркия сыяктуу чет өлкөлөрдөн же интернеттен үйрөнүүгө аракет кылууда. Өз ара талаш болгон маселелердин жообун тапкандар социалдык тармактарда, группаларда бөлүшүп, бир-бирине жеткиришти. Акча үчүн, өз пайдасын ойлоп бузукулук, зина, бачабаздык, баңгилик сыяктуу илдеттерди өнүктүргөн роликтер, фильмдер көбөйгөндүктөн бири-бирибизди ыйманда сактап калалы деп, ыйманды, шариатты, исламий туйгуларды күчөткөн материалдарды таратуу да 2009-жылга келип мыйзам менен тыюу салынды. Жоро-жолдошторду, жаштарды ар түрдүү бузгунчулуктардан сактап калуу үчүн диний темаларды таратуу да кылмышка айланды, жаңы мыйзам менен жада калса аларды сактоо да кылмыш эсептеле турган болду.
Ибадатка же жеке маселеге алакадар иштерде дээрлик каршылык жок, бирок негизги проблема башкаларга мамиле кылууда, маселен: намаз окубай, бузгунчулук, зина сыяктуу ыплас иштер менен шугулданып жүргөн, мас кылган ичимдиктерди, наркотикалык заттарды колдонуп жаткан досторубузга кандай мамиле кылуубуз туура болот? Аларды Аллах Таала бузгунчулуктан кайтарганга чейин күтүүбүз керекпи же Хаж сүрөсүнүн 10-аятында келгендей:
ذَ ٰلِكَ بِمَا قَدَّمَتۡ یَدَاكَ وَأَنَّ ٱللَّهَ لَیۡسَ بِظَلَّـٰمࣲ لِّلۡعَبِیدِ
«Бул (азап) өз колуң (менен) кылган күнөөң себептүү. Аткени, Аллах эч качан пенделерине зулумдук кылуучу эмес», деген аят негизинде “амру-маруф жана нахий мункар” кылып, насихат кылуу зарылбы? Же бул баш ийип, ыраазы болуубуз керек болгон каза иштерденби? Бул жашоодо хидаятты тандап, жаннат үчүн аракет кылуу же тозоктон сактануу инсандын ыктыярындабы же Аллах Тааланын каалоосундабы?
Исламдагы катъий өкүмдү четке кагуу куфр болуп, андайлардын тамагы, никеси жайиз эмес болуп калабы же башкача болобу, тагырак айтканда алар ушул аяттардын кайсынысына туура келет? Аллах Таала айтат:
فَلَا تَخۡشَوُا۟ ٱلنَّاسَ وَٱخۡشَوۡنِ وَلَا تَشۡتَرُوا۟ بِـَٔایَـٰتِی ثَمَنࣰا قَلِیلࣰاۚ وَمَن لَّمۡ یَحۡكُم بِمَاۤ أَنزَلَ ٱللَّهُ فَأُو۟لَـٰۤىِٕكَ هُمُ ٱلۡكَـٰفِرُونَ
“Адамдардан коркпогула, Менден корккула жана Менин аяттарымды арзан нерселерге алмаштырбагыла! Кимде-ким Аллах түшүргөн дин менен өкүм кылбаса, анда, алар кафирлер” [5:44].
وَمَن لَّمۡ یَحۡكُم بِمَاۤ أَنزَلَ ٱللَّهُ فَأُو۟لَـٰۤىِٕكَ هُمُ ٱلظَّـٰلِمُونَ
“Кимде-ким Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса, анда, алар залимдер”. [5:45].
وَمَن لَّمۡ یَحۡكُم بِمَاۤ أَنزَلَ ٱللَّهُ فَأُو۟لَـٰۤىِٕكَ هُمُ ٱلۡفَـٰسِقُونَ
“Кимде-ким Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса, анда, алар фасыктар”. [5:47].
Алар жалган, доомат сыяктуу Куръанда арам кылынган иштерге адаттанып алышса, аларды “фасыктар” дейбиз. Элге, бай-кембагалдарга зулум кылганы үчүн “залимдер” дейбиз. Бирок, алар кафирлер эмес, анткени абдан көп фарз-важибдерди кылышпаса да, арамдарды кылышса да, алар Исламды четке кагышкан жок, болгону билбестен каталык кетирип жатышат. Аларга жетиштүү, түшүнүктүү жеткирилгенден кийин ар бир кеп-сөзү таразага коюлат, жаннатка же тозокко киришине себеп болот. Жаннаттын ачкычы же тозокто азапталышына далил экендигин түшүнүп туруп, четке кагышса кафир болушат.
Жалгыз аял таксиге же намахрам адамдын унаасына чыгышы, кредит алуу, биткоин, криптовалюта сыяктуу электрондук акчалардын соодасы, тармактык маркетинг, электрондук бизнес, акционер, кооператив сыяктуу шериктештиктер, камсыздандыруу жана мамлекет тарабынан буларды документтештирүү, тагырак айтканда ушул компанияларда иштөө, алтын-күмүш тагынчактарды насыяга сатуу халалбы, тирүү адам өзүнүн мүчөлөрүн, канын сатышы же бирөөгө бериши, тагырак айтканда донорлук кылуу, өлүктөрдүн мүчөлөрүн алуу сыяктуу маселелердин өкүмү ханафия мазхабында кандай?
Уламалар кеңеши, муфтият, тагырак айтканда аалым-дамлалар ушул сыяктуу маселелердин чечимин баян кылышы керек, айрыкча, рамазан келе жатат, мечиттер мусулмандар менен абат болот, шайтандар кишенделет, көпчүлүккө Исламды үйрөтүүгө, үйрөнүүсүнө ыңгайлуу учур болот, буга имамдар даярданышы керек.
Исламды жашоосу үчүн негиз кылып алгандар – медреселерде Исламдан таалим алгандар кошулганда да – элдин 1%ын да түзбөйт. Алардын көпчүлүгү Куръанды жатташкан, бирок Исламдан кабарсыз, даъватчы болгондордун көпчүлүгү исламий жогорку окуу жайларында Исламды жетиштүү үйрөнүшкөн эмес. Бирок алар сахабаи-кирамдар сыяктуу ушул хадистеги дуага биз да кошулуп калалы деп, билген нерселерине бекем амал кылууга, колунан келгенче үйрөнгөн өкүмдөрүн жакындарына жеткирүүгө аракет кылышууда. Расулуллах (с.а.в) минтип дуба кылган:
نضَّرَ اللَّهُ امرأً سمِعَ مقالتي ، فبلَّغَها ، فرُبَّ حاملِ فِقهٍ ، غيرُ فَقيهٍ ، وربَّ حاملِ فِقهٍ إلى من هوَ أفقَهُ منهُ
“Менин сөзүмдү угуп, кийин аны башкаларга жеткирген инсанды Аллах жүзүн жарык кылсын. Айрымдар факих (шаръий өкүмдөрдү билген аалым) болбосо да фикхти (шаръий өкүмдү) жеткирүүчү, айрымдар өзүнөн факих болгон адамга жеткирүүчү”. Ибн Маажа риваяты.
Биз акыйданы – инсандын жашоосунун негизи, анын кафир же мусулман болушунун далили деп билебиз. Исламды моюнга алса мусулман, Исламды же анын негиздерин, андагы бирер катъий өкүмдү четке какса кафир болот. Матрудия, Насафий же Тахавия деп аталабы айырмасыз, Ислам гүлдөп-өнүккөн доорлордогу жетик аалымдар ортосунда болгон талкууларды, алардын ортосундагы айырманы көтөрүп, алардын кимиси туура экенини тастыктоону, талкуулашууну жайиз эмес деп билебиз. Аллах Таала акыйда маселесиндеги бир канча аяттарда күмөнгө ээрчүүнү каралаган, маселен:
إِنۡ هِیَ إِلَّاۤ أَسۡمَاۤءࣱ سَمَّیۡتُمُوهَاۤ أَنتُمۡ وَءَابَاۤؤُكُم مَّاۤ أَنزَلَ ٱللَّهُ بِهَا مِن سُلۡطَـٰنٍۚ إِن یَتَّبِعُونَ إِلَّا ٱلظَّنَّ وَمَا تَهۡوَى ٱلۡأَنفُسُۖ وَلَقَدۡ جَاۤءَهُم مِّن رَّبِّهِمُ ٱلۡهُدَىٰۤ
“Ал (наам)дар бир гана силер өзүңөр жана ата-бабаңар коюп алган наамдар. Аллах алар(га сыйынуу) тууралуу эч бир далил түшүргөн эмес. Ал (мушрик)терге Жараткан тарабынан хидаят келгенине карбай алар күмөн жана көңүл каалоолорун гана ээрчишти» [53:23].
Уламалар кеңеши, муфтият кызматкерлери элге исламий чечимдерди – мейли өзүңөр кабыл алган – Матрудий акыйдасы негизинде, ханафия мазхабы боюнча чечип беришиңер зарыл. Биз куфр этикаддарынан, инсандар ойлоп тапкан түзүмдөрдөн кайтарабыз. Бирок Исламга негизделген, сахих ижтихаддан келип чыккан ар кандай амалга, аракетке каршылыгыбыз жок. Мусулмандар жашоодо туш келип жатышкан иштеринин шаръий өкүмдөрүн билүүнү, тапкан ырыскылары адал болушун каалашат, Аллах Таала ыраазы болгон жашоо таризин билүүгө умтулушат.
Бийлик да, уламаларды бир жайга чогултуп, проблемаларды чечип берүүгө, мамлекет тарабынан жардам берүүгө, даъватты тартип менен күчөтүүгө чакырышты. Алар фасыктык кылышпастан, айткан сөздөрү ырас болсо, Исламга болгон этибарынан билинет. Жүрөктөгүсүн билбейбиз, бирок ачыкталган кеп-сөздөрү ушуга далалат кылат.
Эй, уламалар кеңешинин мүчөлөрү жана муфтият кызматкерлери! Азыр болуп жаткан саясатка негизги жоопкер силерсиңер, анткени президент да, депутаттар да, бийлик өкүлдөрү да силерден сурап иш кылууда. Калк Исламды үйрөнүүнү, туура жолду, хидаят жолун табууну каалайт. Бирок даъватчыларды камоо, минбарлардан кууп, аларды элге “террорист, экстремист” деп, доомат-жалгандарды чыгарып душман кылуу менен проблема чечилбейт. Проблема элди бөлүп, адамдарды даъватчыларга каршы кылуу менен эмес, даъватчылар да, дамлалар да адашпастыгы жана башкаларды да адаштырбастыгы үчүн алардан китепке гана негизделип үйрөтүүнү, далил менен даъват кылууну талап кылуу керек.
Ал эми жаштар Исламды, Исламдын бизге келген тарыхын, акыйда, усул фикх илимдерин, таклифий же вазъий өкүмдөрдү, ижтихаддын шарттарын, араб тилин, хадис илимдерин мектептен эле туура түшүнүшү үчүн таалим программасында Исламды негизги орунга коюуну бийликтен талап кылууңар керек. Анткени жаштардын туура жолдо жүрүшү негизги иш болсо, ал эми жакшы жашоо туура жашоо таризин тандоонун натыйжасы болот.
Туура жашоону таалим берүү, адамдарга туура жолду үйрөтүү оболу расул жана пайгамбарлардын негизги вазыйпасы болгон. Азыр пайгамбарлар жок, келбейт дагы, акыркысы Мухаммад (соллалоху алайхи ва саллам) болду. Бул вазыйпа Ислам уламаларына Расулуллахтан (с.а.в) мурас болуп калды. Эми бу жоопкерчилик аалымдардын, тагырак айтканда уламалар кеңеши жана муфтияттын мойнунда. Аллах Таала айтат:
یَـٰۤأَیُّهَا ٱلَّذِینَ ءَامَنُوا۟ لِمَ تَقُولُونَ مَا لَا تَفۡعَلُونَ ()كَبُرَ مَقۡتًا عِندَ ٱللَّهِ أَن تَقُولُوا۟ مَا لَا تَفۡعَلُونَ
«Эй, момундар, силер эмнеге өзүңөр кылбаган нерсени (кылабыз деп) айтасыңар?! Силер өзүңөр кылбаган ишти (кылабыз деп) айтууңар Аллах алдында өтө жаман көрүлгөн (нерсе)». [61:2-3].
Бийликке да, укук коргоо органдарына да кылып жаткан иштери, туура эмес саясаты, тагырак айтканда Куръанга, Аллах Тааланын аяттарына, Динге каршы болуу оор күнөө, эки дүйнө кордугу экенин, эшик-терезеси болбогон эки метрлик жайга баргандан тартып ар бир ишине, зулумуна жооп берүү башталат деп айтышыңар, канааттандырарлык кылып түшүндүрүшүңөр керек. Алар зулумунан, туура эмес саясатынан кайтышпаса, эл алдында өзүңөрдүн жоопкерчилигиңерден кутулуп, Акыретке хужжатыңарды даярдоо менен Расулуллахтын (с.а.в) жолун ээрчиген чыныгы мураскорлору болосуңар.
Инсандын ишенимин, түшүнүгүн камакка алуу, акаараттоо, уруп-сабоо менен өзгөртүү мүмкүн эмес. Айрыкча, Аллахка ишенген, Анын өкүмдөрүн жашоосуна негиз кылгандарды өлүм да кайтара албайт. Андыктан, Исламда мажбурлоо жоктугун, мусулманга зулум кылуу оор күнөө экенин түшүндүрүү керек. Укук коргоо органдары да Үммөттүн бир бөлүгү, Аллахыбыз, Китебибиз, Пайгамбарыбыз, кыбылабыз, жада калса мазарыбыз да бир, бир өлкө перзенттерибиз. Алар да Исламын үйрөнүүнү каалашат, Акырет жашоосуна ишенишет, ошондуктан аларга динге каршылык кылуу, мусулмандарды бир-бирине каршы тукуруу куфрдун планы деп пикир берүү, зулумдан кайтаруу керек. Анас ибн Малик (р.а) Расулуллахтан (с.а.в) мындай хадисти риваят кылат:
انْصُرْ أَخَاكَ ظَالِمًا أَوْ مَظْلُومًا، قالوا: يا رَسُولَ اللَّهِ، هذا نَنْصُرُهُ مَظْلُومًا، فَكيفَ نَنْصُرُهُ ظَالِمًا؟ قالَ: تَأْخُذُ فَوْقَ يَدَيْهِ
“Бурадарыңарга залим болсо да, мазлум болсо да жардам бергиле. Ошондо: Оо, Расулуллах, мазлум болгондо жардам беришибиз түшүнүктүү. Бирок залим болгондо кантип жардам беребиз – деп сурашты. Зулумунан аны кармап каласыңар, ушул нерсе ага жардамыңар болот – деди”. Бухарий риваяты.
Акыйкатсыздыктан, залимдерди зулумунан токтотууну Расулуллах (с.а.в) буйруп жатат. Аллах Таала айтат:
وَتَعَاوَنُوا۟ عَلَى ٱلۡبِرِّ وَٱلتَّقۡوَىٰۖ وَلَا تَعَاوَنُوا۟ عَلَى ٱلۡإِثۡمِ وَٱلۡعُدۡوَ ٰنِۚ وَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَۖ إِنَّ ٱللَّهَ شَدِیدُ ٱلۡعِقَابِ
“Жакшылык жана такыбаалык жолунда көмөктөш болгула, күнөө жана чектен чыгуу жолунда көмөктөш болбогула! Аллахтан корккула! Албетте, Аллахтын азабы катуу”. [5:2].
Абу Масрур ибн Мухаммад