Жаңылыктар

Сүткор банктар 9 айда 115 млрд сом киреше тапты

Сүткор банктар 9 айда 115 млрд сом киреше тапты

2024-жылдын тогуз айында (январь-сентябрь) Кыргызстандагы каржы уюмдар 115 млрд сомдон ашуун киреше табышты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, каржы уюмдардын кирешеси 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26% (дээрлик 24 млрд сом) өскөн. Алардын көпчүлүгү коммерциялык банктар.

Тогуз айда өлкөнүн финансы тармагында 619 уюм иш алып барган. Анын ичинде Улуттук банк, 21 коммерциялык банк, 581 банктык эмес финансы-насыялык уюмдар жана 16 камсыздандыруу компаниялары бар.

Расмий маалымат боюнча, 1-октябрга карата банктар менен банктык эмес финансылык-насыялык уюмдардын портфели 352 млрд сомдон ашкан. Берилген кредиттердин 85%ы банк тармагына туура келет.

Комментарий:

Учурда калктын калың катмары жакырчылык жана жумушсуздуктан жабыр тартып жаткан чакта капиталисттик система жогорудагыдай банк секторунун үлкөн пайдага ээ болушуна мүмкүнчүлүк түзүп берүүдө. Анткени, банк ээлери бийликтегилер менен да, ири капиталисттер менен да табакташ болушат. Бул болсо аларга кризистик абалда да кирешелерин көбөйтүүгө шарт жаратат. Кудум пандемия учурунда фарм компания ээлери жаңыдан миллиардерлердин катарына кошулганы сыяктуу.

Демек, бүгүнкү күндө көйгөй жакырчылык же азык-түлүктүн жетишсиздигине байланыштуу эмес. Тескерисинче, жалпы капитал бир ууч адамдын колунда топтолуп калгандыгында. Анткени, статистика азык-түлүк керектөөдөн эки эсе көп өндүрүлүп жатканын жана дүйнөлүк киреше жыл сайын өсүп жатканын көрсөтүүдө. Ошондуктан, дүйнөгө капиталисттик империализм өкүм жүргүзүп турган чакта биздин өлкөлөр бул көйгөйлөрдөн арыла албайт.

Мунун каршысында, Исламдагы экономикалык саясат бардык жарандардын негизги муктаждыктарын кандыруу жана жогорку керектөөлөрүнө шарт жаратып берүү үстүнө курулат. Ошондой эле, капиталисттик коомдогудай көпчүлүк адамдарды пайдадан куру калтырып, бир ууч адамдар байлыкты топтоп алышына жана сүткордук, монополия, байлыкты казына (канз) кылып басып жатуу сыяктуу иштерге Ислам толугу менен тыюу салат. Аллах Таала айтат:

﴿كَيْ لَا يَكُونَ دُولَةً بَيْنَ الْأَغْنِيَاءِ مِنْكُمْ﴾

«Тээ, силердин араңардагы байлардын ортосунда гана айланып жүрө бербеши үчүн» [Хашр: 7].

Нурдин Асаналиев

turkistonkg

Recent Posts

Акырет камы

Бисмилаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Акырет камы  Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн…

9 hours ago

1-январдан тарта жол салыгы алына баштайт

1-январдан тарта жол салыгы алына баштайт 1-январдан тарта өлкөдөгү жолдор үчүн автоунаа ээлери май куйганда…

2 days ago

Жүрөктөрдүн азгырыктарга туш болуусу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Жүрөктөрдүн азгырыктарга туш болуусу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

3 days ago

ДАЮС жаннатка кирбейт

ДАЮС жаннатка кирбейт وعن عمار رضي الله عنه أنه عليه الصلاة والسلام قال :( ثلاثة…

5 days ago

“Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамдын максаты

“Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамдын максаты Азыр бүткүл дүйнө боюнча капитализм колдонулуп…

5 days ago

Жергиликтүү шайлоо: Калк демократиядан баш тартууда

Жергиликтүү шайлоо: Калк демократиядан баш тартууда Кыргызстанда 17-октябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп өттү. Борбордук шайлоо…

5 days ago