Макала

Акырет камы

Бисмилаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Акырет камы

 Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

عَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ مَنْ كَانَتْ الْآخِرَةُ هَمَّهُ جَعَلَ اللَّهُ غِنَاهُ فِي قَلْبِهِ وَجَمَعَ لَهُ شَمْلَهُ وَأَتَتْهُ الدُّنْيَا وَهِيَ رَاغِمَةٌ وَمَنْ كَانَتْ الدُّنْيَا هَمَّهُ جَعَلَ اللَّهُ فَقْرَهُ بَيْنَ عَيْنَيْهِ وَفَرَّقَ عَلَيْهِ شَمْلَهُ وَلَمْ يَأْتِهِ مِنْ الدُّنْيَا إِلَّا مَا قُدِّرَ لَهُ

Анас бин Малик риваят кылат. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: «Ким Акырет үчүн кам көрсө, Аллах анын байлыгын жүрөгүнө салат жана иштерин ыраттуу кылып, дүйнө иштерин жеңилдетет. Дүйнө ага каалабаган абалда келет (б.а. өз-өзүнөн келет). Ал эми кимдин камы дүнүйө болсо, Аллах анын жакырчылыгын көз алдына алып келет жана иштери ирээтсиз болуп, дүйнө иштери ага кыйындайт. Тагдырына жазылган дүнүйөдөн башка берилбейт.

Тухфат аль-Ахвазий “Жамиъ ат-Тирмизи”ге берген шархында айтат:

“Камы” деген ниет-максатын билдирет. Мишкатта “кимдин ниети акыретти издөө болгон болсо” деген сөз менен келген. “Аллах анын байлыгын жүрөгүнө салат” дегени, ал талап кылуу менен чарчап калбашы үчүн, колунда бар нерсеге канаат кылып, ыраазы боло тургандардан кылат. Башкача айтканда, анын ар кандай чачыранды иштерин өзү сезбеген абалда себептерин камсыз кылуу менен ырааттуу кылып, ойлорун жыйынтыктуу кылат.

“Ага дүнүйө келет” дегени, ага тагдырынга жазылган жана анда ага берилген нерсе. “Каалабаган абалда” б.а ага моюн сунуучу абалда келет. Аны издөө үчүн көп күч-аракетти талап кылбайт. Тескерисинче, ал каалоосуна карабастан, ага жеңил жол менен келет.

“Кимдин камы бул дүйнө болсо” деген Мишкатта “Кимдин ниети бул дүйнө жыргалчылыгын издөө болсо” деп келген. “Аллах анын кедейлигин көз алдына алып келет” б.а жаратылган нерсеге муктаждыгын көз алдында кылып коёт. “Анын иштерин чачыранды кылат” дегени анын ырааттуу иштерин чачыранды кылат. “Ага бул дүйнөдөн ага тагдырына жазылгандан башка эч нерсе келбейт” тактап айтканда, өз каалоосу менен аны издегенине карабастан, талап кылганына жетпейт.

Имам Ибн аль-Кайим (Аллах аны ырайымына алсын) айтты: “Эгер пенденин эртең мененки жана кечки камы бир гана жалгыз Аллах болсо, Аллах Таала анын бардык муктаждыктарын чечет. Ал өзүнө тиешелүү нерселердин баарын андан алып, Аллахты сүйүүсү үчүн жүрөгүн, зикир үчүн тилин, моюн сунуусу үчүн дене мүчөлөрүн бошотот. Ал эми эртең мененки жана кечки түйшүгү бир гана дүйнө табуу болсо, анда Аллах ага түйшүктөрүн, кыйынчылыктарын, кайгы-капаларын өзүнө тапшырат…”.

Сүйүктүү бир туугандар!

Дүнүйөнү сүйүү жана аны менен алек болуу Аллах Таалага моюн сунуп, Ага чындап ибадат кылууну унуттуруп  койду. Бул тууралуу көптөгөн аяттар жана асыл хадистер келген. Алардын бири ушул асыл хадис. Бул хадис бизге унуткан нерселерибизди эстеп, жүрөгүбүздүн тынчтыгын арттырып, бул дүйнөнү жана ага болгон сүйүүнү таштап, Аллахтын ыраазылыгын, бул дүйнөдө жана акыретте бактылуулукту издөөгө багыттоочу кыймылдаткыч күчтү пайда кылуу үчүн айтылды. Аллах Таала айтат:

زُيِّنَ لِلنَّاسِ حُبُّ الشَّهَواتِ مِنَ النِّساءِ وَالْبَنِينِ وَالْقَناطِيرِ الْمُقَنْطَرَةِ مِنَ الذَّهَبِ وَالْفِضَّةِ وَالْخَيْلِ الْمُسَوَّمَةِ وَالأَنْعامِ وَالْحَرْثِ ذلِكَ مَتاعُ الْحَياةِ الدُّنْيا وَاللهُ عِنْدَهُ حُسْنُ الْمَآب ِ﴾

Адамдарга аялдар, балдар,түгөнбөс алтын-күмүш байлыктар, (кымбат) баалууаттар, мал жана эгин-тегиндер сыяктуу көңүл каалай турган нерселер, кооз, көркөм кылып көрсөтүлдү. Акыйкатта болсо, бул нерселер жалган дүйнө жашоосунун (өтүп кетчү) нерселери. Алланын даргөйүндө болсо эң кооз, көркөм бара турган жай-Бейиш бар. (Башкача айтканда убактылуу, өткөөл нерселерге көп алаксыбай, чыныгы кооздуккөркөмдүктү сүйүү керек). (Аали имран: 14).

Аллах Тааладан бизге бул дүйнөнү эң чоң түйшүккө айлантпашын, илимибиздин жеткен чеги кылбашын тилейбиз.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 9-жумадул уула.

2024-ж, 11-ноябрь.

turkistonkg

Recent Posts

Сүткор банктар 9 айда 115 млрд сом киреше тапты

Сүткор банктар 9 айда 115 млрд сом киреше тапты 2024-жылдын тогуз айында (январь-сентябрь) Кыргызстандагы каржы…

6 hours ago

1-январдан тарта жол салыгы алына баштайт

1-январдан тарта жол салыгы алына баштайт 1-январдан тарта өлкөдөгү жолдор үчүн автоунаа ээлери май куйганда…

2 days ago

Жүрөктөрдүн азгырыктарга туш болуусу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Жүрөктөрдүн азгырыктарга туш болуусу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

3 days ago

ДАЮС жаннатка кирбейт

ДАЮС жаннатка кирбейт وعن عمار رضي الله عنه أنه عليه الصلاة والسلام قال :( ثلاثة…

5 days ago

“Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамдын максаты

“Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамдын максаты Азыр бүткүл дүйнө боюнча капитализм колдонулуп…

5 days ago

Жергиликтүү шайлоо: Калк демократиядан баш тартууда

Жергиликтүү шайлоо: Калк демократиядан баш тартууда Кыргызстанда 17-октябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп өттү. Борбордук шайлоо…

5 days ago