Макала

Туруктуулук менен ыймандын ортосундагы амал

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Туруктуулук  менен ыймандын ортосундагы амал

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Ибн Хажар аль-Аскаланинин Фатх аль-Барисинде “Сахих аль-Бухариге” шарх жазып, “Жамиъул-Авсаф ал-Ислам” бөлүмүндө айтат:

حدثنا علي بن عبد الله حدثنا محمد بن عبد الرحمن أبو المنذر الطفاوي، عن سليمان الأعمش قال: حدثني مجاهد عن عبد الله بن عمر رضي الله عنهما قال: أخذ رسول الله صلى الله عليه وسلم بمنكبي فقال كن في الدنيا كأنك غريب أو عابر سبيل. وكان ابن عمر يقول إذا أمسيت فلا تنتظر الصباح وإذا أصبحت فلا تنتظر المساء وخذ من صحتك لمرضك ومن حياتك لموتك

Бизге Али бин Абдуллах Абдулла бин Умардан (Аллах алардан ыраазы болсун)  риваят кылып айтты: “Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) мени ийинимден кармап: “Бул дүйнөдө чоочун же жолоочу  адамдай бол”, – деди. Ибн Умар айтат: “Эгер кеч болсо таңды күтпө, таң атса, кечти күтпө, ооруңдан  мурун ден соолугуңду, өлүмүңдөн мурун өмүрүңдү натыйжалуу колдон”.

Сүйүктүү бир туугандар!

Сөздөрдүн бермети болгон Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бул хадисин аалымдар сөздүн бермети деп аташкан.  Анткени, Исламдын усулу ушул эки сөз менен биригет: ыйман жана туруктуулук. Ислам – бул тавхид жана итаат. Тавхид  ыйман аркылуу пайда болот. Ал эми, баш ийүү туруктуулук аркылуу ишке ашат. Бул Аллах Тааланын ушул сөзүнүн мааниси:

(إِنَّ الَّذِينَ قَالُوا رَبُّنَا اللَّهُ ثُمَّ اسْتَقَامُوا تَتَنَزَّلُ عَلَيْهِمُ الْمَلائِكَةُ أَلاَّ تَخَافُوا وَلا تَحْزَنُوا)

“Чындыгында, “Биздин Раббибиз – Аллах” деп, анан ошол ыйманында туруктуу болгондорго периштелер “Коркпогула жана кайгырбагыла” дешет”. (Фуссилат: 30).

Эй мусулмандар!

Туруктуулук – бул туура жолдо жүрүү. Мусулмандардын учурдагы жүрүм-туруму бул түз жолдон алыс. Анткени пенделерге Аллахтын мыйзамын толук колдонуу гана туруктуулукка алып келет. Бүгүнкү күндө мусулмандардын вакыйына көз чаптырган адам абал мындай эмес экенин даана көрөт. Шариятты толук колдонуу да,  жихад да, жеңиш да, күч да, даңк  да жок экенин көрөт. Мусулмандар үстүлөрүндөгү малай жетекчилерден кутулганга чейин мындай туруксуз абал улана берет. Ал эми, мусулмандардын мындай абалда калуусу хадистеги туруктуулук менен ыймандын ортосундагы амалга карама-каршы келет.

Оо Аллахым, бизге мусулмандарды бириктирип алардын башындагы балээлерден арылта турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги туура жолдогу  халифалык мамлекетин тездет. Оо Аллахым, Өз нуруң менен жер жүзүн жарык кыл.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 27-Робиул аввал.

2024-ж, 30-сентябрь.

turkistonkg

Recent Posts

Аллах биздин орозобузду жана намазыбызды кабыл кылабы?

Аллах биздин орозобузду жана намазыбызды кабыл кылабы? Аллах Таала Өзүнүн шариатында бардык иштерибизди таразага салып…

15 hours ago

Адамдын улуу сыйлыктан кур калуусу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адамдын улуу сыйлыктан кур калуусу Урматтуу бир туугандар “Асыл…

15 hours ago

Орозо кармоо жана түнү намазга туруу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Орозо кармоо жана түнү намазга туруу Урматтуу бир туугандар…

15 hours ago

Орозо кармагандар үчүн Ар-Райян дарбазасы ачылат

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Орозо кармагандар үчүн Ар-Райян дарбазасы ачылат Урматтуу бир туугандар…

15 hours ago

Орозо жана бейиштин эшиктери

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Орозо жана бейиштин эшиктери Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

15 hours ago

Муфтият айт күнүн алдын ала белгиледи

Муфтият айт күнүн алдын ала белгиледи Муфтият Орозо айт күнүн 30-мартка белгиледи. Бул тууралуу билдирүү…

2 days ago