Жаңылыктар

Казино ээлерине жеңилдик берилет

Казино ээлерине жеңилдик берилет

20-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окуудан өттү.

Депутат Нуржигит Кадырбековдун айтымында, өзгөртүүлөрдө оюн-зоок бизнесине салыктык жеңилдиктер берилүүдө. Казиного уруксат берилген учурда “жылына 2-3 млрд сом киреше түшөт” деп айтылган. Бирок, жылына 100 миллион сом да түшкөн эмес.

Эске салсак, казино ишмердигине 2012-жылы 1-январда салынган тыюу 2022-жылы алынган. Кумарканага уруксат берген мыйзамга президент Садыр Жапаров калктын катуу каршылыгына карабай, 30-июнда кол койгон.

Комментарий:

Бүткүл дүйнөгө өкүмдарлык кылып жаткан капиталисттик система кыргыз коомун да караңгылыктан караңгылыкка сүйрөп, байлыктын жеке адамдардын колуна топтолуусуна, зыяндын калктын мойнуна илинүүсүнө шарт түзүп берүүдө. Бул түзүм ахлактык, рухий жана инсаний баалуулуктарга көңүл бурбаганы аз келгенсип, материалдык баалуулуктар жалаң гана капиталисттердин колунда айлануусун камсыздап келет. Ахлакка көңүл бурулбагандыктан казино, сойкулук, зынакорлук, араккечтик сыяктуу бузукулуктар кең жайылууда. Рухий кыймат тебелеп-тепселгенин бийлик тарабынан Исламий баалуулуктарга каршы мыйзамдар, чектөөлөр киргизилип жатканынан көрүп турабыз. Ал эми, инсаний баалуулукка тескери түрдө инсандарда эгоизм, керт башынын кызыкчылыгын гана ойлогон иштер күчөп барууда. Анткени, капиталисттик түзүмдүн табияты ушундай. Анда пайдага гана көңүл бурулат. А бирок, бул пайда дагы капиталисттердин гана кызыкчылыгы үчүн болуп, аларга гана жеңилдиктер, мүмкүнчүлүктөр түзүлүп берилет. Ал эми, мамлекеттин чыгымдары карапайым калктын мойнуна салык жана төлөмдөр менен оор жүк болуп илинет. Маселен, кыргыз өкмөтү акыркы бир жыл ичинде эле светтин баасын 11 пайызга, жылуулук жана ысык суунун тарифин үч эсе кымбаттатты. Соодагерлерге ККМ орнотуу менен бюджеттин дээрлик жарымын түзгөн НДС салыгын көтөрүүнү көздөп жатат. Бул салыктар айланып келип эле калк сатып алган негизги товарлардын баасы кымбатташына алып келет. Ансыз да жылдык инфляция 11 пайыздан ашып, айрым азык-түлүктөр эселеп кымбаттоодо.  Натыйжада, карапайым калктын жүгү барган сайын оорлоп жатса, бир ууч капиталисттердин байлыгы артып барууда. Маселен, 2022-жылы Кыргызстандагы сүткор банктардын кирешеси беш эсе көбөйүп, 23,7 млрд сомду түзгөн. Ал эми, өткөн жылы банк тармагынын кирешеси  24,1 млрд сомго жетти.

Булардан маалым болгондой, учурдагы өкмөт сүткор банктардын жана казино сыяктуу бузукулук жайган капиталисттердин пайдасын арттыруу үчүн мыйзамдарды чыгарып, шарт түзүп берүүдө. Ал эми, карапайым калктын күнүмдүк кирешесине чейин эсептеп, салыктарды көбөйтүү менен калктын жонунан кайыш тилип жатат. Анткени, капитализм ушундай зулумдукка негизделген. Капитализм Исламдын тескериси болуп, жакырдан алып байга берет. Муну ар кандай көз боемочулук ыкмалар менен жасайт. Ушундай болгон соң бул ыплас түзүмдөн кутулуп, коомго адилеттик, бакубат турмуш тартуулай турган Исламга талпынуу убагы келди! Аллах Таала айтат:

[اَفَحُكْمَ الْجَاهِلِيَّةِ يَبْغُونَؕ وَمَنْ اَحْسَنُ مِنَ اللّٰهِ حُكْماً لِقَوْمٍ يُوقِنُونَࣖ]

Алар (сенин өкүмүңө ыразы болбой) жахилий (исламдан башка) өкүмдөрдү каалашат бекен?! Акылы тунук коом үчүн Аллахтан да жакшы өкүм түзүп берүүчү ким бар?! (Mаaида: 50).

Мумтаз Маверанахрий

turkistonkg

Recent Posts

Айт намазы аянтта окулбайт

Айт намазы аянтта окулбайт Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) Орозо айт намазы 30-мартта жума-мечиттерде өтөрүн…

4 hours ago

Рамазан айынын акыркы он күнүнүн пазилети

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Рамазан айынын акыркы он күнүнүн пазилети Урматтуу бир туугандар…

4 hours ago

Рамазан айында итикаф

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Рамазан айында итикаф Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

4 hours ago

Кадыр түн

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Кадыр түн Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн…

4 hours ago

Аллах биздин орозобузду жана намазыбызды кабыл кылабы?

Аллах биздин орозобузду жана намазыбызды кабыл кылабы? Аллах Таала Өзүнүн шариатында бардык иштерибизди таразага салып…

1 day ago

Адамдын улуу сыйлыктан кур калуусу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адамдын улуу сыйлыктан кур калуусу Урматтуу бир туугандар “Асыл…

1 day ago