Басма сөз баянаты

Руфижи дарыясынын ташкынында инсаний фактор бар

Басма сөз баянаты

Руфижи дарыясынын ташкынында инсаний фактор бар

Хизб ут-Тахрир–Танзания жээк регионундагы Руфижи жана Кибити вилаяттарында болгон суу ташкынында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтат.

Ушул кырсыктуу суу ташкындарынан улам 23 миңден ашуун үй-бүлө жана 33,930,24 гектар эгин талаасы зыян көрүп, жалпысынан 88 миң киши негизги кызматтарга муктаж абалда турушат. Ошондой эле экономикалык жана социалдык иш-аракет бузулган.

Хизб ут-Тахрир–Танзания ушуга байланыштуу баян кылат:

а)   Бул суу ташкындарында инсаний фактор бар, буга «Жулиус Ньерере» гидроэлектростанциясы жана дамба долбоорундагы келишпестик, ошондой эле саясатчылардын кайдыгерлиги жана жоопкерсиздиги себеп болду. 2024-жылы мартта дамбадагы суунун көрсөткүчү 164,8 куб метрге жеткен… Натыйжада дамба агып келген сууну сыйдыра албады, ошондуктан Руфижи дарыясынын ташкынына себеп болгон сууну коё берүүгө туура келди. Бул болсо анын айланасында жайгашкан элге таасир кылды… Бул жерде кайдыгерлик жана жоопкерсиздик даана көрүнүп турат. Анткени дамбанын техникалык тобу өкмөттү алдын ала эскертип, боло турган кырсыкты божомол кылган… Бирок саясатчылар адамдарды коргоо жана эвакуация кылуунун ордуна жардам кызматтарын көрсөтүүнү күтүшкөн.

б)   Бул суу ташкындары ушундан дарек берет – бул капиталисттик долбоорлордо, өзгөчө, мега долбоорлордо калктын бакубатчылыгынан көрө капиталисттердин жана саясатчылардын кызыкчылыгына көңүл бурулган, калктын дарты жана убайымы эсепке алынбаган. Таң калычтуусу, ушул долбоор башка долбоорлор катары адамдарга жардам көрсөтүүгө багытталган «стратегиялык долбоорлор» деп каралууда. Бирок бул суу дамбасы али ишке түшпөй жатып инсандардын өмүрүн жана мал-мүлкүн алып, айыл чарбасын жок кылды.

в)   Өнүгүп келе жаткан мамлекеттер эгемендикке жетиштик дешсе да, алардын долбоорлору дале колонизаторлук мурасынын үлгүсүн алып барууда. Колонизаторлук долбоорлору жергиликтүү калкка жана аймакка пайда келтирүүдөн көрө колонизатордун экономикалык кызыкчылыктарын көздөйт.

г)   Туура идеологиялык негизге ээ болбогон ресурстар инсандардын бакубатчылыгы боюнча реалдуу өзгөрүү алып келбейт. Маселен, Африка социалдык-экономикалык турмушту идеалдуу абалга өзгөртө турган ири ресурстарга ээ. Бирок ал идеологиялык көз карандысыздыкка ээ болбогону үчүн бул ресурстарды ач көз саясатчылардын чөнтөгүн толтурган Батыш капиталисттери талап-тоношууда. Мына, Руфижи дарыясы 600 километрге созулган ири суу ресурстарынын бири болуп, бул дарыяда курулган суу дамбасы Африкадагы үчүнчү эң чоң дамба болуп эсептелет. Бирок ал ишке түшпөй жатып ойрондулук алып келди!

Капиталисттик системанын жараксыздыгы анын тамырында жана түзүмүндө жатат. Капитализмдин негизги аракети адамдарга кам көрүү эмес, тескерисинче пайда-кызыкчылык. Жалгыз Ислам гана Халифалык мамлекетинде инсандардын иштерине калыстык менен камкордук кыла алат. Анткени ал инсандын бардык дунявий иштерин Акыретке байлоодо рухий күчкө ээ.

 

Масъуд Мусаллим

Хизб ут-Тахрирдин Танзаниядагы

басма сөз бөлүмүнүн төрагасы

 

turkistonkg

Recent Posts

Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда!

Басма сөз баянаты Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда! Кыргыз бийлиги сентябрь аында…

2 days ago

КЫЗЫЛ-ОМПОЛ КЕНИ ИШКЕ БЕРИЛДИ

Кызыл-Омпол кени ишке берилди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү…

3 days ago

Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу

Бисмиллааахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу Урматтуу…

3 days ago

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ!

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ! Ушул күндөрдө АКШнын Нью-Йорк…

3 days ago

Өкмөт жолдон эки жолу салык алууну көздөп жатат

Өкмөт жолдон эки жолу салык алууну көздөп жатат Министрлер кабинети Кыргызстанга ташылып келген күйүүчү-майлоочу майдын…

3 days ago

Илим ээлери жана аалымдар

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Илим ээлери жана аалымдар Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

4 days ago