Жаңылыктар

Кайра шайлоо: демократия ишеничтен кетти

Кайра шайлоо: демократия ишеничтен кетти

28-апрелде Кыргызстандын үч аймагында – Ош, Баткен, Кара-Суу бир мандаттуу округдарында парламентке кезексиз шайлоо аяктады. Бул үч округдан шайланып келген мурдагы депутаттар мандатын тапшырышкан. Буга алардын Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы себеп болгону айтылган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы маалыматына ылайык, бир мандаттуу Ош округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо талапкер Бекмурза Эргешов добуштардын 43,80%ын (9 698 адам) алып алдыга чыкты. Кара-Суу округунда 36,16% (7 601 адам) добуш менен Илимбек Кубанычбеков алдыга чыкты. Эки округда тең добуш бергендер 20%га жеткен жок. Ал эми, Баткен округунда 40,97% добуш менен Бактыяр Калпаев алдыга чыкты. Бул облуста 24,38% шайлоочу (27 396 адам) добуш берди.

Өткөн жылы Ленин округунда кезексиз шайлоодо 124 миң 908 шайлоочунун 17 миң 423ү (13,95%) гана добуш берген. Бул Кыргызстанда эң аз шайлоочу катышкан шайлоолордун бири болгон. 2017-жылдагы президенттик шайлоого шайлоочулардын 56% катышса, 2021-жылдагы президенттик шайлоодо 39,75% гана добуш берди. 2020-жылы Жогорку Кеңешке болгон шайлоого шайлоочулардын 56,2%, 2021-жылы 34,93% келген. 2020-жылы 3,5 миллиондой шайлоочу болсо, 2021-жылы шайлоочулардын саны 3 миллион 700 миңге жеткен.

         Турмуш чындыгында шайлоого катышкандардын саны демократиялык системага карата калктын ишеним көрсөткүчү болуп эсептелет. Тагыраагы, Кыргызстандагы шайлоочулар негизги бөлүгү шайлоону бойкот кылганын билдирет! Анткени, калк демократиядан да, бири-биринен айрымаланбаган бийликтен да, жалаң гана чиновниктер менен акчалуулардын кызыкчылыгына кызмат кыла турган шайлоолордон да чарчады. Мунун себеби, Кыргызстан “эгемендүү” болгондон бери келген бийликтер өлкөнү алсыратуу, калкты жакырлаштыруу үстүндө жарыша иштеди. Шайлоо же төңкөрүш жолу менен келген акимдер бул жолдо бири-биринен айырмаланган жок. Ар бир тармак артка кеткени аз келгенсип, коррупция, адилетсиздик аны менен катар ахлаксыздык кең жайылды. Мунун негизги себеби алар башкарып жаткан демократиялык система экени талашсыз. Анткени, демократия жалаң гана алдоолордон турат. Маселен, демократия – бул калктын бийлиги дешет. Калк түздөн-түз өзүн башкара албагандыктан, алар жетекчини өздөрүнөн өкүл катары шайлай турганын айтышты. А бирок, тажрыйбада бул мүмкүн эмес экенин көрүп жатабыз. Тагыраагы, шайлоолор акчалуулар менен бийликти колунда кармагандардын кызыкчылыгына ылайык өткөрүлө турганын, мыйзамдар мына ушул бир ууч адамдын кызыкчылыгы үчүн иштей турганын көрүп келатабыз.

Алар дагы демократия – бул эркиндик дешет. Түпкүлүгүндө, бул дагы алдоодон башка нерсе эмес. Анткени, эркиндик – кулдун кожоюнунан азат болушун билдирет. Башкача айтканда, адамдын өзү каалаган нерсесин каалаган учурда жасоосу. Мындай эркиндик коом ичинде болушу мүмкүн эмес. Анткени, коом ичинде адам эрежелерге моюн сунууга мажбур болот жана эрежеге моюн сунбагандар жазаланат. Мындан улам, Батыш муфаккирлери демократияга жаңы аныктама берип: “Мыйзамдар уруксат берген чек ара ичинде каалаганыңды жасоо укугу” дешти. Бул аныктамага карай турган болсок, тарыхтагы бардык коомдор кайсы бир мыйзам негизинде жашаган жана мыйзамдар уруксат берген чек арада өздөрү каалаган нерсени жасашкан. Демек, өзгөргөн эч нерсе жок. Болгону, мыйзам ичиндеги эркиндиктер кеңейди. Тагыраагы, арам-адалга карабай ичип-жегенге, каалаган нерсеге сыйынууга, эркек-эркекке, аял-аялга турмушка чыгуусуна, а түгүл жаныбарлар менен турмуш курууга уруксат берилди. Коррупция, сүткорлук, уурулук менен жашоо кечирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Байыркы феодал жана кул ээлөөчүлөр сыяктуу эле бүгүн да азчылыкты түзгөн капитал ээлери мыйзамдарды белгилей турган болушту.

Демократиялык түзүмдүн тарапкерлери дагы көпчүлүктүн добушу чечүүчү күчкө ээ экендигин айтышат. А бирок, Кыргызстанда өткөн шайлоолор бул куру сөз экендигин далилдеп койду. Эгер алар айткандай “көпчүлүктүн” пикири эсепке алынса, шайлоочулардын 60-70 пайызы катышпаган шайлоонун натыйжасы жокко чыгарылышы керек болчу.

Алар дагы шайланган башкаруучу жалпы калктын жетекчиси экенин айтышат. Бул дагы акыйкаттан алыс. Анткени, демократияда партиялар башкаруучу жана оппозициялык болуп экиге бөлүнөт. Натыйжада коом да бийликти колдогон жана ага каршы болуп экиге ажырайт. Мындай абалда, бир тараптын талаптары орундалбай калышы табигый. Маселен, ЛГБТга каршы сөздөрү, намаз окуганы үчүн көпчүлүктүн добушуна ээ болгон талапкерди карап көрөлү. Ал кызматка келиши менен шайлоочуларынын бул багыттагы талаптарын аткарууга, тагыраагы, ЛГБТ өкүлдөрүнүн иштерине тыюу салган мыйзамдарды ишке ашырууга аракет кылат. Муну менен коомдун бир бөлүгү болгон азчылыкты куугунтуктоого туура келет. Ал эми, биздин өлкөдө конституциянын булагы демократиялык система болгондуктан, жыныс эркиндиги камсыздалган. Натыйжада, көпчүлүктүн талаптары орундалбаган болот. Демек, мусулмандар аста-секин шайлоо аркылуу жеңишке жетишебиз деген ой да алдоодон башка нерсе  эмес.

Мына ушундай алдоолордон көңүлү калган мусулмандарды добуш берүүгө мажбурлап, айып салууга аракет кылышууда. Маселен, депутат Тазабек Икрамов шайлоодо добуш берүүгө катышпай койгон жарандарга айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарып, ноябрь айынын аягында кайра артка чакыртып алган. Бул демилгени президент Жапаров да элдик курултайдын жыйынында айткан жайы бар. Бул болсо демократтар айтып жаткан “тандоо эркиндиги” жомок экенин ачык көрсөтүп турат. Андыктан, мындай алдоолор кишенине түшүп калуудан этият болушубуз шарт. Умар разияллаху анху айткан: «Мусулман алдабайт да, алданбайт дагы». Расулуллах ﷺ айтат:

«لَا يُلْدَغُ الْمُؤْمِنُ مِنْ جُحْرٍ وَاحِدٍ مَرَّتَيْنِ»

«Момун бир тешиктен эки ирээт чактырбайт».

         Негизи Ислам бүгүнкү демократиялык системага  толугу менен карама-каршы келет жана анда адамдын мыйзам чыгаруусуна эч бир орун жок. Алла Таала айтат:

“Жок, Роббиңе ант, тээ алар өз ортолорунда чыккан келишпестиктерде сени өкүм чыгаруучу кылышмайынча жана сен чыгарган өкүмдөн дилдеринде эч кандай мүчүлүштүк таппай, толук моюн сунушмайынча эч качан момун боло алышпайт”.

         Шайлоо жана тандоо маселесинде Ислам шариатында өзүнчө өкүмдөр бар болуп, ал Батыш түзүмүндөгү шайлоолордон да, мусулман өлкөлөрүндө колдонулуп жаткан ыплас түзүмдөрдөн да айырмаланат. Ислам шариатындагы шайлоо эч кандай кысым жана мажбурлоосуз эркин өткөрүлөт. Ар бир адам – эгер, өзүн жөндөмдүү деп билсе же башка мусулмандар аны жөндөмдүү деп эсептешсе – шайлоого өз талапкерлигин коюу жана шайлануу укугуна ээ. Мунун шарты – Ислам жана өкүмдөрү шайлоодо негиз болушу.

     Жыйынтыктап айтканда, биз мусулмандар шайлоо деген жалганга алданбашыбыз, аны менен алек болуп калбашыбыз шарт. Ошондой эле, ага катыштыруу үчүн жасалып жаткан аракеттерге катуу каршы турушубуз зарыл. Ушундай кылмышкер режимдин парламентине же өкмөтүнө кошулуу болсо кылмышкерлердин өмүрүн узартат. Себеби, шайлоолор бизди улуу максаттан чалгытуучу оюн. Улуу максат – бүгүнкү бузукулук жана коррупцияга баткан режимди жана аларды колдоп-кубаттап келген империалисттик түзүмдү кулатып, анын ордуна Исламды жашоого алып келүү. Аллахтан Ислам үммөтүн туура өзгөрүү жасоо нээматы менен сыйлашын, акимдердин айла-амалын жана адашууларын бизден алыс кылышын сурайбыз.

         Мумтаз Маверанахрий

turkistonkg

Recent Posts

Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда!

Басма сөз баянаты Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда! Кыргыз бийлиги сентябрь аында…

2 days ago

КЫЗЫЛ-ОМПОЛ КЕНИ ИШКЕ БЕРИЛДИ

Кызыл-Омпол кени ишке берилди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү…

3 days ago

Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу

Бисмиллааахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу Урматтуу…

3 days ago

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ!

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ! Ушул күндөрдө АКШнын Нью-Йорк…

3 days ago

Өкмөт жолдон эки жолу салык алууну көздөп жатат

Өкмөт жолдон эки жолу салык алууну көздөп жатат Министрлер кабинети Кыргызстанга ташылып келген күйүүчү-майлоочу майдын…

4 days ago

Илим ээлери жана аалымдар

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Илим ээлери жана аалымдар Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

5 days ago