Басма сөз баянаты

Учурдагы өкүмдарлар Хизб-ут-Тахрирдин Афганистандагы расмий сүйлөөчүсүн жана бир нече Хизб мүчөлөрүн камакта кармап келүүдө. Негизи, алардын Халифалыкка даъват кылуудан башка «кылмышы» жок!

Басма сөз баянаты

Учурдагы өкүмдарлар Хизб-ут-Тахрирдин Афганистандагы расмий сүйлөөчүсүн жана бир нече Хизб мүчөлөрүн камакта кармап келүүдө.

Негизи, алардын Халифалыкка даъват кылуудан башка «кылмышы» жок!

Коопсуздук күчтөрү Хизб-ут-Тахрир–Афганистан вилаятынын маалымат бөлүмүнүн төрагасы Сайфуллах Мустанирди жана Хизбдин бир нече мүчөлөрүн хижрий 1445-жылы шаъбан айынын акырынан бери камакта кармап келүүдө. Негизи, алардын Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөөгө даъват кылуу жана бул жолдо күрөшүүдөн башка «күнөө» жана «кылмышы» жок! Бул камакка алуулар Халифалыктын кулатылгандыгынын 103 жылдыгын эскерүү үчүн уюштурулган «Халифалык: Пайгамбарлыктын саясий мурасы» деген конференциядан кийин болду. Бул сыяктуу конференциялар башка мусулман өлкөлөрүндө жана Афганистандын айрым вилаяттарында да болуп өткөн.

Сайфуллах Мустанир Халифалыкты тикелөө үчүн күрөшүп жаткан Умматтын сыймыктуу жана айкөл уулдарынын бири. Ал Америка баскынчылыгы доорунда пикир жана саясат тармагында күчтүү каармандардын бири болгон. Жүздөгөн билдирүүлөрү, макалалары, саясий талдоолору жана телевидениеде берген маектери менен баскынчылардын карамүртөз кылмыштарын жана республиканын былыктарын ачыкка чыгарып келген. Бирок, өкүнүчтүүсү, азыркы өкүмдар режимдер доорунда Сайфуллах Мустанир жана Хизб-ут-Тахрирдин кээ бир мүчөлөрү Умматтын даңкын кайтарууга аракет кылышканы жана мусулмандардын тарыхындагы эң кайгылуу окуя болгон Халифалыктын кулатылганын ачыкташканы үчүн камакка алынышууда! Халифалыкты кайра тикелөө жана мусулмандардын пикирий, саясий, аймактык биримдиги үчүн аракет кылуу күнөө же кылмышпы?! Эгер бул кылмыш болсо, анда, кандай шаръий өкүмгө таянышты? Түпкүлүгүндө, өзүн исламий эсептеп жаткан мамлекеттер Халифалык кулатылган күндү эскерүүсү жана Халифалык Умматка канчалык маанилүү экендигин түшүнүүлөрү зарыл. Бирок, бүгүнкү режимдер андай кылбай жатышат. Кала берсе, ушул аракетти өздөрүнө исламий фарз катары көргөн жана ушуга аракет кылып жаткан адамдарды кордоп жатышат!

﴿أَفَنَجۡعَلُ ٱلۡمُسۡلِمِينَ كَٱلۡمُجۡرِمِينَ * مَا لَكُمۡ كَيۡفَ تَحۡكُمُونَ﴾

«Акыры Биз мусулмандарды кылмышкер-кафир кимселерге тең кылабызбы, силерге эмне болду, кандай өкүм чыгаруудасыңар?!»                                                                                 [68:35-36]

Кана эми, камакка алуу буйругун аткаргандар Хизб-ут-Тахрирдин даъватына кулак салып, бир аз ой жүгүртүшкөндө. Эгер андай кылышканда, шексиз, даъват ээлерин камакка алуунун ордуна, бул улуу вазыйпаны өз мойнуна алган жана сыймыктуу даъватты көтөрүп чыгып жаткандарды колдоп-кубаттаган болушат эле. Себеби, түпкүлүгүндө, Хизб жасап жаткан аракет Аллах Субханаху ва Таала буюрган жана Расулуллах ﷺ башарат кылган фарз амалы. Ал ушундай фарз амал, ар бир мусулман Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн болгон күчү менен аракет кылышы керек. Себеби, Халифалык Исламдын толук колдонулушун жана жайылышын камсыздайт о.э. жасалма чегараларды жок кылып, Умматты бириктирет.

Хизб-ут-Тахрир дүйнө бойлоп 40тан ашуун мамлекетте пикирий жана саясий иш алып барууда. Бүгүнкү күндө Афганистандагы мусулман калк, мужахиддер, айрыкча, уламалар, уруу шейхтери, мужахиддердин командачылары, саясатчылар жана жаштар Хизб даъватын түшүнүп, анын мафкурасын, максатын жана тарыйкатын түшүнүп жетишүүдө. Хизб тарыйкатын калыс түшүнгөн адамдар анын даъваты жана аракети мусулман афган калкына коркунуч туудурбашын, айрыкча, ал берекелүү рисала болуп, Исламдын өзөгүнөн чыгып, нусрат жана өнүгүүнүн булагы экенин да анык түшүнүшүүдө.

Бул өкүмдар режим Ислам баалуулуктарына баш ийиши жана коомдогу даъватты көтөрүп чыгып жаткандардын аракетин жеңилдетиши керек. Тескерисинче, мындай камакка алуулар режим Ислам рисалаты алдында тоскоолдук экенин көрсөтүп жатат. Ошондуктан биз мужахид ага-инилерибизден Хизбдин даъватты көтөрүп чыккан жигиттерин тез арада эркиндикке чыгарууну талап кылабыз. Себеби, аларды камакка алууга эч кандай актоо жок.

﴿وَمَا نَقَمُواْ مِنۡهُمۡ إِلَّآ أَن يُؤۡمِنُواْ بِٱللَّهِ ٱلۡعَزِيزِ ٱلۡحَمِيدِ﴾

«Алар (момундардан) кудурет жана мактоо ээси болгон Аллахка – асман жана жердин падышалыгы Ага таандык болгон затка ыйман келтиришкени үчүн гана өч алышты!»        [85:8]

Эске салсак, мындай камакка алуулар, Аллахтын уруксаты менен, Хизб-ут-Тахрир жүргүзүп жаткан жамаий жана маалымат аракетин эч бир көрүнүштө жана эч бир каражат менен да токтото албайт. Анткени, бул даъватыбыз Аллах Азза ва Жалланын пазилети менен, күндөн-күнгө күчөп, кеңейип барууда. Аллахка мактоолор болсун, миңдеген афган мусулмандары жана даъватты жеткирүүчүлөр бул улуу даъватты Афганистандын ичине жана сыртына жеткирүү менен алектенишүүдө.

Айта кетсек, мурун диктатор араб өкүмдарлары, Орто Азия, ал тургай, Афганистан республикасынын эски жетекчилери да бул сыяктуу жырткыч аракеттерге барышкан. Бирок, тил бириктирүү жана айла-амалдары өздөрүнүн зыянына болгон. Ошондуктан, бул пакиза Хизб даъватын тоспогула, антпесе, силер да Аллах Субханаху ва Тааланын:

﴿وَصَدُّواْ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ﴾

«Аллахтын жолунан тоскон кишилер»                                                                       [4:167]

деген аятындагы адамдардан болуп каласыңар. Акыретте болсо үстүңөргө оор күнөө түшүп, Аллах убадалаган, Расулу ﷺ башарат кылган Пайгамбардык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө даъватына тоскоолдук кылган адамдардан болуп каласыңар.

Билебиз, Афганистандагы өкүмдар режим, дүйнөдөгү башка ар кандай режимге салыштырганда Халифалык түзүмүнө айланууга жетиштүү кудуретке ээ. Ошондуктан, Афганистан мужахиддери Халифалыкты тикелөөгө нусрат берүү менен анын пайдубалын куюшат деген үмүттөбүз.

﴿وَعَدَ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مِنكُمۡ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ لَيَسۡتَخۡلِفَنَّهُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ كَمَا ٱسۡتَخۡلَفَ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡ﴾

«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн заттарды халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды» [24:55]

Хизб-ут-Тахрирдин Афганистан

вилаятындагы маалымат бөлүмү

 

turkistonkg

View Comments

Recent Posts

Халифалык биз үчүн жападан жалгыз башкаруу системасы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Халифалык биз үчүн жападан жалгыз башкаруу системасы Урматтуу бир…

1 hour ago

Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда!

Басма сөз баянаты Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда! Кыргыз бийлиги сентябрь аында…

2 days ago

КЫЗЫЛ-ОМПОЛ КЕНИ ИШКЕ БЕРИЛДИ

Кызыл-Омпол кени ишке берилди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү…

3 days ago

Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу

Бисмиллааахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу Урматтуу…

3 days ago

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ!

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ! Ушул күндөрдө АКШнын Нью-Йорк…

4 days ago

Өкмөт жолдон эки жолу салык алууну көздөп жатат

Өкмөт жолдон эки жолу салык алууну көздөп жатат Министрлер кабинети Кыргызстанга ташылып келген күйүүчү-майлоочу майдын…

4 days ago