Роя гезити

«Крокус Сити Холл» концерт залында жасалган чабуул! Анын артында ким турат жана андан кандай максат көздөлгөн?

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

 «Крокус Сити Холл» концерт залында жасалган чабуул! Анын артында ким турат жана андан кандай максат көздөлгөн?

2024-жылы 22-март күнү Москвадагы концерт залында жасалган чабуулда 143 киши курман болуп, 180 киши жараат алды. Россия президенти Путин чабуулду ишке ашырууда «Ислам экстремисттерин» айыптады. Бирок, ал: «Бул чабуул Киев режиминин Россияга каршы чабуулдарынын бири», – деп баса белгиледи. Путиндин сөздөрүнө ылайык, чабуулда айыпталган төрт киши чабуулду ишке ашырышкандан кийин Украина тарапка жол алууга аракет кылышкан.

Украина чабуулга байланышы бар экенин четке какты жана Америка аны коргоду. Америка разведка маалыматтарына таянып, чабуулдын ыктымалы жөнүндө Москваны алдын ала кабардар кылганын айтты. Америка тарап баса белгилешинче, чабуулдун жоопкерчилигин ИШИМ өз мойнуна алган.

Россия тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Захарова: «Америка Киевдеги аракеттерин жашыруу үчүн “Исламий Мамлекет” уюмунан «мокочо» катары пайдаланып жатат. Ал өткөн кылымдын сексенинчи жылдары да Советтер Союзуна каршы согушкан мужахиддерди колдоп-кубаттаган», – деп баса белгиледи. Россия разведкасынын жетекчиси Бортников: «Батыш менен Украина разведка кызматтары чабуулга катышкандарга жардам берип жатат», – деп айыптады.

Эгер окуяны ага байланыштуу маалыматтарга ылайык текшере турган болсок, “Крокус сити холл” ички жана тышкы камералар, полиция тосмолору жана бекем көзөмөл пункттары менен корголгон. Кыргын 21 мүнөт уланып, коопсуздук күчтөрү аралашпаган. Чабуулдун катышуучулары аман чыгып кетишкен жана аларга Украина чегарасы тарапка жол алышы үчүн машина даярдап коюлган. Бул болсо операциянын уюштурулганы туурасында күмөн жаратат. Андан кийин операциядагы сүрөттөр ошол замат ИШИМдин «Аъмак» баракчасына жайгаштырылды. Ко-ош, бул сүрөттөрдү ким жөнөттү? ИШИМдин бул чабуулду мойнуна алышына келсек, адатта ал мынчалык тез моюнга албайт. Чабуулга катышкандар славян көрүнүшүндө болгон жана камакка алынган тажиктерге окшобогон сүрөттөр жарыяланган. Алардын ар бирине 5 миң доллар көлөмүндө акча берилгени айтылган. Муну менен алар “уюмдун” мүчөлөрү эмес, жалданган аскерлер болуп чыгууда.

Ал жерге баргандар Путиндин саясатына жана согушка каршы болгон ак сөөк тайпадан деп айтылууда.

Эгер сүрөттөрдү жана ага байланыштуу нерселерди ар тараптуу карап чыксак; көпчүлүк адамдар, айрыкча, байлар жана Батыш багытындагылар согушка, согуштун уланышына каршы экендигин, бул окуя камактагы оппозиячыл Навальныйдын өлүмүнөн кийин болгонун эске алсак; адамдар Навальныйды канчалык колдогонун, адамдардын залим падышалардын бири болгон Путинге каршылыгы көрүнүп калбашы үчүн Навальныйды жерге берүү ырасымы өткөрүлүшүнө уруксат берилбегенин эсепке алсак, бул чабуул башка тараптарга караганда көбүрөөк Путиндин максаттарына кызмат кылышы ачык-айкын болот. Бул башка тараптар – Москванын коопсуз эместигин жана Путиндин согушта ийгиликсиздикке учураганын көрсөтүү үчүн бул окуядан пайдаланып жатышканы жана адамдарды Путинге каршы коюп жатышканы айтылып жаткан тараптар.

Путин жана анын айланасындагылар Украина жана анын артында турган Батыштан келе турган кооп-коркунучтар Россия калкына өз үйүндө коркунуч салып жатканын адамдарга эскертүүнү көздөшүүдө. Муну менен адамдар согуштун уланышын колдошу үчүн кыжырдануу күчөтүлөт. Ошондуктан, адамдардын Украинага, Батышка, өзгөчө, Америкага каршылыгын козгой турган жийиркеничтүү иштерди жасоо зарыл болду. Айрыкча, чабуул оппозициячыл топту камтыды. Ошентип, Путин жок кылмакчы болгондорду жок кылды, адамдардын душманга ачуусун козгоду жана адамдар Украинада душманга каршы согушууга даяр болушу үчүн алардын сезим-туйгуларын ойготту. Себеби, орустар бул согуштун пайдасын көрүшпөгөндүктөн аларда согушка даярдык жок. Белгилүү болгондой, орустар өлкө тышындагы согуштарга ыктабайт, бирок өз жери чабуулга учураса курмандыкка даяр. Ошондуктан, Путин орустарды өз жери деп эсептеген жерлерди коргоого сапарбар кылуу үчүн Кырм менен Украинанын чыгышындагы басып алган аймактарды Россиянын жерлери деп жарыялады. Аскерий сапарбарлыкка чакырылганда орустардын көпчүлүгү качып кетишкенин көрдүк. Россия Украинадагы согушта курман болгондордун санын жарыя кылбай жатат. Себеби, бул нерсе өздөрү жактырбаган согушка катышып жаткан россиялыктардын жакындарынын – айрыкча, алардын перзенттери табытта кайта турган болсо – ачуусун күчөтөт.

Муну менен бирге Путин Исламдын аброюн түшүрүп, аны кабыл алууга умтулуп жаткан адамдарды Исламдан алыстанууну да каалап жатат. Ал мусулмандарды айыптап, бул айыптоону ИШИМге байлоо оңой. Себеби, түрдүү саясий максаттарда көптөгөн өлкөлөрдө ишке ашырылган адам өлтүрүүлөрдө бардык айып ИШИМге жүктөлө турган болуп калды.

Путин окуя болгон жерге баруудан жана курман болгондордун үй-бүлөлөрү менен жолугушуудан баш тарты. Президенттин маалымат катчысы Песковдон бул жөнүндө суралганда: «Президент куткаруу топторунун ишине тоскоолдук кылбоо үчүн окуя болгон жайга барбады», – деп жооп берди. Путин адамдар менен жолукканда болушу мүмкүн нааразылыкты көрсөтпөө үчүн окуя болгон жерге баруудан баш тарткан көрүнөт. Ал биринчи күнү сөз сүйлөбөдү. Бул болсмо, ал жүз берген окуядан таасирленбегенин көрсөтөт. Адатта, мындай окуяларда президенттер дароо окуя болгон жайга барып же жогорку кызматтагы өкүлдөрүн жиберип, элге тилектештигин билдиришет, курман болгондордун үй-бүлөлөрү менен жолугушуп, аларга көңүл айтышат. Ал эми, Путин бул окуядан кийин т.а. 2024-жылы 27-мартта тарыхий музейге барып, маданият тармагынын кызматкерлери менен жолугушуу үчүн Москванын түндүк-батышындагы Тверь облусуна барды. 2024-жылы 28-мартта туризм тармагына арналган жыйынга катышты. Концерт залындагы окуядан бир апта өткөнүнө карабастан, окуя болгон жерге баруу жөнүндө ойлогон да жок.

Бул чабуул Путин 87,29 % добуш менен бешинчи мөөнөткө шайлангандан бир апта өтүп жасалды. Анын мынчалык көп добуш алып бешинчи мөөнөткө шайланышы адамдарда күмөн жаратты, нааразылыкты күчөттү. Ошондуктан, бул чабуул ооздорду жаап, каршы болгондорду жок кылууда.

Ушул орунда айтып өтсөк, мурунку разведка кызматкери болгон Путин 1999-жылдан бери буга окшогон чабуулдарды уюштуруп келет. Ал Чеченстанга жасалган чабуулду, борбор Грозныйдын кыйратылышын о.э. чечендерге өз тагдырын өзү белгилөө укугун берген келишимдин бекер кылынышын актоо үчүн уюштурулган чабуулдарда чечендерди айыптаган.

Путин жана ага окшогон саясатчылардын эң негизги көздөгөнү – бийликте калып, өз саясатын жүргүзүү. Алар эч кандай сын-пикирди, тергеп-тескөөнү же сунушту кабыл алышпайт, тескерисинче, бардык нерсени колдонуп ар кандай оппонентти жок кылышат. Алардын өлкөсүндө жаратман саясатчылар жана идеологдор болбойт. Себеби, алар өздөрүн өлкө үчүн жетиштүү саясатчы катары көрүшөт жана мындай учурда өлкөнүн абалы кандай болушун этибарга алышпайт. Путин 2036-жылга чейин бийликте калууну кепилдөө үчүн өлкөнүн конституциясына өзгөртүү киргизди.

Мындай кырдаалда Россия жеңүүчү эмес, тескерисинче, бөлүнүп ыдыроо үчүн талапкер болуп калат. Биз батыштыктарга жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү берилишин каалабайбыз. Себеби, алар – кеңири жайылган карамүртөздүк. Бирок, биз Ислам жеңишке жетип, Ислам бүткүл Россия бойлоп жайылышын каалайбыз. Ошондо Россия мурункудай Ислам өлкөсүнө айланат жана ал жерде Ислам өкүмдарлык кылып, адамдардын эки дүйнө бакытына жетишин кепилдейт.

 

Роя гезити, №489, 2024-жыл, 3-апрель.

turkistonkg

View Comments

Recent Posts

Халифалык биз үчүн жападан жалгыз башкаруу системасы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Халифалык биз үчүн жападан жалгыз башкаруу системасы Урматтуу бир…

3 hours ago

Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда!

Басма сөз баянаты Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда! Кыргыз бийлиги сентябрь аында…

3 days ago

КЫЗЫЛ-ОМПОЛ КЕНИ ИШКЕ БЕРИЛДИ

Кызыл-Омпол кени ишке берилди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү…

4 days ago

Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу

Бисмиллааахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Жакшылыкка буюруу, жамандыктан кайтаруу жана дубанын кабыл болуусу Урматтуу…

4 days ago

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ!

УЧУРДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫРДААЛ – ИРИ ДЕРЖАВАЛАРДЫН ӨЗ АРА КҮРӨШҮНҮН НАТЫЙЖАСЫ! Ушул күндөрдө АКШнын Нью-Йорк…

4 days ago

Өкмөт жолдон эки жолу салык алууну көздөп жатат

Өкмөт жолдон эки жолу салык алууну көздөп жатат Министрлер кабинети Кыргызстанга ташылып келген күйүүчү-майлоочу майдын…

4 days ago