Жалпы амнистия батыл болуп, Ислам шарияты колдонулганда ага эч кандай зарылдык калбайт

97
0

Басма сөз баянаты

Жалпы амнистия батыл болуп, Ислам шарияты колдонулганда ага эч кандай зарылдык калбайт, анткени Ислам айыптууну гана жазалап, айыптууну жазасыз коё бербейт жана бейкүнөө инсандар таптакыр камакка алынбайт

Кылмыш – бул жаман кылмыш. Жаман – шарият жаман деген нерсе. Ошондуктан, кылмыш кылмыш саналышы үчүн албетте аны жаман кылмыш деген шаръий нусус керек. Мына ошондо ал кылмыш болуп эсептелет. Жаман кылмыштын даражасынан, т.а. кылмыштын чоң же кичине болушуна карабастан, шарият жаман кылмышты жазалана турган күнөө деп белгиледи. Себеби күнөө кылмыштын дал өзү. Адатта жазадан адамдарды кылмыш жасоодон кайтаруу, т.а. кылмыш жасалышын алдын алуу көздөлөт. Мындан тышкары, Ислам бул дүйнөдө жаза берүү менен Акыреттеги жазаны сакыт кылды.

Эгер жаза өкүмү инсан, т.а. инсандын чектелген акылы тарабынан чыгарылса, өкүм ката болушу анык. Ал эми өкүм инсандын Жаратуучусу тарабынан чыгарылса, ал катасыз болушу анык:

﴿أَلَا يَعۡلَمُ مَنۡ خَلَقَ وَهُوَ ٱللَّطِيفُ ٱلۡخَبِيرُ﴾

«Жараткан зат (Өзү жоктон бар кылган нерселерди) билбейби?! Ал – мээримдүү жана кабардар»

                                                                                                                               [67:14]

Ар кандай заман жана мекенге Исламдын жарактуу экенине ыйман келтирген мусулман шариятта жаза-хад жана таъзир катары белгиленген жазалардын тууралыгына жана хикматтуулугуна эч качан күмөн кылбайт.

Ислам шарияты инсан кабыла турган ар кандай окуянын өкүмүн баян кылып, халал менен харамды көрсөттү. Бул үчүн буйрук жана тыюуларды көрсөтүп, инсандын жоопкерчилигине буйруктарга амал кылуу, тыюулардан четтөө вазыйпасын жүктөдү. Андыктан, инсан бул вазыйпаны бузса жаман кылмыш жасаган, т.а. кылмыш кылган болуп эсептелет жана бул кылмыш үчүн аны жазалоо зарыл болот. Себеби, адамдар Аллахтын буйруктарын аткарышы, тыюуларынан тыйылышы керек. Антпесе, ушул буйрук жана тыюулардын – бузулганы үчүн жаза колднулбаса – мааниси болбойт. Исламий шарият бул кылмыштар үчүн Акыреттеги жазаларды жана бул дүйнөдөгү жазаларды баяндап берген.

Акыреттеги жаза Аллах Тааланын колунда болуп, кылмышкерди Кыямат күнү Өзү жазалайт. Аллах Субханаху мындай дейт:

﴿يُعۡرَفُ ٱلۡمُجۡرِمُونَ بِسِيمَٰهُمۡ فَيُؤۡخَذُ بِٱلنَّوَٰصِي وَٱلۡأَقۡدَامِ﴾

«(Ал Күндө) күнөөлүү-кылмышкер кимселер көрүнүш-белгилеринен таанылып, бешене жана буттарынан алынышат (жана жаханнамга ыргытылышат)                                           [55:41]

Бул дүйнөдөгү жазага келсек, аны өкүмдар ишке ашырат, т.а. мамлекет Аллахтын жаза-хаддарын колдонот жана таъзир өкүмдөрүн ишке ашырып, мыйзамбузууга чара көрөт. Кылмышкерге-күнөөкөргө жасаган күнөөсү үчүн бул дүйнөдө колдонулган жаза анын Акыреттеги жазасын сакыт кылат. Демек, жазалар токтотуучу жана сакыт кылуучу. Токтотуусу ушул: алар адамдарды күнөө кылуудан жана кылмыш жасоодон тыят. Сакыт кылуусу ушул: бул дүйнөдө мусулманга Ислам мамлекети тарабынан колдонулган жаза Акыреттеги жазаны сакыт кылат.

Иордания режиминин жалпы амнистиясына келсек, т.а. башка мамлекеттерде да бирер диний же өкүмдардын жеке өзүнө байланыштуу жарыяланган жана кээде адамдарды ыраазы кылуу максатында, кээде камактар толуп кеткени үчүн, айрыкча, адамдардын өкүмдарга кыжыры күчөгөндө жарыяланган амнистияга келсек, биздин айтчу сөзүбүз ушул – амнистия негизинен батыл… Ал адамдын кыжырын келтирүүдөн жана көңүлүн иренжитүүдөн башка нерсе эмес. Анткени амнистиянын эрежелерин инсан ойлоп тапкан жана Исламга кымындай тиешеси жок мыйзамдардан келип чыгат.

Чукул жыйында депутаттар жактырган соң король тарабынан ратификация кылынган амнистия мыйзамы режим жана анын мыйзамдары кылмыш деп эсептеген кылмыштарды камтыйт. Ошондуктан режим баңгилик, зына, уурулук, бирөөлөрдүн мүлкүн тартып алуу, аманатка кыянаттык кылуу, жалган күбөлүк берүү, көз боёмочулук, бузуку иштерге чакыруу сыяктуу кылмыштар үчүн амнистия жарыялады. Натыйжада, жаза өтөө колонияларынан 7355 туткун чыгарыла турган болду, алардын 4688и ар кандай кылмышкерлер, 2667си баңгизат боюнча кылмышкерлер. Ко-ош, амнистияда айтылган элдин кызыкчылыгы жана жарандардын укугу кайда калды?!

Амнистияга «мамлекеттин ички коопсуздугуна коркунуч, фитна, терроризм, конституциялык саясий түзүмгө зыян жеткирүү, улуттук биримдикти бузуу, мамлекеттин финансылык абалына зыян жеткирүү, карамүртөз жана мыйзамсыз уюмдарды түзүү» сыяктуу кылмыштар киргизилбеди. Булардын баары резинага окшош аталыштар болуп, аларды каалаган тарапка буруу мүмкүн, кечеги соттон бүгүнкү сот башкача өкүм чыгара алат. Алар негизинен Хизб ут-Тахрир жана башка кыймылдар, өз пикирин билдиргендер, ачуусун көрсөткөндөр жана Газа калкына нусрат берүү үчүн армиялардын аракетке келишин талап кылып, пикет өткөргөндөр сыяктуу автивисттерди бутага алган аталыштар. Аларга коопсуздук кызматы тарабынан түшүндүрмө берилип, «улуттук коопсуздук жана коомго коркунуч» деп ушул мекеме каалаган терминдер жабыштырылат.

Ооба, ар дайымкыдай «мыйзамсыз уюмдарга мүчө болуу» деген шылтоо астында Хизб ут-Тахрир мүчөлөрү болгон даъватты жеткирүүчүлөр амнистияга кошулбаган. Бирок режимдин көз карашы боюнча бул нерсе «мыйзамсыз уюмдарга мүчө болуу» саналса, Ислам көз карашы боюнча Аллахтын фарзын аткаруу болуп эсептелет жана бул нерсе Хизб үчүн сыймыктануудан башка нерсе эмес. Анткени Хизб Аллах Азза ва Жалладан мукаллаф катары, Ага калыс ниет менен аракет кылып жатат жана бул сыяктуу режимдерден амнистия үмүт кылбайт. Себеби, бул режимдер Уммат душмандарын коргогон, бул душмандарга көз каранды режимдерге айланды. Түпкүлүгүндө, алардын Хизб мүчөлөрүн камакка алууга акысы жок. Анткени Хизб мүчөлөрү Исламды жеткирүүгө жана анын өкүмдөрүн колдонууга чакырышууда.

Жазалар жана алардын эрежелерине келсек, бүгүн Ислам менен өкүм жүргүзгөн халифа жок болгон учурда мусулмандар аны тикелөөгө аракет кылышы керек. Себеби, халифанын бар болушу – фарздардын таажысы. Себеби, халифа Роббул ааламин буюрган жаза-хаддарды ишке ашырат. Фарзды аткаруу үчүн зарыл болгон нерсе да фарз. Айрыкча, жаза-хаддарды колдонуу Умматтын кызыкчылыгы саналып, иштеринин туура болушу үчүн зарыл болгон фарз. Ибн Мажа өзүнүн «Сунан»ында Абу Хурайрадан ушуну риваят кылган: Расулуллах ﷺ айтты:

«حَدٌّ يُعْمَلُ بِهِ فِي الْأَرْضِ، خَيْرٌ لِأَهْلِ الْأَرْضِ مِنْ أَنْ يُمْطَرُوا أَرْبَعِينَ صَبَاحاً»

«Жер жүзүнүн калкы үчүн бир гана хаддын аткарылышы кырк күн жааган жаандан жакшыраак».

﴿إِنَّآ أَنزَلۡنَآ إِلَيۡكَ ٱلۡكِتَٰبَ بِٱلۡحَقِّ لِتَحۡكُمَ بَيۡنَ ٱلنَّاسِ بِمَآ أَرَىٰكَ ٱللَّهُۚ وَلَا تَكُن لِّلۡخَآئِنِينَ خَصِيمًا﴾

«Албетте, Биз сага ушул Чындык Китепти адамдар арасында Аллах көрсөткөн жол менен өкүм кылышың үчүн түшүрдүк. Сен кыянат кылуучуларды коргоочу болбогун»                          [4:105]

 

Хизб ут-Тахрирдин Иордания вилаятындагы маалымат бөлүмү

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here