Жапаров эмдөөнүн зарылдыгын билдирди

5013
0

Жапаров эмдөөнүн зарылдыгын билдирди

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги Имам Сарахси атындагы Борбордук мечитте сүйлөгөн сөзүндө, өлкөдө жаш балдар арасында кызамык оорусу күч алганын, балдардын саламаттыгы үчүн ооруларды алдын алууда эмдөөдөн өтүү маанилүү экенин белгиледи. О.э эмдөөдөн баш тарткандар диний ишенимден улам болуп жатканын кошумчалады.

Өткөн жылы Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун колдоосу менен ири эмдөө өнөктүгүн баштаган. Эмдөө жараяны быйыл да улантылып жатат.

Өлкөдө ар кандай эмдөө кампаниясы учурунда жарандардын каза болуп калган же ооруканага оор абалда түшкөн учурлар арбын кездешет. Маселен, өткөн жылы Ала-Букада вакцина алган жоокерлердин жарымынан көбү ооруканага түшүп калган. Ал эми, Баткен шаарындагы №3-орто мектептин 5-классынын окуучуларын эмдөөдөдөн өткөргөндөн кийин 10 бала оор абалда ооруканага түшкөн. Мунун каршысында, бийлик жарандардагы шек-күмөндөрдү жоюуга аракет кылуунун ордуна ар түрдүү чектөө жана тыюу салуулар аркылуу адамдарды вакцина алууга мажбурлап келет.

Түпкүлүгүндө, адамдардагы шек-күмөндөрдү жоготуу үчүн вакцинанын курамын иликтеп чыгып, анын курамында адамдын саламаттыгы же өмүрү үчүн кооптуу болгон кошумчалар жоктугун аныктоо керек эле. А бирок, бизде капиталисттик компаниялар чыгарган вакциналарды текшере турган лабораториялар жок. Лаборатория болгон күндө да аларды текшерүү укугу берилген эмес. Буга кошумча, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнөгө өкүмдарлык кылып жаткан колонизатор кафирлердин куралы болгондуктан, бул уюм чындап эле элдин ден соолугу үчүн кам көрүп жаткандыгына күмөн күчтүү. Анткени, 2014-жылы Сириянын Идлиб шаарында БУУ башчылыгында эмдөөдөн өткөрүүнүн натыйжасында 100 бала вакцинадан курман болгонун БУУ расмий түрдө моюнга алган.

 Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун кылмыштары тууралуу француз жазуучулары Бернард Дифо жана экономика илимдеринин доктору Бернард Лиминс 2000-жылы “Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо: Жалпы саламаттыктын чөгүп бара жаткан кемеси, БУУнун тайылуу жана ийгиликсиздиктери” аттуу китеп чыгарышты. Алар бул китепте ДССУнун саламаттыкты сактоого тескери келүүчү экономикалык жана саясий кызыкчылыктарга кызмат кылганын. Анын ичинде, Nestle тарабынан жакыр мамлекеттердин базарлары үчүн атайын иштелип чыккан зыяндуу жаш балдарга арналган сүт азыктарын таркатканы баяндалган.

Демек, проблема – вакцина даярдап жаткан фармацевтикалык компаниялар капиталисттик идеология негизинде иш алып барып жаткандыгында! Башкача айтканда, дүйнөлүк фармацевтикалык компаниялар дүйнөдөгү адамдарга материалдык кызыкчылык назары менен карап, ал тургай, эл аралык уюмдардын таасирин өз кызыкчылыгына кызмат кылдырып жаткандыгында. Алар эл аралык уюмдар аркылуу мамлекеттерге басым өткөрүп, балдарды милдеттүү эмдөөдөн өткөрүүнү мыйзамдаштырууну талап кылышууда. Бул мыйзамдар адамзат жашоосун жакшыртуу негизинде эмес, тескерисинче, дүйнөлүк саламаттыкты сактоо тармагын монополия кылып алуу негизинде кабыл алынып жатканы эч кимге сыр болбой калды. Мамлекетибиздин мисалында карасак, дээрлик бардык дарыгерлерди фармацевтикалык компаниялар сатып алган. Алар оорулууларга ошол компаниянын дары-дармектерин жазып берип жатканы үчүн ачык же жашыруун түрдө каржыланышат. Муну көрүп турган адамдардын эмдөөдөн баш тартуусу табигый көрүнүш!

Буга кошумча, бул фармацевтикалык компаниялар адамзаттын оорулуу болушуна кызыктар. Алар, ал тургай азырынча жайыла элек, күтүлүп жаткан жаңы оорулар үчүн да дары-дармектерди иштеп чыгышууда. Мына ушул дары-дармектердин кардарын көбөйтүү үчүн калктардан эмдөөдөн өтүүнү талап кылып жатышат. Фармацевтикалык компаниялар колонизатор мамлекеттердин колдоосу астында үлкөн кирешелерге ээ болуп жатканын пандемия учурунда баарыбыз күбө болдук. “The People’s Vaccine Alliance” кыймылынын отчётунда келишинче, коронавируска каршы вакцина чыгарган фармацевтикалык компаниялардын кирешеси себептүү жаңы тогуз миллиардер пайда болгон. Ошол жаңы миллардерлер катарында Кытайдын “CanSino Biologics” компаниясынын үч негиздөөчүсү, Американын “Moderna” компаниясынын төрт өкүлү, “BioNTech” компаниясынын башчысы жана испаниялык “Rovi” фармацевтика компаниясынын башкы директору кошулган. Ал миллиардерлердин жалпы байлыгы 19,3 миллиард долларга жеткен.

Мындан тышкары, эмдөөдөн өткөн балдар менен эмдөөдөн өтпөгөн балдардын инммунитетиндеги айырма да сезилип барууда. Эмдөөдөн өткөн балдарга көңүл бурсаңыз, алар ооруга тез чалдыгышат. Сирия, Афганистан сыяктуу эл аралык уюмдардан жабык өлкөлөргө көңүл бурсак, цивилизацияда учураган ооруларды ал жерлерде жолуктурбайсыз. Ушулардын бардыгы, бул вакциналар биздин балдарыбыздын саламаттыгы үчүн берилип жатканына шек-күмөн жаратат. Башкача айтканда, алар биздеги табигый мөмө-жемиштерди жок кылып, өздөрү иштеп чыккан гибрид уруктарды алууга мажбурлашканы сыяктуу эле, келечек муунду өздөрүнүн дары-дармектерине ылайыкташтырмакчы.

Ал эми, адал жол менен даярдалган вакциналар аркылуу эмдөөнүн өкүмү, дарылануунун өкүмү сыяктуу мубах амал болуп эсептелет. Анткени, эмдөө – эгер бул жааттагы шаръий өкүмдөргө амал кылынса жана бул иш үстүндө турган адамдар таза болушса, алардын максаты материалдык пайда табуу эмес, калкты оорудан сактоо болсо – албетте ал саламаттыкты сактоонун негизги бөлүгү болуп эсептелет. Ошондуктан, эмдөө кампаниясынын башталуу чекити Усманий халифалык доору болуп эсептелет. Батыштын билим берүү системасы эмдөөнүн “ачылышын” британиялык дарыгер Эдувард Женнердин миладий 1796-жылы чечек оорусуна каршы иммунитетти өнүктүрүү үчүн уйду эмдөө боюнча жүргүзгөн изилдөөсүнө байланыштырат. Бирок, түрдүү булактардагы маалыматтар тастыктап тургандай, чечек оорусуна каршы калкты жалпы эмдөө миладий 18-кылымдын башында, Усманий халифалыгы доорунда кеңири жайылган. Усманийлер доорунда колдонулган усул менен Эдувард Женнердин усулу ортосундагы айырма төмөнкүдөй, Усманий мамлекеттин дарыгерлери ооруган адамды эмдөө үчүн анын кан бүртүкчөлөрүндөгү суюктуктарды алышкан. Эдвард Женнер болсо, оорулуу уйлардын кан бүртүкчөлөрүндөгү суюктуктарды алып салган. Ошондуктан, Эдвард Женнердин эмдөө усулу англисче “vaccination” деп аталды. Бул латын тилиндеги “уй” сөзүн түшүндүрүүчү “vaca” сөзүнөн алынган. Эмдөө маанилүү болгондугу жана оорулардын алдын алууда жемиштүү болгондугу себептүү Ислам мамлекети ушул медициналык жардамды калк үчүн акысыз сунуштайт. Халифалык мамлекети ар кандай жаңы дары жана вакцинаны өз калкына сунуштагандан же аны алууга мажбурлагандан мурда анын коопсуздугун жакшылап текшерип чыгат. Расулуллах с.а.в. айтат: “Зыян жеткирүү да, зыян көрүү да жок. Ким өзгөлөргө зыян жеткирсе, ага Аллах зыян жеткирет. Ким өзгөлөрдү машакатка салса, аны Аллахтын өзү машакатка салат.” Хаким “ал-Мустадрак”та риваят кылган жана Муслим шартына ылайык иснады сахих хадис деген.

Демек, бүгүнкү күндө вакцина алуу же албоо диний көз караштан мурда калктын ишенимине, вакцинага карата күмөндүү жагдайларга байланыштуу. Бул күмөндүү жагдайлар дары-дармектер пайда-зыянды өлчөө кылып алган капиталисттер тарабынан чыгарылып жаткан соң жоюлушу мүмкүн эмес.

Ал эми, Ислам мамлекети өзүнүн жарандары үчүн сунуштай турган эмдөө куралдары мамлекеттин фабрикаларында, мамлекеттик мекемелерде жана мамлекеттик адистер тарабынан иштелип чыгат. Бул каражаттар калкка Ислам мамлекетинин саламаттыкты сактоо башкармалыгы жардамында жана анын көзөмөлү астында берилет. Мындай иштерге Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан же башка мамлекеттерден жөнөтүлгөн катчылар жетекчилик кылышына таптакыр жол берилбейт.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here