Ирандын коопсуздук ричагдары жана алардын регионалдык салмагы

2902
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Ирандын коопсуздук ричагдары жана алардын регионалдык салмагы

 Ахмад Хутваний

Ирандын региондо ойногон карамүртөз ролу менен ал мазхабпарастыкка негизделген регионалдык негизги саясий уюл болушу бир-бирине байланышкан. Бул роль Ирандан мазхабчылдык негиздеги жарандык мекемелерге байланган түрдүү согуштук күчтөр тармагын жана ричагдарды түзүүнү талап кылат.

Эгер Иран кайсы бир мамлекетке кирсе, бул көбүнчө мазхабпарастык мүнөзгө ээ болот. Ирак, Сирия жана Ливанда аракет кылып жаткан Иран согушкерлери да мазхабчылдык мүнөзгө ээ. Ирандын майданда байкалган аскерий таасири ар дайым мазхабий социалдык мекемелер менен бирге коштолот.

Сирияны мисал кылсак, Иран козголоңдун башталганынан пайдаланып, дароо тогут Башар режими менен союз түздү жана анын кулашына жол бербөөнү өзү үчүн тагдырий маселе деп эсептеди. Иранга көз каранды согушкерлер Сирияда 2011-жылдын май айынан баштап, т.а. кылмышкер Сирия режимине каршы козголоң башталгандан болжол менен бир жарым ай өткөн соң жайыла баштады. Сирия адам укуктары обсерваториясынын маалыматтарына ылайык, Сирия бийлигинин көзөмөлүндөгү аймактарда жайгашкан сириялык, ирактык, ливандык, афганистандык жана пакистандык согушкерлердин саны кеминде 65 миңге жеткен. Иран ыңкылап сакчылары командачысы Хусайн Саламий 2020-жылы августта бул согушкерлердин саны 100 миңден ашып, 70 согуштук топко мүчө экендигин моюндады. Анын сөздөрүнө ылайык, Сириядагы Иран объектилеринин саны 55 база жана 515 аскерий пунктка жетет.

Адам укуктары обсерваториясы 2021-жылы декабрда берген маалыматтарга ылайык, бир гана Сириянын түштүгүндө (Даръа, Кунайтара жана Сувайда) Иранга таандык согушкерлердин саны болжол менен 11 500гө жетет. 2022-жылдын ортолорунда Сириянын түштүк, борбордук жана түндүк аймактарында Иран күчтөрү жана ага таандык согушкерлер жайгашкан объектилердин картасы жарыяланган. Картада көрсөтүлүшүнчө, түштүк аймакта эле Иран күчтөрүнүн жана ага таандык согушкерлердин 28 объектиси бар. О.э. Иран режими согушкерлеринин саны болжол менен 8 миңге жеткен генерал Сухайл Намр жетектеген «Жолборс күчтөрүн» көзөмөлгө алуу аркылуу Сирия армиясынын ичине чейин кирип барган. “Жолборс күчтөрү” Сириянын Иранга берилген жөө аскер күчтөрү болуп, үлкөн аскерий колдоого ээ.

Ирандын регионалдык кеңейүүдөгү бул мүмкүнчүлүктөрү Иранды аны менен кызматташууну каалаган ири мамлекеттердин көңүл борборуна айлантат. Анткени, ал Мисир жана Саудия сыяктуу малай мамлекеттер ээ болбогон мүмкүнчүлүктөргө ээ. Бул болсо, аны малай мамлекет эмес, орбитадагы (ири мамлекеттин таасири астындагы) мамлекетке айлантат. Иран мазхабпарастык саясатын жана мазхабпарастыкка негизделген ыңкылаптык пикирин экспорт кылуу мүмкүнчүлүктөрүн активдештириши аны региондогу башка мамлекеттерден өзгөчөлөнтүп турган регионалдык күч жана салмакка ээ мамлекетке айлантты. Ошентип, ал региондо яхудий вужуду жана Түркиянын күчтүү атаандашына айланды.

Бирок, анын бул регионалдык кубаты бирер ири эл аралык күчкө таянмайын ийгиликке жетишпейт. Маселен, молдолор түзүмү Иранды көзөмөлгө алышына жана 1979-жылы шахты өлкөдөн кууп чыгарууга мүмкүнчүлүк берген тарап – бул Америка. Иран шахы «Америка мени өлкөдөн кууп чыкты жана өлүк чычкандай ыргытты» деген белгилүү сөзүн айткан. Америка армияны нейтралдаштыргандан кийин шахтын ордуна Хумайнийни Ирандын толук өкүмдары катары алып келди. Ошол күндөн бери өкүмүн жүргүзүп келе жаткан бул мазхабпарас режим Америкага карыздар. Америка менен Ирандын ортосундагы бул кызматташуу жана келишүү Американын Ирак жана Афганистанга каршы согуштары жана Иракты Иранга тапшыруу менен бүттү. Андан кийин Иранга Сирия, Ливан жана Яманда мүмкүнчүлүк берилди. Америка менен Иран ортосундагы ушул кызматташтык болбогондо азыркы Иран режими өз бийлигин бекемдей алмак эмес.

Иран бул мамлекеттерди өз күчү менен көзөмөлгө алды, деген сөзгө келсек, бул геосаясий абалга тескери жана эч кандай туура пикирге ылайык болбогон баёо адамдардын сөзү. Иракка каршы согуш ачып, бул согушка бүткүл дүйнөнү тартып, ушул армиялар менен Иракты басып алган Америка ушунча үлкөн иш-аракеттерден кийин Иракты Иранга кош колдоп тапшыра турган даражада аңкообу? Бул кандай пикирлөө, бул кандай келжиректик?!

Анык саясий абал ушуну көрсөтөт – Американын Ирактагы үлкөн таасирин сактап калуу бул таасирди узак мөөнөт сактап калууга кудуреттүү активдүү регионалдык күчтөн пайдаланууну талап кылат. Бул маселеде туура саясий пикирлөө ушундай жыйынтыкка алып келет – Америка үчүн бул ролду аткарууга эң жакшы талапкер Иран болуп эсептелет.

Бирок, саясат дүйнөсүндө Иранды Американын кызыкчылыктарына кызмат кылган көз каранды кызматкер деп ачык айтууга жол берилбейт. Анткени, муну ачык айтуу Иран өз эли алдында малай мамлекет экендигин ачыктайт. Ошондуктан, түпкүлүгүндө эки мамлекет (Америка-Иран) ортосунда кызматташтык парда артында ишке ашып жаткан болсо да, маалымат каражаттары Американы Иранга ачык душман кылып көрсөтүшү чебердик менен аткарылган саясий оюн болуп эсептелет. Бул өткөн кылымда Мисирде Америка менен Абдуннасир ортосунда болгон окуяга окшойт.

Хумайний келгенден тартып, Америка Ирандын региондогу ролун атайлап ашыра көрсөттү. Анын ролун ашыра көрсөтүү Американын бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жаткан оюну болуп саналат. Маселен, АКШ разведка башкармасынын директору Уильям Бернс мындай деди: «(Израиль) жана региондун коопсуздугунун ачкычы Иран менен кызматташууга байланыштуу. Газа кризиси Иран режимин рухтандырды. Чамасы, Иран согушка киришүүгө жана региондогу өзүнүн акыркы өкүлү калганга чейин согушууга даяр көрүнөт. Иран буларды өзүнүн ядролук программасын өнүктүрүү жана Россиянын кол салуусун камсыздоо менен кылмакчы. Жетинчи октябрдан кийинки айларда Иран менен союздаш козголоңчу топ Хусийлер Кызыл деңиздеги соода кемелерине чабуул кыла баштады. Башка фронттордо да абалдын курчуу коркунучу сакталып турат».

Бернстин бул билдирүүсүндө Иран яхудий вужуду жана региондун коопсуздугунун ачкычы экендиги, анын узакка созулган күрөшкө даяр өкүлдөрү бар экени жана Россияга жардам бериши жөнүндө жаңылыш элес бар. Ал Иранды кудум супер күчтөй сүрөттөгөн. Түпкүлүгүндө, ал өз билдирүүсү менен Булуң мамлекеттерин коркутууда, яхудий вужудун тизгиндөө үчүн Иранды таяк катары булгалоодо жана Иранды Россияга байланыштырып, ага каршы санкция колдонууда пайдаланууда.

Иран дале Американын орбитасында айланууда. Америка 1979-жылдан бери Ирандан регионду коркутуучу жана козгоочу курал катары пайдаланып келет. Андан тышкары, Иран Ирак, Сирия жана Яманда Американын өкүлү болгон. Ал эми, айрым учурларда Ирандын кээ бир ричагдары америкалыктарды өлтүрүп жатканына келсек, бул көбүнчө атайылап эмес, техникалык каталар себептүү болууда. Америка маалымат каражаттары Иорданиянын түндүк-чыгышындагы Америка базасында жүз берген окуяда техникалык каталар болгонуна ишарат кылышты. Ирандын бардык аскерий ричаг жана согушкерлери али да анын көзөмөлүндө. Америка үчүн Иран эң чоң пайда алып келген ийгиликтүү регионалдык кардар болуп калууда.

 

Роя гезити, №481, 2024-жыл, 7-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here