Яхудий вужуду Газага бара жаткан жардамдарга тоскоолдук кылып жатат деп Мисирди айыптады, Каир болсо «Жалган айтып жатасыңар» деп жооп берди

731
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Яхудий вужуду Газага бара жаткан жардамдарга тоскоолдук кылып жатат деп Мисирди айыптады, Каир болсо «Жалган айтып жатасыңар» деп жооп берди

Яхудий вужудуна каршы сот иши башталганда (израиль) Газаны курчоого алууда малай мусулман өкүмдарлары менен кызматташып жатканын моюнга алууга аргасыз болду.

Яхудий расмийлери Газага бара жаткан жардамдарга тоскоолдук кылышпаганын баса белгилеп, Рафах көзөмөл пунктундагы жоопкерчилик толук Мисир мойнунда деп, жардамдардын жеткирилишине Мисир режими тоскоолдук кылып жатканын айтты.

Ошол эле маалда, Мисир Эл аралык сотто Газа секторуна жардамдардын өтүшүнө ал тараптан тоскоолдук кылынып жатканы жөнүндөгү яхудий вужудунун сөздөрүн четке кагып, яхудий вужудун жалганчылыкта айыптады. Бирок, Мисир Араб Мамлекеттери Лигасы согуштун башында кабыл алган токтом эмнеге Мисир тарабынан аткарылбаганын негиздеп бере албады.

Эгер, яхудий вужуду Эл аралык сотто Түштүк Африканын (израиль) гуманитардык жардамдардын жеткирилишине тоскоолдук кылып жатат деген айыптоосунан качууга урунуп, жоопкерчиликти Мисирге жүктөгөн болсо, демек, ал чындыкты моюнга алды.

Бул – араб мамлекеттеринин өкүмдарлары арасындагы арамза коркоктордун тагдыры. Анткени, америкалыктар да, яхудийлер да – аларга ким кызмат көрсөтпөсүн – эгер жоопко тартылгыдай болушса, айыпты тез эле ошол кызмат көрсөткөндөргө жүктөшөт. Мусулман өкүмдарларына келсек, Аллахтын уруксаты менен, алар жакында Уммат алдында жооп беришет. Эгер, кечиге турган болсо, Аллах Тааланын алдындагы эсеп-кысап анык болуп, отуну адамдар жана таштар болгон тозокко кабылышат.

 Роя гезити, №478, 2024-жыл, 17-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here