Умар Челик: “Күн тартибинде Халифалык деген нерсе жок”
Түркия өкмөтү Исламдын жападан-жалгыз башкаруу түзүмү болгон Халифалыкка каршы. Бул тууралуу президент Режеп Тайип Эрдогандын “Адилет жана Өнүгүү” партиясынын маалымат катчысы Умар Челик билдирди.
“Күн тартибинде Халифалык деген нерсе жок. Бул талкуудан көздөлгөн максат Түркиядагы режимдин өзгөрүшүн талап кылуу болсо, биз буга каршы турабыз”, “Тарых тарыхта калды жана баары бүтү. Халифалык байрагы деген байрак жок”, “Халифалык тарыхий жактан ыйгарым укугу бүткөн нерсе”, – деди Умар Челик өлкөдө талкууга айланган “Халифалык байрагы” жөнүндөгү билдирүүсүндө.
Президент Режеп Таййип Эрдоган да, 2017-жылы Саудиянын “Ал-Арабия” каналына берген интервьюсунда кудум ушундай билдирүү берген.
Комментарий: Түркиянын Стамбул шаарында 250 миң киши катышкан “Палестинаны колдоо” жүрүшү учурунда, колунда Тавхид байрагы болгон адамга бир жикчил тарабынан чабуул кылынышы “Тавхид байрагы” жана “Халифалык” темасын Түркия күн тартибинин негизги темасына айландырды. Журналист жана жазуучулар бул тууралуу макалаларды жазып чыгышты. Саясатчылар түз эфирде “Тавхид байрагы” жана “Халифалык” темасын талкуулашты. Социалдык тармактарда “Халифалык мамлекети”, “Халифалык байрагы”, “Тавхид байрагы” жана ушул сыяктуу темалар кызуу талкууланды. “Google” изилдөө бөлүмүндө эң көп изделген сөз “Халифалык байрагы” сөзү болду.
Бул абал табигый түрдө душмандардын тынчын алды. Кемелчи саясатчылар жана алардын тарапкерлери билип-билбей, Тавхид калимасы менен Халифалык байрагына чабуул кыла башташты. Халифалык темасы көтөрүлгөндө, аны менен бирге табигый түрдө Хизб ут-Тахрир да тилге алынды. Бул болсо, Тавхид калимасы жазылган ак, кара, көк түстөгү байрактарды көтөргөн мусулмандардын жүрүштөрү көбөйүшүнө себеп болду. Бийик-бийик тарыхий имараттарга, көпүрөлөргө жана башка көрүнүктүү жерлерге Тавхид байрактарын илип коюу көбөйдү.
Чындыгында, Тавхид байрагы – бул Расулуллах ﷺ Мадинада тикелеген Ислам мамлекетинин байрагы. Т.а. мусулмандар үчүн көркөм өрнөк болгон Расулуллах ﷺ Тавхид калимасы жазылган “Лива” жана “Роя” аттуу ак жана кара түстөгү байрактарды Ислам мамлекетинин байрагы катары белгилеген. Расулуллах ﷺдан кийин келген рошид Халифалар жана алардан кийинки Умавийлер, Аббасийлер жана Усманийлер Халифалыгы доорунда да ушул байрактар мамлекеттик байрак катары колдонулган. Себеби, бул байрактар Ислам акыйдасын чагылдырган Тавхид байрактары болуп эсептелет.
Инша Аллах, жакында тикелениши күтүлүп жаткан экинчи Рошид Халифалык мамлекетинин байрагы да ак жана кара түстүү “Лива” жана “Роя” болот. Себеби бул байрактар Расулуллах ﷺ дын жана асхабдарынын байрагы. Мындан тышкары, Тавхид калимасы жазылган бул байрактар бүтүндөй Ислам үммөтүн бириктирүүчү нерсе болуп эсептелет. Мисалы, бүт дүйнодөгү мусулмандарга: “Келгиле, Саудия байрагы алдына биригели”, же болбосо “Мисир байрагы алдына биригели”, – десе кабыл алышабы?! Исламий деп аталган 57 мамлекеттин биринде жашап жаткан мусулмандар өз байрагын таштап, башка биринин байрагы алдына биригүүнү эч качан кабыл алышпайт. Ал эми Индонезиядан Испанияга чейинки бардык мусулмандар Тавхид байрагы алдында биригүүнү сыймык деп билишет жана мунун кубануу менен кабыл алышат.
Зохид Заргар
Басма сөз баянаты Оо, Шамдагы ахрар козголоңчулар! Умматтын үмүтү силерде, үмүтүн жокко чыгарбагыла! Оо, Шам…
Шам тогуту кулатылды... Бирок, Америка жана анын малайлары тикелемекчи болуп жаткан бузгунчу секулярдык башкаруудан өтө-өтө…
Басма сөз баянаты Шам калкына өткөөл доор да, убактылуу өкмөт да керек эмес, аларга Ислам,…
Басма сөз баянаты «Акса ташкыны» фактыларды ашкерелеп, кыянаттарды ачыктоодо АКШ жана Франция жетекчилиги астында Ливан…
Басма сөз баянаты Чыныгы өзгөрүү Уммат акыйдасына таянган долбоор менен гана ишке ашат Кимде андай…
Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү Кыргызстанда үч жыл мурун калктын эң бай…