Си Цзин: “Тайвандын Кытай менен кайра биригүүсү шексиз”
Кытайдын төрагасы Си Цзинпин 31-декабрда жаңы жылдык кайрылуусунда Тайвандын Кытай менен кайра биригүүсү шексиз экенин билдирди. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.
Былтыркы кайрылуусунда Си кысыктын эки жээгиндеги адамдар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экенин, алар кытай элинин узак убакыт бою өсүп-өнүгүүсүнө бирегелешип аракет кыларына үмүттөнөрүн айткан.
Белгилүү болгондой, 13-январда Тайванда президент, вице-президент жана парламенттик мандат үчүн шайлоо өтөт. Шайлоого негизги үч партия катышууда. Биринчиси, учурдагы башкаруучу партия – Демократиялык өнүгүү партиясы. Экинчиси, оппозициялык – Тайван элдик партиясы. Үчүнчүсү, дагы бир оппозициялык – Гоминдан партиясы. Бийликтеги партия жана анын президенттикке талапкери Лай Циндэнин шайлоодо жеңип келиши Тайванды Америкага дагы да жакындатып, Кытай менен мамилени курчутмакчы. Ал эми, оппозициялык талапкерлердин жеңишинен Кытай менен болгон алаканы жөнгө сала турганы күтүлүп жатат.
Тайван 1949-жылдагы жарандык согушта Коммунисттер жеңип чыккандан кийин Кытайдан бөлүнүп алган. Эски саясий чөйрө 2 млн колдоочусу менен бирге аралга көчүп келген. Америка Кытай өкмөтү катары Тайванды таанып, аны менен коопсуздук тармагындагы келишимдерге кол койду. Тайван электроника жана чиптерди өндүрүүчү алдыңкы мамлекеттердин катарында болуп, экономикасы өнүккөн 26-мамлекет болуп саналат. Мындан улам, Кытай Тайванды өзүнүн “ыйык территориясы” деп атап, бул арал эгемендигин жарыяласа күч колдонорун эскертип келет. Буга кошумча, Кытай коопсуздук тармагына каражат бөлүүүнү көбөйтүп, 224 млрд долларга жеткирди. Ошентсе да, Кытай Тайван себептүү Америка менен согуштук абалга кептелүүдөн чегинип келет. Ал эми, Америка Кытайдын таасирин өз аймагында чектөө үчүн Тайван маселесинен пайдаланып келет. Буга улай Кытайды аймактагы таасири астындагы өлкөлөр аркылуу чектеп, аскерий уюмдарды түзүүдө. Маселен, Англия, Австралия менен бирге AUKUS пактына кол коюп, аймакта аскерий машыгууларды өткөрүп жатат. О.э Япониянын коопсуздук тармагын күчөтүп, Индия менен аскерий келишимдерди түзүүдө. Муну менен Кытайга карата аскерий коркунуч туудуруп жатат. Демек, АКШ Тайван маселеси аркылуу Кытайдын таасирин чектөө максатын ишке ашырмакчы.
Ал эми, Кытай Американын бул багыттагы саясатын түшүнүп жетти. Ошондуктан, мезгил-мезгили менен аскерий кубатын көрсөтүп, Тайван чек араларында машыгууларды өткөрүп жатат.
Демек, Америка Кытай менен экономикалык атаандаштыкта айрым ийгиликсиздикке туш болсо да, аскерий жактан өз кубатына ишенет. Анткени, АКШ менен Кытайдын аскерий кубатында сезилерлик даражада айырма бар. Ошондуктан, Америка Тайван маселесин экономикалык күрөштөн аскерий күрөшкө өткөрүүчү фактор катары карап жатат. Ал эми, аскерий чыңалуунун артынан Орусияга Украина маселесинде экономикалык санкцияларды киргизгени сыяктуу эл аралык коомчулукту Кытайга каршы санкция салууга көндүрүүнү каалайт. Бул аркылуу коммунисттик партиянын башындагы бай катмарга сокку урууну максат кылат. Муну менен Кытай бийлигинде ички ажырымды күчөтүүнү көздөйт.
Демек, Кытай мамлекет башчысынын билдирүүсү Американын Тайван маселесиндеги максатынан кабардар экендигин түшүндүрөт. Тагыраагы, Америка Тайван шылтоосу менен Кытайдын аймактагы таасирин чектөөгө аракет кылып жатканын билет. Айрыкча, АКШнын Газа маселеси себептүү Жакынкы Чыгыш саясаты менен алек болуп жаткан чакта Тайвандагы шайлоодо оппозициялык партиянын жеңип келишине болгон мүмкүнчүлүгүн жумшайт.
Жыйынтыктап айтканда, учурдагы эл аралык таасирге ээ күчтөр үчүн өз кызыкчылыгы жолунда калктардын кырылып кетиши, жакырлыкка батышы же ар кандай жоготуулары эч кандай мааниге ээ эмес. Алардын максаты, тескерисинче дал ушул бузукулуктар, кыргындар аркылуу пайдага ээ болуу. Айрыкча, Кытайдын Чыгыш Түркистандагы зулумдуктары, кыргындары эч качан унутулбашы керек. О.э Американын Афганистан, Ирак жана Сирия баштаган өлкөлөрдөгү мусулмандардын канын дайра кылып агызган кыргындары унутулушу мүмкүн эмес! Учурда бул колонизаторлордун кызыкчылык талашы кудум тарыхтагы Персия менен Рим империясы арасындагы кара согуштар кайтып келгенинен кабар берет. Бул империялардын кылмыштары Ислам нуру каршысында кандай жоюлган болсо, бүгүнкү колонизаторлордун кылмышы да момундар тарабынан аягына чыгышы талашсыз.
Алла Таала айтат:
وَيَقُولُونَ مَتَى هُوَ قُلْ عَسَى أَنْ يَكُونَ قَرِيباً
“Ал күн качан?” дешет. Айткын: “Абдан жакын!” (Исро: 51)
Мумтаз Маверанахрий
Кыргызстан бийлиги өлкөдө Исламга каршы кысымды күчөтмөкчү Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү диний абалга көзөмөлдү күчөтүү максатында…
Басма сөз баянаты Оо, Шамдагы ахрар козголоңчулар! Умматтын үмүтү силерде, үмүтүн жокко чыгарбагыла! Оо, Шам…
Шам тогуту кулатылды... Бирок, Америка жана анын малайлары тикелемекчи болуп жаткан бузгунчу секулярдык башкаруудан өтө-өтө…
Басма сөз баянаты Шам калкына өткөөл доор да, убактылуу өкмөт да керек эмес, аларга Ислам,…
Басма сөз баянаты «Акса ташкыны» фактыларды ашкерелеп, кыянаттарды ачыктоодо АКШ жана Франция жетекчилиги астында Ливан…
Басма сөз баянаты Чыныгы өзгөрүү Уммат акыйдасына таянган долбоор менен гана ишке ашат Кимде андай…