Жаңылыктар

Орус чиновниги Өзбекстанды Россияга кошуп алууну сунуштады

Орус чиновниги Өзбекстанды Россияга кошуп алууну сунуштады

Россиялык чиновник Захар Прилепин Өзбекстанды Россиянын курамына кошуп алуу керектигин билдирди. Прилепин бул тууралуу “Россия сегодня” маалымат борборунда өткөрүлгөн пресс-конференцияда айтты.

Прилепиндин айтымында, мигранттарга орус тилин үйрөтүү маселесин чечүү үчүн мына ушундай жолду карманыш керек. Өзбекстандын 2 миллион жараны Россияда эмгек мигранты болуп жүргөндүгүн айткан Прилепин, “аябай көп жарандары Россияга келген” өлкөлөр толук Россияга кошуп алынышы керектигин белгиледи.

“Бизге келип жаткан гастарбайтерлердин өлкөлөрүн Россияга кошуп, аларга бул жактан эмес, мисалы Өзбекстанда орус тилин үйрөтүшүбүз керек. Мен тамашалаган жокмун”, – деген Прилепин.

Комментарий: Орус саясатчыларынын Борбор Азияга мынчалык көңүл бурушу, Россиянын акыркы кездерде Борбор Азия республикаларындагы саясий жана экономикалык таасири жоголуп бара жатканына ишара кылат. Себеби, Россиянын таасири алдында Борбор Азиядан башка регион калбады.

Бүгүнкү күндө расмий Москва Россияны Борбор Азиядан да сүрүп чыгаруу аракеттеринен тынчсызданууда. Буга чейин Россия Илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер улуттук изилдөө институтунун илимий кызматкери Станислав Притчин да “Россия Борбор Азия коопсуздугунун кепилдиги” деген билдирүү тараткан.

Албетте, Борбор Азиянын так борборунда жайгашкан Өзбекстан Россия үчүн өтө маанилүү. Себеби, Россия Борбор Азиядагы башка мамлекеттер сыяктуу эле, Өзбекстанды да өзүнүн колониясы деп билет. Ошондуктан, Өзбекстан Россиянын таасиринен чыгып кетиши Москваны тынчсыздандырышы табигый көрүнүш. Мисалы, Өзбекстан алгачкы жолу 1999-жылы ЖККУга мүчөлүктөн чыкканда Россия жанын коёрго жер таппай калган.

Демек, Россия өз чеңгелиндеги аймактарды Батышка же Кытайга алдырып жибербеш үчүн катуу аракет кылууда. Негизи, эч бир колонизатор мамлекет колониясын өз ыктыяры менен таштап чыгып кетпейт. Андай болушу мүмкүн эмес. Күч менен кирип келген колонизаторлор, кайра күч менен чыгарылмайынча, эч качан өз ыктыяры эч качан чыгып кетишпейт. Ушундай болгон соң, Халифалык мамлекети кулатылгандан кийин Батыштын колонияларына айланган Исламий өлкөлөр кайрадан Халифалык мамлекетин тикелемейинче бул колонизаторлордун баскынчылыгынан кутула алышпайт. Борбор Азиядагы мамлекеттер да ошолордун катарында. Качан бардык мусулмандарды бир байрактын алдына бириктире турган Халифалык мамлекети тикеленсе, мына ошондо гана Исламий өлкөлөрдөгү мусулмандардын канын сүлүктөй соруп жаткан колонизаторлор жок кылынат.

Абдурахман Адилов

turkistonkg

Recent Posts

Оо, Шамдагы ахрар козголоңчулар! Умматтын үмүтү силерде, үмүтүн жокко чыгарбагыла!

Басма сөз баянаты Оо, Шамдагы ахрар козголоңчулар! Умматтын үмүтү силерде, үмүтүн жокко чыгарбагыла!  Оо, Шам…

9 hours ago

Шам тогуту кулатылды… Бирок, Америка жана анын малайлары тикелемекчи болуп жаткан бузгунчу секулярдык башкаруудан өтө-өтө этият болгула

Шам тогуту кулатылды... Бирок, Америка жана анын малайлары тикелемекчи болуп жаткан бузгунчу секулярдык башкаруудан өтө-өтө…

9 hours ago

Шам калкына өткөөл доор да, убактылуу өкмөт да керек эмес, аларга Ислам, Ислам түзүмү, башкаруусу жана мамлекети керек

Басма сөз баянаты Шам калкына өткөөл доор да, убактылуу өкмөт да керек эмес, аларга Ислам,…

9 hours ago

«Акса ташкыны» фактыларды ашкерелеп, кыянаттарды ачыктоодо

Басма сөз баянаты «Акса ташкыны» фактыларды ашкерелеп, кыянаттарды ачыктоодо АКШ жана Франция жетекчилиги астында Ливан…

9 hours ago

Чыныгы өзгөрүү Уммат акыйдасына таянган долбоор менен гана ишке ашат Кимде андай долбоор бар?

Басма сөз баянаты Чыныгы өзгөрүү Уммат акыйдасына таянган долбоор менен гана ишке ашат Кимде андай…

9 hours ago

Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү

Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү Кыргызстанда үч жыл мурун калктын эң бай…

3 days ago