Эрдоган: Кыргынды токтотуу биздин милдетибиз!

1701
0

Эрдоган: Кыргынды токтотуу биздин милдетибиз!

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган палестиналык мусулмандарды залимдердин колунан куткаруу жана Газадагы кыргындарды токтотуу үчүн – көзгө көрүнбөй жаткан болсо да – көптөгөн иштерди кылып жатканын айтты. Эрдоган бул тууралуу Түркиянын Риза провинциясында берген билдирүүсүндө о.э. социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

“Палестиналык боордошторубузду (Израил)дин зулумунан куткаруу жана Газада болуп жаткан кыргындарды токтотуу биздин милдетибиз. О.э. Палестина жерлеринде жаш балдар, энелер жана бейкүнөө адамдарды өлтүрүп жаткан канкорлорду о.э. мазлумдардын мал-дүйнөсүн уурдап жаткан ууруларды тыйып коюу биздин адамдык милдетибиз. Ишенип койгула, биз Палестина жана Газа маселесинде силер көрүп тургандан тышкары көптөгөн иштерди кылып жатабыз. Газадагы боордошторубузду эч качан жардамсыз таштап койгон эмеспиз жана мындан кийин да эч качан жардамсыз таштап койбойбуз”, – деди Эрдоган.

Комментарий: Яхудийлер Газа калкын күнү-түнү кыргын кылып жаткан болсо да, азыркыга чейин эч бир Исламий өлкөнүн башчылары тарабынан, анын ичинде Эрдоган тарабынан да яхудийлерди тыйып коё турган бирер кадам болбоду. Яхудийлерди тыйып коймок тургай, алардын күчөшүнө себеп болуп жаткан мамилелерди да үзүп коё алышпады. Мисалы, Түркиянын Искандарун портунан (Израил)ге бара жаткан мунай ташыган танкерлер токтотулбады. Яхудий вужуду Газаны суу жана электрсиз калтырды. А бирок, Түркия өкмөтү Манавгат провинциясынан (Израил)ге барып жаткан сууну жана Алания шааарынан барып жаткан азык-түлүк продукцияларын токтотуп койбоду. О.э. курал-жарак үчүн сырьё болгон темир жана болот экспорту да токтогон жок.

Президент Эрдоган “Газадагы боордошторубузду эч качан жардамсыз таштап койбойбуз” деген бул убадасы канчанчы убада экендигин өзү да билбесе керек. Ал тынымсыз кайталап келген “Палестина кызыл сызыгыбыз” деген сөзүнө туруп Газа калкын куткаруунун ордуна, Халифалык мамлекети кулатылып,  анын ордуна курулган республиканын 100 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде майрамдады. Ал тургай 100 аскерий кеме жана 100 аскерий учак Стамбул кысыгында мамлекеттин аскерий кубатын көрсөттү. Т.а. Газа калкы яхудийлер чабуулу алдында аёосуз кыргындарды башынан өткөрүп жаткан жана жаш балдар тарткан азап дүйнөнү титиретип жаткан бир учурда Түркия өкмөтү аларды куткаруу үчүн жөнөтпөгөн аскерий кеме жана учактарын дүйнөгө көрсөттү.

Ооба, мусулмандар дүйнө жүзүнө мактана турган ири армияга жана аскерий күч-кубатка ээ. Бирок, бул күч-кубат жалаң гана параддарда көрсөтүүдөн башкасына жарабаса, анда бул армиялар, аскерий кемелер жана аскерий учактардын эмне кереги бар? Демек, мусулмандарга мына ушул армияларды Жихадга аттандыра турган, буйрукту Батыштагы кожоюндарынан эмес, Жалгыз Аллахтын Шариятынан гана ала турган эр жүрөк жетекчи жетишпей жатат. Качан гана мусулмандардын өз Халифасы болсо, яхудий көйгөйү деген нерсенин изи да калбайт.

Зохид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here