Баткенде 32 мечиттин жана 5 медресенин иши токтотулду
Баткенде 32 мечиттин жана 5 медресенин иши токтотулду. Ал эми, 55 мечитке жана 6 диний окуу жайга акт түзүлүп, көрсөтмөлөр берилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.
Комитет тараткан маалыматта аталган жайлардын жабылышына санитардык абал жана динге ишенгендер арасында радикалдык-экстремисттик идеологиянын жайылтышы себеп катары көрсөтүлгөн.
Мындай текшерүү буга чейин башка облустарда да жүргүзүлүп, айрым мечиттер, медреселер жабылган. Түпкүлүгүндө, бул текшерүүлөрдүн негизги максаты диний чөйрөдө көзөмөлдү күчөтүү болуп эсептелет. Ал эми, санитария жана өрт коопсуздугу талаптары шылтоо гана. Анткени, өкмөт чындап өрт коопсуздугун алдын алууну көздөгөндө ишти май куюучу жайлардан баштамак. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында жана калктуу аймактардагы май куюучу жайлар менен мунай кампалардын калк саламаттыгына тийгизген таасири жана айлана-чөйрөгө кооптуулугу актуалдуу бойдон турат. Аларда өрт чыккан учурлар да жок эмес. Экинчи борбор болгон Ош шаарында да ушул эле көрүнүш. Ош шаарында да мезгил-мезгили менен май куюучу жайларда өрт чыккан учурлар катталып турат. Мындан тышкары ири базарлар, коомдук эс алуучу жайларда өрт коопсуздугу сакталбагандыктан, ири өрт кырсыктары кайталанып келет.
Ал эми санитарияга келсек, өкмөт чын эле тазалыкты, калктын саламаттыгын ойлосо, бул ишти тамак-аш тармагын көзөмөлдөөдөн баштамак. Анткени, тамактануучу жайлардагы антисанитария чектен ашып турганына карабай “бармак басты – көз кысты” мамиле жасалып келет. Натыйжада, тамак-аштан ууланган учурлар арбын. Буга жакында эле Бишкек шаарындагы тез тамактануучу жайлардагы жапырт ууланган учур ачык мисал болот.
Демек, мечит-медреселердин жабылышына уруксат кагазы, өрт коопсуздугу же санитардык абал жөн гана шылтоодон башка нерсе эмес! Учурдагы бийлик оппозиция жетекчилеринин айрымдарын камакка алып, айрымдарына кызмат берип, айрымдары менен соодалашып алган соң, Исламга каршы күрөшкө кезек келди деп жаткандай. Буга диний баалуулуктар көп жайылган аймактардагы мечит, медреселердин жабылышы далалат кылып турат. Андыктан, кыргыз өкмөтүнө кайрылаарыбыз, айт намаздарда элге көрүнүп коюп, артынан кайра мечиттерди жабуу менен мунафыктык белгиңерди көрсөтүп жатасыңарбы! Алладан корккула жана Исламга жүздөнгүлө! Негизи силердин милдетиңер мечит, медреселерди жабуу эмес. Тескерисинче, мечиттерди куруп, ал жайларда шарт түзүү эле! Медреселерди ачып, мусулман жаштарына өз диндерин үйрөтүү эле! А бирок, өкүнүчтүүсү, силер Алланын алдындагы азиздикти эмес, колонизаторлорго малайлык кылуу менен кордукту тандап жатасыңар!
Мумтаз Маверанахрий