Саламаттыкты Сактоо Башкармалыгы

1580
0

Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты

Бисмиллахир рохманир рохиим

Саламаттыкты Сактоо Башкармалыгы

   Жалпы элдин саламаттыгын сактоо башкармалыгы Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясатын башкаруу жана аны иш жүзүндө колдонуу менен алектенет. Бул башкармалык коомго жана жеке адамдарга саламаттыкты сактоо, дарылануу жана реаблитация кызматтарын сунуштоо аркылуу жалпы элин саламаттыгын сактоо иштерин алып барат. Бул башкармалык өзүнө баш ийген бардык идара жана бөлүмдөрдү көзөмөлдөйт. Ар бир идара жана бөлүм үчүн мүдүр дайындайт. Ал мүдүр түздөн-түз ошол идаралардан о.э. алардын тармак жана бөлүктөрүнөн жоопкер болот. О.э. Саламаттыкты сактоо башкармалыгы Ислам мамлекетиндеги бардык саламаттыкты сактоо мекемелерин көзөмөлдөйт. Саламаттыкты сактоого тиешелүү болгон башка тармактарды координациялоону колуна алат. Саламаттыкты сактоо иштерин тартипке сала турган башка идаралар да ушул бөлүмдүн жоопкерчилиги алдында. Мисалы, ушул тармакка тиешелүү мекемелер менен кызматташуучу “Кризис жана табигый кырсыктар идаралары”, “Маалымат-технологиялары Банкы”, “ Саламаттыкты сактоо Башкармалыгынын Эскертүү жана Саламаттыкты сактоо тармагындагы маалымат каражаттары”, “Саламаттыкты сактоо жана дарылоо стандарттары ”, “Жоболор боюнча эксперттик компаниялар”, “Медициналык таалим жана Саламаттыкты сактоо кесип-өнөр таалими методологиясы”, “Медициналык лицензия берүү жана сапатты көзөмөлдөө бөлүмү”, “Саламаттыкты сактоо бюджети Департаменти”, “Каржы жана сатып алуулар, Аскерий бөлүм менен координациялашкан дары-дармек жана фармацефтика өнөржайы Башкармалыгы”, “Хисба аппараты менен кызматташтыктагы Элдин саламаттыгы көзөмөлү” ушулар түркүмүнөн. О.э. Саламаттыкты сактоо бөлүмү Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Департаментин көзөмөлдөйт. Илимий маселелердеги, медициналык технологиялардагы жана Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо тенденцияларындагы өзгөрүүлөргө байкоо салып турат.

Ислам мамлекетинде Саламаттыкты сактоонун маъмурий  (админстративдик) түзүмү

1 – Саламаттыкты сактоо Башкармалыгынын башкы директоры. Ал Саламаттыкты сактоо саясатын ишке ашыруудан умумий жоопкер. Ислам мамлекетинде саламаттыкты сактоо кызматтарын жана медициналык объектилерди Саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн умумий жетекчилиги алдында бир жихазга бириктирүү Саламаттыкты сактоо идарасынын маъмурий бюрократиялык жана чиеликтерин азайтат.

2 – Бөлүмдөрдүн директорлору. Маъмурий тепкичте саламаттыкты сактоо башкы директорунан кийин вилаяттарга бөлүнгөн бөлүмдөрдүн директорлору турушат.

3– Райондор боюнча бөлүнгөн бөлүм башчылары. Ошентип, Саламаттыкты сактоо Башкармалыгы аталган башкармалыктын иштерин да, өзүнө караштуу мекеме жана идараларды да башкарат. Идара болсо, идара иштерин да, вилаят, райондордогу идараларды да башкарат.

  Үй-бүлөлүк дарыгерлер, мектептеги медайымдар, эне жана баланы коргоо борборлору, саламаттыкты сактоо борборлору, ооруканалар, дарыканалар жана башка бардык саламаттыкты сактоо мекемелери өздөрү моюн сунуп жаткан райондогу идара башчысы алдында жоопкер. Ал эми идара башчылары болсо, милдети боюнча өз бөлүм, идара жана мекемелердин эң жогорку башкаруусун мойнуна алган адам алдында жоопкер болушат. О.э. алар умумий өкүм жана түзүмдөргө моюн сунуу жагынан валий жана аким алдында жоопкер болушат.

   Элдин бардыгы зарыл болгон медициналык кызматтардан пайдаланышына шарт түзүү үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:

  Ар бир райондо үй-бүлөлүк дарыгерлер, медайымдар, дарыкана, медициналык тез жардам кызматтары, негизги анализдер үчүн лабораториялар жана тез жардам машиналары болгон бир катар алгачкы саламаттыкты сактоо борборлору болушу керек. Ар бир райондо ички оорулар, хиррургия, жаш балдар дарыгерлери жана гинекологиядан турган негизги төрт адистик боюнча зарыл жабдыктар менен жабдылган бир катар умумий медициналык борборлор болушу керек. Дагы ушул борборлор медайым, фармацевтика жана лабораториялар сыяктуу зарыл болгон жабдыктар менен камсыздалган болушу керек.

   Мындай алгачкы жана умумий борборлордун саны ар бир райондо калктын санына жана туракжай массивдеринин бири-биринен алыстыгына карай уюштурулат. Ошондо үй-бүлөлүк дарыгерге же адиске көптөгөн бейтаптар толуп кетпейт. Андай болбосо дарыгер аларга тез жана сапаттуу медициналык жардам көрсотө албайт. Медициналык борбор бейтаптан өтө алыста болсо да болбойт. Эгер калктын бирөө-жарымынын турган жери изоляцияланган болсо же эң жакын туракжай массивдеринен алыста болсо, ага жакынкы медициналык борборго бейтапты каалаган убакта ар кандай медициналык кызматты алышы үчүн жеткирүүнү камсыздай турган же ага дары дармек жеткирүүнү камсыздай турган учак же башка зарыл болгон транспорт каражаттары берилет. Ким шашылыш болбогон медициналык кызматтан пайдаланууну кааласа, а үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылышы мүмкүн болот. Эгер өзүнүн адистиги жана билими тармагына тиешелүү болсо, үй-бүлөлүк дарыгер бул кызматты көрсөтөт. Андай болбосо, ал бейтаптын ден соолугундагы көйгөй жана зарылдыгына карай комплекстүү борбордогу башка адиске же дарыгерге жөнөтөт. Кимде кант диабети, кан басымы, жүрөк жана муун оорулары сыяктуу өнөкөт оорулар болсо, ал үзгүлтүксүз мына ушул өнөкөт оору боюнча адис дарыгердин көзөмөлүндө болот. Үй-бүлөлүк дарыгер да адис дарыгердин отчётторуна карай бейтапка тынымсыз байкоо салып турат.

  Ким шашылыш медициналык жардам кызматын кааласа, ал тез жардам чакырат жана эң жакынкы аралыктагы тез жардам бригадасы ага алгачкы медициналык жардамды көрсөтүп, тезинен ооруканага жеткирет. Мамлекет ар бир райондо, жок дегенде бирөө болсо да, ички оорулар, хиррургия, гинекология жана башка оорулар боюнча адистиктерди камтыган о.э. өзгөчө кырдаалдар үчүн кызмат кыла турган оорукана ачышы керек. Мамлекет дагы ар бир вилаятта, жок дегенде бирөө болсо да, негизги адистиктерге кошумча кичи адистиктер жана сейрек кездешүүчү оорулар бөлүмдөрүн камтыган оорукана ачууга көңүл бурушу керек. Ал бөлүмдөр ошол вилаятта болгон ооруларга карай белгиленет. Анткени, бир аймакта болгон оору башка аймакта болбошу мүмкүн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here