Жуланий разведка кызматы Хизб-ут-Тахрир мүчөсүнүн бирин уурдап, анын аялын жана бир жарым жаштагы наристесин сабады

735
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Жуланий разведка кызматы Хизб-ут-Тахрир мүчөсүнүн бирин уурдап, анын аялын жана бир жарым жаштагы наристесин сабады

Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын маалымат бөлүмү жарыялаган билдирүүдө мындай делет: «Хаят Тахрири Шамдын разведка кызматы 2023-жылы 13-июль күнү Идлиб районунун Салкин шаарында Хизб-ут-Тахрир мүчөсүнүн бири Нуриддин Хивранийди ур-токмокко алып, уурдап кетишти… Алар муну менен гана чектелбестен, канкор Башардын коопсуздук кызматкерлеринен башка эч ким жасабаган кылмыштарга барып, Нуриддиндин аялын жана анын бир жарым жаштагы уулун сабашты. Аял көчөдө эсин жоготуп койду. Разведка кызматы андан мурун Арих шаарында аялдарга чабуул кылуу жана Килили шаарында аялдардын үйлөрүнө бастырып кирүү сыяктуу кылмыштарды жасаган. Алар даъватты жеткирип жаткан Хизб мүчөлөрүнө жана алардын үй-бүлөлөрүнө каршы жүргүзүп жаткан кезектеги ыплас иштерин ушул жосунда улантышууда. Муну менен Нуриддин экинчи ирет уурдалууда. Алар алгач 2019-жылда да Сочи келишими артынан Идлибдин түштүгү жана түштүк-чыгышы моюн суна электе Нуриддин коргоо кызматын бүтүрүп, үйүнө бара жатканда уурдап кетишкен».

Билдирүүнүн акырында ушулар баса белгиленди: «Разведка кызматынын атайылап жасап жаткан ыплас кылмыштары түрк “насаатчысын” ыраазы кылууга багытталган тил бириктирүүнүн көлөмүн көрсөтүп турат. Алардын даъватты көтөрүп чыккандарга каршы бүгүн жасаган иштери Аллах убада кылган нусрат сааты жакындашып, малайлар заманы бүтө баштаганынан кабар берүүдө. Ошол күндө залимдер кандай акыбетке карап бара жатышканын билип алышат».

 Роя гезити, №452, 2023-жыл, 19-июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here