Администрация менен яхудий вужуду Фалестин калкына душмандык кылууда бирдей!

691
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Администрация менен яхудий вужуду Фалестин калкына душмандык кылууда бирдей!

«Ал-Жазира» телеканалы оңчул «Channel 14» ибраний телеканалынан цитата келтирип, «Фалестин администрациясы менен «израиль» ортосунда Жаниндеги аскерий операцияларды токтотуу жөнүндөгү келишим» деген аталышта кабар таратты. «Channel 14» телеканалында мындай делет: «Биньямин Нетаньяху армия жана «Шабак» разведка кызматына басып алынган Батыш Жээктин Жанин аймагындагы аскерий операцияларды токтотуп туруу туурасында буйрук берди. Бул, эки тарап ортосунда болуп өткөн сүйлөшүүдөн кийин болду. Сүйлөшүүдө «израиль» аскерий операцияларды мүмкүн болушуча батыраак токтотушу жөнүндө келишим түзүлгөн. Келишимге ылайык, «израиль» операциялары, алар айткандай, «убактылуу бомбага» чектелет. Бул, Фалестин коопсуздук күчтөрү Жанин аймагында жоготкон көзөмөлүн кайра колго алышына мүмкүнчүлүк берүү максатында болду».

Өз кезегинде, Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестиндеги маалымат бөлүмү бул туурасында өзүнүн веб-сайтында ушуларды маалымдады: «Бул сыяктуу кабар жана окуялар ушуну анык көрсөтүп турат – шерменделик болсо да, Фалестин администрациясынын позициясы анын алсыздыгын жана фалестиндиктерди таптакыр коргобошун көрсөтүүдө, а түгүл, баскынчы вужуддун Фалестин элине каршы пландап жаткан жана жасап жаткан иштерде анын да колу бар экени өз тастыгын табат. Фалестин администрациясы бул нерселерди жашырып жатса, яхудий вужуду ачыктап жатат. Акаба жана Шармуш Шайх саммиттери, аларда кабыл алынган коопсуздук пландары, америкалык генералдардын тынымсыз келип-кетиши, бул келип кетүүлөрдүн натыйжасында Жанин, Наблус жана башка жерлердеги мужахиддердин очогун жок кылуу жөнүндөгү токтомдордун жана пландардын кабыл алынышы… бул нерселердин баарына Фалестин администрациясы катышып, даяр турду. Бул чындыкка эртели-кеч яхудий вужудунун жетекчилеринин ооздорунан чыгып жаткан сөдөр да далалат кылууда. Алар кулабашы үчүн Фалестин администрациясын колдоп-кубаттап жатышканы, жийиркеничтүү яхудий вужуду жана алардын кызыкчылыктары үчүн бул администрациянын болушу зарыл экендиги туурасында күнү-түнү билдирүүлөрдү беришүүдө. Алардын отчётторунда да Фалестин администрациясын бекемдөө, анын жасалма таасирин кайра тикелөө зарылдыгы жөнүндө айтылууда. Жакында Жанинде болгон операциядан эки максат көздөлгөн көрүнөт».

«Жогоруда айтылган кабардан белгилүү болгондой, Фалестин администрациясы менен яхудий вужуду мужахиддердин бутага алынышы (алар айткандай «убактылуу бомба») сакталып, операцияларды токтотуп турууга келишишкен. Демек, эки тарап ортосундагы мамиле – Фалестин элин жок кылууда жана аларга каршы согушууда кызматташуу же эң кеминде бул кылмышты моюнга алуу, ага ыраазы болуп унчукпоо. Тыянактап айтканда, Фалестин администрациясы долбоору ондогон жыл мурунку Осло келишиминен тартып жийиркеничтүү яхудий вужудунун долбоорун өнүктүрүүгө багышталды. Фалестин калкынын намысы тебеленип, алар өлтүрүлүп жатканда, бул вужуд рак сымал шишип жайылышы жана жаңы турак-жайларды курушу уланууда. Фалестин администрациясынын Фалестин калкын көзөмөлдөөнү күчөтүүдөн, бут-колдоруна кишен салып, душмандарына каршы согушууларына жол бербөөдөн башка вазыйпасы жоктой. Фалестин администрациясы бир тараптан Фалестин калкынын душманга каршы согушуусуна жол бербей жаткан болсо, башка тараптан, душмандын фалестиндиктерге каршы кылмыштарына жол ачып берүүдө».

Билдирүүдө дагы мындай делет: «Фалестин администрациясынын «улуттук долбоору» яхудий вужуду долбооруна кызмат кылып жаткан соң, Фалестин калкы өз маселесин Умматтын кучагына кайтаруудан жана Умматтын армиялары саткын өкүмдарларды кулатып, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелеши үчүн алардан нусрат суроодон башка кутулуу жок. Халифалыкта Уммат жана анын күчтөрү баскынчы яхудий вужудун жана ага байланыштуу ар кандай нерсени түп-тамыры менен кулатуу менен алектенет».

 Роя гезити, №452, 2023-жыл, 19-июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here