Жалпы мусулмандарды алсыздарга жардам берүүгө шыктандыруу

2409
0

Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты

Бисмиллахир рохманир рохиим

 Адамдардын саламаттыгын сактоо – адамдарды дарылоо иш-чаралары

 Жалпы мусулмандарды алсыздарга жардам берүүгө шыктандыруу

 Алсыздарга жардам берүү жоопкерчилиги мамлекеттин мойнуна – о.э. кудуреттүү болушса, туугандарына – түшкөн соң, албетте Ислам, өз фикратынын бир бөлүгү катары, алсыздарды өз карамагына алууну умумий көрүнүштө мусулмандардын бардыгына важиб кылат. Жубайр ибни Нафир ал Хазрамийден мындай деп уккандыгы риваят кылынат. Абу Дарда Расулуллах с.а.в. дын:

ابغوني الضُّعفاءَ، فإنَّما تُرزقونَ و تُنصرونَ بضعفائِكُمْ

Мага алсыздарды издеп тапкыла, анткени силер алсыздарыңар себебинен ырыскыланасыңар жана жардам берилет, дегенин уктум дейт эле. Абу Давуд риваяты. Мусъаб ибн Саъддан риваят кылынат. Саъд розияллоху анху башкаларга караганда байыраак экенин көргөндө Расулуллах с.а.в.:

هل تُنصرون وتُرزقون إلا بضعفائكم

Силерге алсыздарыңар себептүү жардам берилет, ырыскыланасыңар, – деген. Бухарий риваяты. Ибн Аббастан риваят кылынат. Расулуллах с.а.в.:

لعن اللهُ من كمَه الأعمَى عن السَّبيلِ

Сокурга жол көрсөтпөгөндү Аллах наалаттаган деген. Хаким “Мустадрак” та риваят кылган жана (иснады сахих хадис) деген. Абу Хурайра розияллоху анхудан риваят кылынат, Расулуллах с.а.в:

مَنْ لَمْ يَرْحَمْ صَغِيرَنَا، وَيَعْرِفْ حَقَّ كَبِيرِنَا، فَلَيْسَ مِنَّا

Кимде-ким жаштарыбызга ырайым кылбаса, чоңдорубуздун акы-укугун билбесе, ал бизден эмес, деген. Абу Давуд жана Хаким “Мустадрак”ында риваят кылган жана (иснады сахих) деген.

Кан куюучу станциялар жана анын тармактары

 Медицина тармагынын көптөгөн орундарында кан куюучу станциялар жана анын тармактары зарурий муалажадан, айрыкча жарааттарда, аз кандуулук ооруларында өтө маанилүү болуп эсептелет. Ошондуктан, ал Аллахтын жолундагы жихадда жарадар болгондорду дарылоодогу медициналык зарылдык болуп эсептелет. Саламаттыкты сактоо түзүмүнө караштуу, кан куюучу станциялар жана анын тармактарын тартипке сала турган, аны муктаждарга тезинен, ишенимдүү жеткирүүнү толук камсыздай турган о.э. ага тиешелүү канды топтоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү эң абзел медициналык нормалар боюнча аткара турган, сактап тура турган тармакка да өзүнчө орун ажыратуу керек болот. Бул тармак кан тапшыруучу донорлор менен иштөөнү үйрөтүүчү, кеңештерди берүүчү ушул тармактын тажрыйбалуу адистерине муктаж болот о.э. кандын оорулардан, ар түрдүү зыяндардан таза экенин, кандын түрүн (группасын) аныктап, каттоого ала турган атайын лабораторияга да, муктаждардын кандарына туура келиши же келбешин катуу текшере турган, бул иштерди тартипке сала турган о.э. аны сактап, соо-саламат жеткире турган  комитетке да муктаж болот.

Негизи кан арам жана нажас болуп эсептелет. Адамдын каны нажасат экендигине Асма розияллоху анхадан Бухарий жана Муслимдер риваят кылган хадис далил болот. Бир аял Расулуллах с.а.в.дын алдына келип “кээ бирлерибиздин кийимибизге айыз канынан тийип калат, ошондо эмне кылыш керек” деп сурады. Расулуллах с.а.в ага:

جاءت امرأة إلى النبي صلى الله عليه وسلم، فقالت: إحدانا يصيب ثوبها من دم الحيضة، كيف تصنع به، قال: «تَحُتُّهُ، ثم تَقْرُصُه بالماء، وتَنْضَحُه، وتُصَلِّي فيه»

Аны ышкалап кетиресиңер, үстүнөн суу куясыңар, андан кийин сууну чымчылап, сыгып таштайсыңар, андан соң ошол кийимде намаз окуй бересиңер, – деп жооп берди. Расулуллах с.а.в.дын Намаз окугандын алдында канды жууп-тазалоого буюргандыгы анын нажасат экендигине далил болот. Ал эми канды жеп-ичүү арам экендигине Аллах Тааланын төмөнкү аяты далил болот:

حُرِّمَتۡ عَلَیۡكُمُ ٱلۡمَیۡتَةُ وَٱلدَّمُ وَلَحۡمُ ٱلۡخِنزِیرِ

“Силерге өлүмтүк, кан, чочконун эти арам кылынды” [5:3]. Дагы:

قُل لَّاۤ أَجِدُ فِی مَاۤ أُوحِیَ إِلَیَّ مُحَرَّمًا عَلَىٰ طَاعِمࣲ یَطۡعَمُهُۥۤ إِلَّاۤ أَن یَكُونَ مَیۡتَةً أَوۡ دَمࣰا مَّسۡفُوحًا أَوۡ لَحۡمَ خِنزِیرࣲ فَإِنَّهُۥ رِجۡسٌ أَوۡ فِسۡقًا أُهِلَّ لِغَیۡرِ ٱللَّهِ بِهِۦۚ فَمَنِ ٱضۡطُرَّ غَیۡرَ بَاغࣲ وَلَا عَادࣲ فَإِنَّ رَبَّكَ غَفُورࣱ رَّحِیمࣱ

“Айткын: “Мага вахий-кабар кылынган Куранда жей турган киши үчүн арам кылынган нерсени көрбөй жатам. Бир гана өлгөн малдын эти, төгүлгөн кан жана чочконун эти арам. Же Алладан башка үчүн аталган фасыктык-бузукулук болсо (арам)”. Демек, ким заалим болбогон жана чектен ашып кетпеген абалда мажбур болуп калса (маселен, ачкачылыктан өлбөс үчүн ал нерселерден жеш менен күнөөкөр болбойт).

Нажасаттан, арам нерседен пайдалануу арам, буга далилдер:

Бухарий Жабир ибн Абдуллах розияллоху анхудан риваят кылат. Ал Меккеде турган кезинде, фатх жылы Расулуллах с.а.в.:

 «إن الله ورسوله حرم بيع الخمر، والميتة والخنزير والأصنام»، فقيل: يا رسول الله، أرأيت شحوم الميتة، فإنها يطلى بها السفن، ويدهن بها الجلود، ويستصبح بها الناس؟ فقال: «لا، هو حرام»، ثم قال رسول الله صلى الله عليه وسلم عند ذلك: «قاتل الله اليهود إن الله لما حرم شحومها جملوه، ثم باعوه، فأكلوا ثمنه»

“Аллах жана Анын Расулу арак, өлүмтүк, чочко жана буттарды сатууну арам кылды”, – дегенин уккан. Ошондо” Я Расулуллах, өлгөн жаныбарлардын майычы, анткени ал кемелерге жана терилерди ашатууга колдонулат, адамдар болсо андан чырак үчүн пайдаланышат? деп сурашты. Ал зат: “Жок, бул арам”, деди. Андан соң Расулуллах с.а.в: «Аллах яхудийлерди кыйроого учуратсын. Аллах анын майын арам кылганда, аны топтоп, сатып, акчасын жешти”, – деп айтты.

Табарийдин “Тахзиб ал асар” китебинде Жабирден болгон риваятта Расулуллах с.а.в:

لا تنْتفِعُوا مِن الْميْتةِ بِشيْء

“Өлүмтүк нерседен пайдаланбагыла”, – деген.

Маймуна розияллоху анхадан Мусаддид жана Вахб айткан ибн Аббастан Абу Давуддун хадисинде келгендей, (өлүмтүктөн пайдалануу арамдыгынан) өлүмтүк терилери истисна кылынган, Маймуна розияллоху анха мындай дейт:

أهدي لمولاة لنا شاة من الصدقة، فماتت، فمر بها النبي صلى الله عليه وسلم، فقال: «ألا دبغتم إهابها واستنفعتم به» قالوا: يا رسول الله، إنها ميتة، قال: «إنما حرم أكلها».

Биздин күңүбүзгө садакадан бир кой берилди, ал кой өлүп калды. Пайгамбарыбыз с.а.в. анын жанынан өтүп бара жатып: “Анын терисин ашатып, андан пайда көрбөдүңбү?” – деди. Ал: “Я Расулуллах, ал өлүп калган”,деди. Ал зат болсо:Аны жеген арам”, деди.

Бухарий Жабир ибн Абдуллах розияллоху анхудан риваят кылат, ал Меккеде турган кезинде, фатх жылы Расулуллах с.а.в.дын:

 «إن الله ورسوله حرم بيع الخمر،

“Аллах жана Анын Расулу арак сатууну арам кылды”, – дегенин уккан

Бухарий о.э. Анас розияллоху анхудан риваят кылат: Абу Талханын үйүндө коомдун суу менен камсыздоочусу элем, негизи ошол күндөрү арактар ачыткы абалында эле. Расулуллах с.а.в. жарчыны:

 أَلَا إنَّ الخَمْرَ قدْ حُرِّمَتْ

Эсиңерде болсун, арак арам кылынды, – деп жар салууга буюрду. Абу Талха мага: Аларды төгүп сал, – деди. Ошондо чыгып, аларды төгүп салдым. Алар Мадина көчөлөрүндө агып кетти.

Абу Хурайра розияллоху анхудан Абу Давуд риваят кылат. Расулуллах с.а.в.:

إن الله حرم الخمر وثمنها، وحرم الميتة وثمنها، وحرم الخنزير وثمنه

“Аллах аракты анын акчасын, өлүмтүктү жана анын акчасын, чочко этин жана анын акчасын арам кылды”, – деген.

(уландысы бар).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here