Энергетика тармагында өзгөчө кырдаал жарыяланды

2588
0

Энергетика тармагында өзгөчө кырдаал жарыяланды

         Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 31-декабрына чейин энергетика тармагында өзгөчө кырдаал жарыялоо жөнүндө жарлыкка кол койду.

         Жапаровдун айтымында, бул жарлык менен энергетика тармагында кандай гана маселе жаралбасын, министрге ыкчам чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгү берилет. Маселен, энергетика министри өзүнүн компетенциясына кирген суу, энергетика, гидроэнергетика жана башка маселелер боюнча бардык координациялоо ролун аткарат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган жетекчилерине, тармактык министрликтердин жетекчилеринин орун басарларына эми энергетика министри тапшырма бере алат.
Кыргызстанда 2022-жылы 13,85 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, 15,9 млрд кВт/саат керектелген. Дефицит импорт аркылуу жабылган. 2023-жылы керектөө 17 млрд кВт/саат болот деп эсептелип жатат.
Ал арада АКШнын Энергетикалык коопсуздук жана климаттын өзгөрүүсү боюнча программасынын эксперти Эдвард Чоу тармактагы кризисти чечүү үчүн электр энергиясынын баасын базар баасындагы деңгээлге чыгаруу зарылдыгын билдирди.

         “Адамдар электр энергияны коопсуздук, медицина сыяктуу мамлекет тарабынан камсыздалышы керек болгон зарылдык деп ойлошот. Андай эмес. Энергетика тармагында эркин базар белгилей турган баа болушу керек. Субсидия энергетика тармагына эмес, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга гана берилиши керек. Өкмөт тарифтин баасын белгилебеши зарыл. Ушундай мамиле гана инвесторлор үчүн жагымдуу чөйрөнү пайда кылат”, – деди Чоу.

         Буга чейин Кыргызстанда электр энергиясынын баасы инфляциянын өсүшүнө жараша жыл сайын көтөрүлүп тураары айтылган. Ал эми, энергетика тармагын каржылоого соңку алты айда 11,3 миллиард сом бөлүндү. Жалпысынан бул тармакка 2 миллиард долларга жакын каражат салынган. А бирок, энергетика сектору терең тамыр жайган коррупция, бөлүштүрүүчү менчик компаниялардын талап-тоноосу натыйжасында бүгүнкү күнгө чейин кризистен чыга албай келет. Расмий өкмөт электр энергиясынын өздүк баасы өзүн актабай жатканын айтып келет. А бирок, электр энергиясы керектөөчүлөргө жетип келгенге чейин бөлүштүрүүчү компаниялар абадан акча жасашат. Алар мамлекеттен электр энергияны 35 тыйындан 42 тыйынга чейин сатып алышат.

         Мындан тышкары, мамлекеттик ишканалар “табигый жоготуулар” шылтоосу менен уруп калышат. Бир кезде мындай жоготуулар 50%га чейин чыккан. Учурда бул көрсөткүч 22% тегерегинде экени айтылууда. Бул болсо 3 миллиард кВт саатка барабар. Башкача айтканда, мамлекетте таңкыс болуп жаткан 3 миллиард кВт/саат электр энергиясы бөлүштүрүүчү компаниялардын элдин үстүнөн тапкан кирешеси болууда. Муну менен катар электр энергиясы айрым капиталисттер үчүн текейден арзан баага берилүүдө. Маселен, “МБТ Строй” компаниясы “Камбар-Ата-2” ГЭСине 1,5 млрд. сом салып, аны электр энергиясы менен кайтарып алат. Бул компанияга электр энергиясы бир МВт үчүн 50-60 тыйынга бааланууда.

         Энергетика тармагында жергиликтүү капиталисттердин талап-тоноосу жетишпегендей, эл аралык каржы уюмдар, жогорудагыдай эксперттер тарифти көтөрүү менен калктын жонунан кайыш тилүүнү талап кылып келет. Маселен, жогорудагы тариф саясаты тармакты “реформалоо” аты менен Дүйнөлүк банктын сунушу алкагында жүргүзүлүүдө. Банктын Европа жана Борбор Азия аймагы боюнча вице-президенти Анна Бьерде мындай деген: “Дүйнөлүк банк чыгымдарды жабуу үчүн ташталган кадам болгону себептүү муну колдоду. Арзан тарифтер зарыл болгондон да көбүрөөк колдонууга түртөт. Биз анын өзгөрүшүн колдойбуз”. Демек, бүгүнкү Кыргызстандагы энергетикалык кризис энергиянын жетишсиздигине эмес, пайдага негизделген капиталисттик эл аралык системага байланыштуу.

        Мунун каршысында, Ислам электр энергиясын умумий (жалпы) мүлктүн катарына кошкон. Ага мамлекет да, менчик компаниялар да ээлик кылышы мүмкүн эмес. Ибн Аббас риваят кылышынча, Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам айткан:

اَلْمُسْلِمُونَ شُرَكَاءُ فِى ثَلاَثٍ فِى الْمَاءِ وَالْكَلَإِ وَالنَّارِ

“Мусулмандар үч нерседе – суу, жайыт жана отто шерик”. Бул хадисти Анас да ибн Аббастан риваят кылып, “анын акчасы арам” деген сөздү кошкон. Демек, умумий мүлктүн пайдасы же андан алынуучу киреше ар бир жаранга жетип барышын камсыздоо мамлекеттин мойнундагы милдет.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here