“Камбар-Ата” ГЭСинде өндүрүлгөн электр энергия жеке компанияга 60 тыйынга сатылат

2643
0

“Камбар-Ата” ГЭСинде өндүрүлгөн электр энергия жеке компанияга 60 тыйынга сатылат

         “МБТ Строй” компаниясы “Камбар-Ата-2” ГЭСине 1,5 млрд. сом салып, аны электр энергиясы менен кайтарып алат. Бул тууралуу энергетика министрлиги маалымдап, аталган компания менен келишим даярдалып жатканын билдирди.

         «Клооп» басылмасы мунун алдында атайын иликтөө даярдап, “МБТ Строй” ГЭСте өндүрүлгөн энергияны өздүк наркы менен алып, ага майнинг иштетиши мүмкүн экенин айткан.

         Энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиевдин ырасташынча, сунушта электр энергиясы “дата борбору” үчүн колдонулат деп келген. Майнинг болобу, башкасыбы министрлик ага кийлигише албайт. Алар каалагандай колдонушат. Компания “Камбар-Атага” салган акчасын акташ үчүн ГЭСтен 5-10 жыл энергия алмакчы. Бир МВттын баасы 50-60 тыйынга бааланууда. Булар өзүн актагандан кийин электр энергиясынын баасы өзгөрөт.

         Буга чейин кыргыз бийлиги энергетика тармагындагы кризисти шылтоо кылып, май айынан тарта электр энергиясынын тарифин кымбаттаткан. Калк үчүн электр энергиянын баасы 23 тыйынга көтөрүлүп, 1 сом болгон. Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө “электр энергиясынын тарифи көтөрүлбөсө бул тармак 10-15-жылдан кийин биротоло талкаланып жок болот” деп эскерткенАл ортодогу чыгымдар менен кошулуп электр энергиясынын өздүк наркы 2 сом 38 тыйынга жетерин айткан. А бирок, капиталисттердин кызыкчылыгына келгенде бул өздүк нарк 60 тыйындан да арзандап калууда. Буга кошумча, ортодогу чыгымдар жасалма түзүлгөн. Бөлүштүрүп, жеткирүүчү компаниялар ар кандай чыгымдардын шылтоосу менен бул каражаттарды уруп калышат. Буга бийлик ээлери да шерик экени жашыруун эмес. Расмий өкмөт бул тармактагы коррупциялык схемалар иштеп жатканына карабай, бул тармакка кайра-кайра карыз алууну токтотпой келет. Ал эми, карыз берген Дүйнөлүк банк сыяктуу каржы уюмдары калк үчүн тарифти кымбаттатууну талап кылат. Маселен, жогорудагы тариф саясаты тармакты “реформалоо” аты менен Дүйнөлүк банктын сунушу алкагында жүргүзүлдү. Банктын Европа жана Борбор Азия аймагы боюнча вице-президенти Анна Бьерде мындай деген: “Дүйнөлүк банк чыгымдарды жабуу үчүн ташталган кадам болгону себептүү муну колдоду. Арзан тарифтер зарыл болгондон да көбүрөөк колдонууга түртөт. Биз анын өзгөрүшүн колдойбуз”.

         Жогорудагылардан маалым болгондой, Кыргызстан калкы тарифтин көтөрүлүшү аркылуу эл аралык уюмдардын зулумдугун чегип жатат. Бул жетпегендей, бийлик менен ымала түзгөн капиталисттик компаниялар элдин мүлкү болгон электр энергиясын текейден арзан тариф менен колдонууга жол ачууда. Демек, бүгүнкү Кыргызстандагы энергетикалык кризис жетишсиздиктен эмес, пайдага негизделген капиталисттик эл аралык системага байланганы үчүн пайда болууда.

         Мунун каршысында, Исламий шарият электр энергиясын умумий (жалпы) мүлктүн катарына кошкон. Ага мамлекет да, менчик компаниялар да ээлик кылышы мүмкүн эмес. Ибн Аббас риваят кылышынча, Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам айткан:

اَلْمُسْلِمُونَ شُرَكَاءُ فِى ثَلاَثٍ فِى الْمَاءِ وَالْكَلَإِ وَالنَّارِ

“Мусулмандар үч нерседе – суу, жайыт жана отто шерик”. Бул хадисти Анас да ибн Аббастан риваят кылып, “анын акчасы арам” деген сөздү кошкон. Демек, умумий мүлктүн пайдасы же андан алынуучу киреше ар бир жаранга жетип барышын камсыздоо мамлекеттин мойнундагы милдет болуп эсептелет. Андыктан, зулумдуктун булагы болгон капиталисттик системаны уратып, ордуна шарий мамлекетти тикелөөгө, шариатты турмушка ашырууга аракет кылышыбыз шарт! Ошондо гана кара булут сыяктуу айланган зулумдуктардан кутула алабыз!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here