Марк Милли дүйнө жүзү олуттуу көйгөйлөргө дуушар болорун эскертти

2637
0

Марк Милли дүйнө жүзү олуттуу көйгөйлөргө дуушар болорун эскертти

АКШнын Штаб башчылары бирикмесинин жетекчиси генерал Марк Милли “бир уюлдуу дүйнө” доору аягына чыкканын билдирди. Бул тууралуу ал Улуттук коргоо университетинин бүтүрүүчүлөрү алдында сүйлөгөн сөзүндө айтты. Миллинин айтымында, бүгүнкү күндө дүйнөдө Батыш айтып жаткандай бир эмес, үч супер күч бар. АКШ жана Россия менен бир катарда Кытай дагы дүйнөнүн саясий картасында орун ээлегенине көнүлдү бурган Милли: “Биз азыр кеминде үч супер күч бар болгон (АКШ, Кытай жана Россия) көп уюлдуу эл аралык мухитте жашап жатабыз, бул нерсе күн өткөн сайын ачыкталууда”, – деди.

Миллинин айтымында, алдыдагы 10-15 жылда дүйнө “өтө олуттуу көйгөйлөр жана кризистерге” дуушар болот. Бул көйгөйлөрдүн негизгиси, дүйнөнүн эң кубаттуу мамлекети болгон АКШ жетекчилик кылган “бир уюлдуу доордун” бүтүшү болуп эсептелет. “Айрым мамлекеттер өз аймактарында ойногон ролун күчөтө башташты жана алдыга чыгышты. Айрымдары келечекте супер күч макамын жарыялашы мүмкүн”, – деди Милли.

Комментарий: “Бир уюлдуу дүйнө” деген сөз, бир мамлекеттин эл аралык саясатта чечим кабыл алышын, Коопсуздук кеңеши, БУУ жана башка ушул сыяктуу мекемелер үстүнөн кожоюндук кылышын түшүндүрөт. Кээде бул нерсе «дүйнөлүк жандарм» деп да аталат. Бул «жандарм» мамлекет дүйнөнүн бардык аймагында болуп жаткан күрөштөрдү бир өзү башкарат.

Советтер Союзу кулагандын алдында эл аралык саясат “эки уюл” т.а. АКШ жана СССР тарабынан башкарылчу. Ал кезде ушул эки уюл ортосунда жүз берген күрөш жана атаандаштыктар «кансыз согуш» деп аталат эле. Өткөн кылымдын токсонунчу жылдары СССР кулаган соң Америка жалгыз уюлга айланды жана жалгыз өзү улуу күч катары дүйнөгө өкүмдарлык кыла баштады. Бирок анын мындай доору көпкө созулбады.

Негизи Американын бир уюлдуу түзүмү ийгиликсиздикке дуушар болгону бир топ мурда башталган. Обама дооруна келип, анын дүйнөнү «бир уюлдуулук менен башкаруу» идеясынан баш тартканы расмий жарыяланды. АКШ саясат, экономика жана эл аралык таасирде батыш мамлекеттеринин эң күчтүүсү болсо да, акыркы кездерде бир топ алсырап калды. Мунун себеби, Америка СССРди талкалап, бир уюлдуу дүйнөдө жападан-жалгыз улуу күчкө айланган соң, өзүнүн жаңы атаандаштары катары Кытай, Британия жана Россияны тандаган болсо да, бирок терроризмге каршы күрөш маскасы артында негизинен Исламга жана анын Халифалык долбооруна каршы күрөштү биринчи орунга койду. Ал Исламды четтетүү үчүн ырайымсыздык менен чабуул кылды жана бир уюлдуу саясатына таянып, Дүйнөлүк Соода Уюмун, Бириккен Улуттар Уюмун, массалык маалымат каражаттарын жана Исламий өлкөлөрдүн акимдерин ишке салды. Бирок, ал Ислам каршысында Аллахтын фазли менен ийгиликсиздикке дуушар болду. Аллахтын жолунда өлүүнү сыймык деп билген чыныгы эр кишилерге туш болгон АКШ армиясы – заманбап аскерий технологиялары бар экендигине карабастан – талкаланып калды. Кыскасы, АКШнын Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшү анын кыйла күчүн жоготушуна себеп болду. Айрыкча, Ирак жана Афганистан баткагына батып калып, башкалардан жардам суроого мажбур болгондугу аны дүйнөдө жеке акимдик жана улуулук макамынан түшүрүп койду. Т.а. анын Ислам жана мусулмандар каршысында алсыздык кылышы саясий күчүнүн негизги бөлүгүнөн ажырашына себеп болду, эл аралык макамы солкулдап калды. Натыйжада бүт дүйнөнү канаты алдында кармап турган кубатына олуттуу зыян жетти. Ал тургай, АКШ расмийлеринин өздөрү да билдирүү берип, абал ушундай экендигин моюнга алышты.

Ак үй расмийлеринин АКШ жетекчилик кылган “бир уюлдуу доордун” бүтүшү жана дүйнө олуттуу көйгөйлөр менен кризистерге дуушар болушу жөнүндөгү эскертүүлөрү, шек-күмөнсүз дүйнө тартиби өзгөрүп жатканына ишара кылат.

Дүйнө тартибинин өзгөрүшү дегенде дүйнөгө өкүмдарлык кылып жаткан хазараттын өзүнөн-өзү кулашы же улуу мамлекеттердин алсырап, кичине мамлекеттерге айланып калышы түшүнүлбөйт. Башкача айтканда, бул нерсе атаандаштык үчүн жаңы кеңири майдан пайда болгонун түшүндүрөт. Бул майданда капитализм хазараты башка хазарат тарабынан жок кылынышы керек. Ал үчүн бирден-бир талапкер Ислам хазараты. Бүгүнкү күндө Ислам хазаратынан башка – адамзатты азап-кыйынчылыктардан куткара турган – эч кандай хазарат жок. Себеби Ислам хазараты – бул раббоний хазарат. А бирок, бул – Ислам хазараты эч кандай адамдын аралашуусу болбой эле Илахий күч аркылуу жашоого кайтып келет дегени эмес. Тескерисинче, бүгүнкү күндө кулайын деп турган капитализм хазаратынын ордун Ислам хазараты ээлеши үчүн мусулмандардан талап кылынган нерсе, Расулуллах дын тарыйкатын ээрчиген жана сабабдарды кармаган абалда жамаий түрдө аракет кылуу. Бул Илахий мыйзам мусулмандардын мойнундагы эң улуу фарздардын бири болуп эсептелет.

Зохид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here