Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты
Бисмиллахир рохманир рохиим
Адамдардын саламаттыгын сактоо – адамдарды дарылоо иш-чаралары
Рухий ооруларды дарылоо жисманий ооруларды дарылоого окшойт
Шаръий далилдер рухий ооруларды дарылоону да камтыйт. Чындыгында, арабдар Исламга чейин да рухий оорулар илиминен кабардар болушкан. Ошол кезде да рухий оорулууларды дабалай турган кишилер болгон. Ислам келген соң, ширкке аралашпаган айрым дабалоо түрлөрүнө уруксат берген. Бул эле эмес, шарият мындай дабалоого акы алууга да уруксат берген. Абу Давуд өз “Сунанында” Хорижа ибн ас-Солт ат-Тамимиден, ал атасынан риваят кылат:
أنه أتى رسول الله صلى الله عليه وسلم فأسلم، ثم أقبل راجعا من عنده، فمر على قوم عندهم رجل مجنون موثق بالحديد، فقال أهله: إنا حدثنا أن صاحبكم هذا قد جاء بخير، فهل عندك شيء تداويه؟ فرقيته بفاتحة الكتاب، فبرأ، فأعطوني مائة شاة، فأتيت رسول الله صلى الله عليه وسلم فأخبرته، فقال: «هل إلا هذا» وقال مسدد: في موضع آخر «هل قلت غير هذا؟» قلت: لا، قال «خذها فلعمري لمن أكل برقية باطل لقد أكلت برقية حق»
“Набий с.а.в.дын алдына келип, Исламга кирдим. Андан соң кайтып бара жаткан жолдо, бир коомдун жанынан өтүп калдым. Ал жерде бир мажнунду темир чынжырлар менен байлап коюшкан экен. Ал жердегилер:
Угушубузча, силердин тиги досуңар жакшылык алып келген экен. Сенде ушул мажнунду дабалай турган нерсе барбы, – деп сурашты. Ошондо мен “Фатиха” сүрөсү менен рукия кылып, ага дем салдым. Ал болсо айыгып кетти. Алар мага жүз кой беришти. Андан соң мен Расулуллах с.а.в.га келип, болгон ишти айтып бердим. Расулуллах с.а.в.:“Ушул элеби”, – деп сурады”.
Мусаддад башка темада кошумча кылат. “Расулуллах с.а.в. “Мындан башкасын да айттыңбы” деп сурады. Мен болсо, “жок” дедим. Ошондо Расулуллах с.а.в.:
“Ал койлорду ала бер. Ким батыл рукия менен жеген болсо, сен хак рукия менен жедиң”, – деген. Термизи өзүнүн “Сунанында” риваят кылган жана хасан, сахих хадис деген. Аби Лахмдын азат кылынган кулу Умайрдан риваят кылынат:
شهدت خيبر مع سادتي، فكلموا في رسول الله صلى الله عليه وسلم، وكلموه أني مملوك، قال: فأمر بي، فقلدت السيف، فإذا أنا أجره، فأمر لي بشيء من خرثي المتاع، وعرضت عليه رقية كنت أرقي بها المجانين، فأمرني بطرح بعضها، وحبس بعضها
“Мен Хайбарды кожоюнум менен бирге көрдүм. Расулуллах с.а.в.га менин мамлүк экенимди айтып беришти. Кылычымды белиме тагууга буюрду. Мен аны көтөрүп жүрчү элем. Мага арзыбаган дүйнөдөн бөлүп берүүгө буюрду. Мен акылдан азган мажнундарга дем сала турган рукияны (текшертип алуу үчүн) айтып бердим. Ошондо Расулуллах с.а.в. алардын айрымдарын таштоого жана айрымдарын калтырууга буюрду.” Т.а. Расулуллах с.а.в. аны Куръан жана Сүннөткө тескери келген рукия сөздөрүн таштап, калгандарын калтырууга буюрду.
Эгер адистер дары-дармектерди рухий оруларга ылайыктуу деп табышса, алардан пайдаланууга болот. Мурунку мусулмандар рухий ооруларга жакшы көңүл бурушкан. Биринчи кылымдан кийин бул тармакта изилдөө өнүккөнүнө мисал катары 235-хижрий, 849- миладий жылы туулган Абу Зайд ибн Сахл Балхийдин “Дене жана рух пайдалары” деген аталыштагы эмгегин келтирсек болот. Бул эмгекте жисманий жана рухий саламаттык маселелери камтылган. Санаага батуу жана депрессия сыяктуу иштерге да токтолуп өткөн.
Рухий саламаттыкты методикалык башкаруу
Рухий оору – бул мээнин мүчө катары өз милдетин өтөй албай калышы. Айрым рухий оорулар мээнин табигый түрдө иштеши жараянындагы оорудан келип чыгат. Айрымдары, химиялык асабиятка (нервозность) – химиялык нейротрансмиттерге байланыштуу болот. Айрымдары болсо, дагы деле жакшы изилдене элек. Мисалы, шизофрения, биполярдык бузулуу жана депрессиянын кээ бир түрлөрү ушулар түркүмүнөн. Бул көйгөйлөрдү башка ар кандай жисманий саламаттык көйгөйлөрү сыяктуу эле тийиштүү дары-дармектер жана дарылоо усулдары аркылуу чечиш керек. Бул оорулар бир мүчө катары мээде дисфункцияны – мээнин өз милдетин жакшы аткара албашын келтирип чыгарат. Айрым абалдарда болсо, бул көрсөткүч бүгүнкү күндөгү сыяктуу спирттик ичимдиктер жана наркотикалык заттар кеңири жайылышы себептүү ого бетер начарлайт. Мындай оорулар менен – оорунун деңгээлине карай – умумий же атайын даярдыктан өткөн дарыгерлер алектениши мүмкүн болсо да, бирок, ушул оорулар психиатрия адистигин жакшы түшүнгөн тажрыйбалуу адис дарыгерлер көзөмөлүндө болушун талап кылат.
Коомдогу көптөгөн рухий ооруларды дарылаш керек. Ал эми, туруксуз жана өзүнө да, башкаларга да зыян жеткириши мүмкүн болгон бейтаптар ооруканаларга жаткырылышы керек. Анткени, алар өз жанына же башка адамдарга коркунуч туудурбашы үчүн алардын үстүнөн жетиштүү көзөмөл болушу керек. Психиатрия кызматтары бул жааттагы бардык адистиктерден пайдаланганы сыяктуу эле жогорку деңгээлдеги тажрыйбалуу дарыгерлер тобунан да пайдаланат жана алар менен биргеликте иш алып барат. Бул топтун курамына психиатрлар, медайымдар жана кесиптик терепевттер кириши мүмкүн. Бейтаптар ооруканада белгилүү бир мөөнөт дарыланган соң, алар коомчулукта толук кандуу жашашы үчүн үйүнө чыгарылат. Ошондуктан, кесиптик терепевттер жана медайымдардын аралашуусу – мындай бейтаптар кайрадан коомго кошулуусуна жардам берүү үчүн – өтө маанилүү.
Ижтимаий баалуулуктар жана ижтимаий көйгөйлөргө байланыштуу рухий саламаттык көйгөйлөрү
Көбүнчө кулк-мүнөз көйгөйлөрү же хиссий бузулууларга – түшүнүктөр бузулушуна – ээ болгон башка рухий оорулар да байкалат. Мындай оорулар бузук шахс жана бузук коом баалуулуктарынан аябай катуу таасирленет. Мындай түрдөгү рухий оорулар коомдо Ислам түзүмдөрү толук колдонулушу жана түшүнүктөрдөгү көйгөйлөрдү чечүү аркылуу умумий көрүнүштө азайып барат. Аллах Таала айтат:
وَلَنَبۡلُوَنَّكُم بِشَیۡءࣲ مِّنَ ٱلۡخَوۡفِ وَٱلۡجُوعِ وَنَقۡصࣲ مِّنَ ٱلۡأَمۡوَ ٰلِ وَٱلۡأَنفُسِ وَٱلثَّمَرَ ٰتِۗ وَبَشِّرِ ٱلصَّـٰبِرِینَ () ٱلَّذِینَ إِذَاۤ أَصَـٰبَتۡهُم مُّصِیبَةࣱ قَالُوۤا۟ إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّاۤ إِلَیۡهِ رَ ٰجِعُونَ () أُو۟لَـٰۤىِٕكَ عَلَیۡهِمۡ صَلَوَ ٰتࣱ مِّن رَّبِّهِمۡ وَرَحۡمَةࣱۖ وَأُو۟لَـٰۤىِٕكَ هُمُ ٱلۡمُهۡتَدُونَ
“Албетте, Биз силерди кооп-коркунуч, ачкачылык мал-жаныңарды жана мөмө-жемиштерди азайтуу сыяктуу нерселер менен сынайбыз. (Эй Мухаммад) Бирер кайгы келгенде: «Албетте, биз Аллага таандыкпыз жана албетте биз Ал Затка кайтуучуларбыз», – дей турган сабыр кылуучуларга сүйүнчү кабар бер. Дал ошолорго Эгесинен салават (мактоо) жана ырайым бар. Дал ошолор Туура Жолду табуучулар”. [2:155-157] .
Ушул аяттардан белгилүү болгондой, адамдын башында ар дайым кыйынчылык, мээнет-машакаттар болот.
Адатта, мындай окуялар адамдын ыйманын сыноо үчүн кызмат кылат. Ошондуктан, адам мындай кыйынчылыктарга чыдап, бекем турушу керек. Анткени, мусулман адамдын ар кандай сыноолорго дуушар болушу табигый нерсе. Мына ушул түшүнүк адам эң туура психикалык саламаттыкка жетиши үчүн азаптарды жана кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берген эң маанилүү факторлордун бири болуп эсептелет. Ошентип, коомдо Исламды тикелөө руханий жана жисманий оорулардын жүгүн жеңилдетүүгө жардам берет.
Адамдарды дабалоо мамлекеттин милдети
Саламаттыкты сактоо жана медициналык жардам көрсөтүү мамлекеттин милдети. Ошондуктан, бул тармак калк үчүн ыңгайлуу жана толук жеткиликтүү болушу керек. Буга клиника жана ооруканалар о.э. дарыланууга кызмат кыла турган жалпы медициналык жайлар кирет. Анткени, медициналык кызмат мамлекет башкарышы керек болгон умумий кызыкчылык жана умумий тармактар түркүмүнөн. Бул тармак Расулуллах с.а.в.дын:
الإمام رَاعٍ ومسؤول عن رَعِيَّتِهِ
“Имам – башчы жана өз калкынан жоопкер”, – деген сөзүнө ылайык мамлекеттин мойнундагы милдет болуп эсептелет. Расулуллах с.а.в. жеке адамдын жана үммөттүн негизги муктаждыктары жөнүндө мындай деген:
« مَنْ أَصْبَحَ مِنْكُمْ آمِنًا فِي سِرْبِهِ مُعَافًى فِي جَسَدِهِ عِنْدَهُ قُوتُ يَوْمِهِ فَكَأَنَّمَا حِيزَتْ لَهُ الدُّنْيَا »
“Силерден кимдин көңүлү кадыржам болсо, дени соо болсо, күнүмдүк жей турган азыгы болсо, ал бүт дүйнөгө ээлик кылгандай болуптур”.
Бул нерсе, саламаттыкты сактоо жана медицина калктын негизги муктаждыгы экенине далалат кылат. Ким буга муктаж болсо, мамлекет аны камсыздап бериши керек. Мамлекет жарандарды азык-түлүк, кийим-кече жана башбаанек менен камсыздаганы сыяктуу эле, үммөткө коопсуздук, саламаттык жана таалим сыяктуу негизги тармактарды да камсыздап бериши жана бул тармактарда ыңгайлуу шарттарды түзүшү керек.