Түркия үчүн Шенген визасы токтотулдубу?
Түркияда Шенген визасы маселеси көптөн бери күн тартибинде. Ал тургай Түркияга Шенген визасы боюнча кайрылуулар маал-маалы менен токтотулган деген пикирлер да болгон. Түркиянын туристтик агенттиктери ассоциациясынын (TÜRSAB) президенти Фируз Багликая Шенген визасына кайрылууда системалуу тоскоолдуктар бар экенин жана бул тоскоолдуктардан тышкары визага кайрылган түрк жарандарынын да кабыл алынбай жатканын белгиледи. Бирок “Хабартүрк” маалымат агенттигинин “Түркия үчүн Шенген визасы токтотулдубу?” деген суроосуна Европа комиссиясы берген жоопто, ар түрдүү себептерден улам виза берүү кечигип жатканы жана бул Түркияга эле тиешелүү эместиги белгиленди.
Европанын Түркия Республикасынын жарандары үчүн системалуу түрдө виза берүүгө тыюу салышы кризиске айлангандыктан, түрк өкмөтү көптөн бери чечилбей келе жаткан маселени мүмкүн болушунча тезирээк чечүүгө убада берди. Президент Режеп Таййип Эрдоган 30-майда Шенген виза маселеси боюнча билдирүү жасап: «Биз ар бир тармакта жолуңуздарды ачуу, тоскоолдуктарды жоюу олуттуу аракет кылабыз», «Акыркы кездерде саясий шантаж катары колдонулган виза маселесин мүмкүн болушунча тезирээк чечебиз», – деди.
Комментарий: Мындан бир кылым мурда Халифалык мамлекети кулагандан кийин пайда болгон Түркия республикасынын башчысы Мустафа Кемел жана анын партиясы өздөрү үчүн негизги багыт катары Европанын артынан желип-жортууну тандап алган. Ошондуктан “Республикалык элдик партиянын” (CHP) негизги максаты, Түркияны Европанын бир бөлүгүнө айландыруу жана түрк калкын батышташтыруу о.э. Түркия республикасын Европа Союзуна мүчө кылуу болчу. А бирок, 2002-жылы Режеп Таййип Эрдоган башында турган “Адилеттик жана өнүгүү партиясы” бийликке келген соң, Түркия республикасы АКШ тарапка жүздөндү. Ошондон кийин Түркияда болуп өткөн бардык шайлоолордо Евробиримдик Түркияда CHP партиясын колдоп, аны кайрадан бийликке алып келүү үчүн аракет кылып келди. Бирок, буга Эрдогандын башкаруудагы ийгилиги эмес, Түрк калкынын Исламга болгон сүйүүсү жол бербеди.
Өткөн айдагы шайлоодо да кудум ушундай көрүнүш кайталанды. Мисалы, Европа мамлекеттери, өзгөчө Британия, Франция, Германия мамлекеттери Түркиядагы шайлоодо Эрдоганды жеңүү жана CHP партиясын колдоо максатында бир нече иштерди аткарышты. Шенген визасы маселеси да ошол иштер түркүмүнөн. Европа Түркиянын жарандарына виза көйгөйүн пайда кылуу менен “эгер шайлоодо CHPга добуш бербесеңер Европага саякат кылуу кыйын болуп калат” демекчи болду.
А бирок, Эрдоган шайлоодо жеңип чыгары менен аны дал ошол Европа мамлекеттеринин башчылары биринчилерден болуп куттукташты. Себеби, Европа союзу бир нече жактан, мисалы стратегиялык жана энергетикалык жактан, Украинанын дан азыктары үчүн Европага коридор ачуу маселеси жагынан о.э. (Израиль), Азербайжан, Түркмөнстан мамлекеттеринин газын Түркия аркылуу Европага жеткирүү сыяктуу газ маселеси жагынан Түркияга муктаж.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон Эрдоганды куттуктап жатып: “Жолубузду биргеликте улантабыз. Чыгыш Ак деңиз маселеси сыяктуу Франция менен Түркия биргеликте чечиши керек болгон маселелер бар. Бул иштер үчүн биргеликте аракет кылышыбыз керек”, – деди. Демек, виза көйгөйү көпкө созулбайт, себеби, Европа өз кызыкчылыктары үчүн да бул көйгөйдү чечүүгө мажбур.
Тыянактап айтканда, Америка да, Европа да Түркияга муктаж, алар эч качан Түркиядан баш тарта алышпайт. Себеби, Түркиянын жардамы болбосо, алар бул аймакта эч нерсе кыла албай калышат. Мисалы, Сирия маселесинде Түркиянын ролу болбогондо Америка эч качан максатына жете алмак эмес. Муну Ак үйдүн өкүлдөрү да бир нече жолу моюнга алышты. Европа да Түркияга муктаж экендигин ачык айтып жатат. Мына ушундан көрүнүп тургандай, эгер Исламий өлкөлөрдүн башчылары жардам бербесе, Батыш дүйнөсүнүн абалы оор болушу анык. Ал эми Үммөттөн бөлүнүп калган башчылардын кайгысы бул эмес. Алардын бирден-бир кайгысы кожоюндарын ыраазы кылуу жана өз бийлигин сактап калуу. Ошондуктан, бул кыянатчы жетекчилерди кулатып, алардын ордуна бүтүндөй Ислам дүйнөсүн бир байрак алдына бириктире турган жана колонизаторлорду өлкөлөрүбүздөн кууп чыга турган Халифалык мамлекетин тикелөө – Ислам Үммөттүнүн, өзгөчө Үммөт арасындагы күч-кубат ээлеринин мойнундагы важиб.
Зохид Заргар
Басма сөз баянаты Оо, Шамдагы ахрар козголоңчулар! Умматтын үмүтү силерде, үмүтүн жокко чыгарбагыла! Оо, Шам…
Шам тогуту кулатылды... Бирок, Америка жана анын малайлары тикелемекчи болуп жаткан бузгунчу секулярдык башкаруудан өтө-өтө…
Басма сөз баянаты Шам калкына өткөөл доор да, убактылуу өкмөт да керек эмес, аларга Ислам,…
Басма сөз баянаты «Акса ташкыны» фактыларды ашкерелеп, кыянаттарды ачыктоодо АКШ жана Франция жетекчилиги астында Ливан…
Басма сөз баянаты Чыныгы өзгөрүү Уммат акыйдасына таянган долбоор менен гана ишке ашат Кимде андай…
Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү Кыргызстанда үч жыл мурун калктын эң бай…