Түркия саясаты жана шайлоо тууралуу

3681
0

Түркия саясаты жана шайлоо тууралуу

         Түркияда 14-майда болуп өткөн президенттик шайлоодо талапкерлердин эч кимиси добуштардын 50 пайыздан ашыгын ала албагандыктан, шайлоонун 2-туру 28-майда болуп өттү. Экинчи турдун жыйынтыгында Режеп Тайип Эрдоган 52,10% добушка ээ болду. Ал эми, анын атаандашы Кемал Кылычдароглу 47,90% добуш алды. Шайлоо учурунда түрк коомчулугу экиге бөлүнүп, Америка башкаруу моделин жактаган Эрдоган менен Англиянын парламенттик башкаруусун жактаган Кылычдароглунун арасында калды. Талапкерлер бири-бирине террорист, ууру, жалганчы атамаларын ыйгарышты. Алар саясий кызыкчылыктары үчүн буга чейинки идеалдарынан, баалуулуктарынан баш тартышты. Маселен, улутчул жана качкындарга каршы жийиркеничтүү чакырыктары менен белгилүү талапкерлер Үмүт Өзда менен Синан Огандын колдоосуна үмүт артып, тараптар качкындар маселесин соодалашуу темасы кылып алышты. Натыйжада, талапкерлигинен баш тарткан Өзда Кылычдароглуну колдой турганын билдирсе, Оган Эрдоганды колдоого чакырды. Ал эми, негизги талапкерлердин шайлоо астындагы ураандары кызыкчылыктары астында кумга сиңгендей унутулуп кетти. Ошентип, Кылычдароглу сириялыктар баштаган качкындарды эң кеч дегенде бир жыл ичинде өлкөдөн чыгара турганын жарыялады. Ал эми, Эрдоган 600 миң сириялык Түркия көзөмөлдөгөн аймакка көчүрүлгөнүн жана дагы 1 миллион жан калкалап келген качкындар касапчы Асад көзөмөлдөгөн аймакка көчүрүлөрүн билдирди. Бул талапкерлер 100 жылдан бери пайда болгон экономикалык жана башка көйгөйлөр качкындар себептүү болуп жаткандай маанай жаратышты. Коош! Түркиядагы быйылкы шайлоо эмне үчүн дүйнөнүн көңүлүн буруп жатат? Эрдоган атаандашын экинчи турда гана аз айырма менен жеңип чыгышынын себеби эмнеде? Ушул жана башка суроолорго жооп берүү үчүн алгач Түркиянын халифалык кулагандан кийинки саясий тарыхына учкай кайрылып өтөлү.

         Белгилүү болгондой, Түркия учурунда эл аралык майданда биринчи макамдагы кудуреттүү Усманий мамлекеттин кулашынан кийин пайда болгон өлкөлөрдүн бири. Тагыраагы, Усманий халифалыктын эбегейсиз аймактары колонизаторлор тарабынан тартып алынгандан кийин, борбордук бөлүгү Түркия республикасы катары жарыяланды. Муну менен 13 кылым өкүм сүргөн Халифалык мамлекети кулатылды. Натыйжада, Куран жана Сүннөт башкаруудан алынып, ордуна капиталисттик мабдага негизделген конституция кабыл алынды. Куран тили болгон араб тилинин ариби ордуна латын ариби колдонууга киргизилди. Бул чечим Лозанна келишими аркылуу кабыл алынды. Лозаннада Англиянын өкүлү Журсон төрт шартты койду. Булар: Халифалык толук мааниде жокко чыгарылат; мамлекет светтик системага негизделгени жарыяланат; халифа өлкөдөн чыгарылат; мал-мүлкү тартып алынат. А бирок, бул беренелер жашыруун сакталып, келишимдеги башка беренелер анын ордуна шөкөттөлүп коюлду. Ал эми, иш жүзүндө 1923-жылдын 29-ноябрында Түркия светтик республика катары жарыяланып, 1-берене ишке ашырылды. 1924-жылдын 3-мартында халифалык расмий түрдө кулатылганы жарыяланып, 2-берене жүзөгө ашты. Эртеси күнү халифа өлкөдөн чыгарылды жана мал-мүлкү тартып алынды. Ошентип, Англиянын Лозанна келишиминде койгон талаптары толук орундалды.

         Кемалисттердин, тагыраагы, бүгүнкү CHP партиясынын бийликке келиши менен Ислам жана мусулмандарга каршы аёсуз күрөш башталды. Айрыкча, 1923-1945-жылдары бир партиялуу доордо зулумдуктар чектен ашты. Бул зулумдуктарды тизмектөөгө бул макалабыз тардык кылып калат. Ошентип, республика жарыялангандан кийин Мустафа Кемал көп партиялуулук системасына өтүүгө тыюу салды. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин гана Америка эл аралык саясатка аралашып, Түркияда жаңы партиялар түптөлдү. Тагыраагы, Европанын алсырашы жана колонизаторлордун таасир талашуусу Түркияда көп партиялуулук доорунун башталышына түрткү берди. Сталиндин Түркиядан Карс, Артвин жана Ардахан аймактарын талап кылуусунан улам, Түркия Америкадан аскерий жардам сурады. АКШ өз кезегинде бул жардамдар көп партиялуу шайлоого өтүлгөндөн кийин бериле турганын талап кылды. Ал эми, Англия Америка таасири артышын алдын алуу үчүн өз таасири астындагы жаңы партиялардын түптөлүшүнө шарт түзүп берди. Ошентип, 1950-жылдагы шайлоо менен бир партиялуулук доору аягына чыкты. Бул шайлоодо “Демократиялык партия” жеңишке жетип, 1954 жана 1957-жылдагы шайлоолордо да бийликте калды. 1960-жылы 27-майда аскерий төңкөрүш аркылуу анын бийлиги кулатылды. Бул төңкөрүш өздөрүн “Улуттук бирдиктүү комитет” деп атаган 37 генерал тарабынан ишке ашырылды. Президент Желал Баяр жана “Демократиялык партия”нын лидери премьер министр Аднан Мендерес баштаган бийлик өкүлдөрү абакка камалды. Буга кошумча, 235 генерал камакка алынып, 3 500 офицер, 520 аким кызматтан алынып, 15 aдам өлүм жазасына тартылды. Өлүм жазасын алгандардын катарында өкмөт башчы Мендерес да дарга асылды. 1960-жылдын 29-сентябрында “Демократия партиясы” жабылды. Төңкөрүштү уюштурган аскерийлер революцияны светтик түзүмдү коргоо жана бир туугандар арасындагы күрөштүн алдын алуу үчүн жасаганын айтышты. А бирок, бул төңкөрүштүн түпкү себеби, Американын Түркия саясатындагы таасирин азайтуу үчүн жасалган эле. Анткени, бул учурда эл аралык майдан Америка менен СССРдин ортосунда бөлүштүрүлүп, Европанын таасири астындагы аймактар тартып алына баштаган. Түркия АКШ жетекчилик кылган БУУ, НАТО, ЭВФ сыяктуу уюмдарга мүчө болуп, Америка ички саясатта Мендерес өкмөтү менен кызматташууну күчөткөн. Аскерийлер арасында да таасирин арттырганга аракет кылып, натыйжада 1960-жыдагы төңкөрүш жүзөгө чыкты. Бул төңкөрүш бийликти оодаруу үчүн болгондой көрүнсө да, негизги максат Американын аскерийлер арасындагы таасирин токтотуу үчүн жасалган. Ошондуктан, жүздөгөн генерал эмгек өргүүсүнө чыгарылып, аскерий академияда окуп жаткандар окуудан айдалган. Ал эми, Америка менен кызматташтыкта шектелген аскерийлер камакка алынган. Мына ушул төңкөрүштүн натыйжасында, 1961-жылы “Улуттук бирдиктүү комитет” тарабынан сунушталган конституция кабыл алынды. Ага ылайык, парламент эки палатага – эл өкүлдөрү жана сенаторлук палаталарына бөлүндү. О.э сот тармагы реформаланып, Англиядан башка тышкы күчтөрдүн кирип келишине тосуктар коюлду. Демократиялык партиянын ордуна бийликчил “Адилет” партиясы түптөлдү. “Адилет” партиясы бул жылдагы шайлоодо “CHP” партиясы менен коалиция түзүү аркылуу бийликте турду. 1965-жылдагы шайлоодо 52,9% добуш менен өкмөттү жалгыз башкарды. Кийинки шайлоодо коалиция аркылуу бийликте калды. 1971-жылы 12-мартта аскерийлер тарабынан өкмөт башчы Сулайман Демирелге басым жасалып, отставкага кетүүгө мажбур болду. Натыйжада, конституция 1971 жана 1973-жылы өзгөрүүгө дуушар болду. Бул жылдардагы оңчул-солчулдар арасындагы күрөштөр 1980-жылдагы төңкөрүшкө чейин уланды. 12-сентябрда аскерийлер кайрадан бийликти басып алды. Бул төңкөрүштүн артында да Америка менен Англиянын таасир талашуусу көрүнүп турду.

         Ал эми, мусулмандардын жетекчилигин көздөгөн партияларга алгачкы мезгилде тыюу салынган. Кийинчерек, “исламчыл” партиялар пайда болуп, коалициялардын курамында иш алып барышты. Акыры 1970-жылы 26-январда “Улуттук түзүм” партиясы саясий күч катары өзүнчө бөлүнүп чыкты. Бул партия 1969-жылдагы Коняда өз алдынча мандат алган депутат Нежметтин Эрбакан жана 17 тарапкери тарабынан түптөлдү. Бул партия Ислам ураандары астында чыкса да, аны исламий тарыйкатка негизделген партия катары кабыл алууга болбойт. Анткени, партия өзүнүн программасы улуттук көз карашка негизделген жана максаттарына демократиялык түзүм менен гана жетерин ачык билдирген. Анын артынан да бир катар “исламчыл” партиялар негизделди. Бул партиялардын негизделиши 1960-жылдары “Хизб ут Тахрир” саясий партиясы Түркияда активдүү иш алып барып, Халифалык мамлекетин тикелөө чакырыктары таасирдүү адамдар тарабынан кабыл алынган учурда болушу да дал келүүчүлүк эмес.

         Сөзүбүздү кайрадан 1980-жылдагы аскерий төңкөрүшкө чегинүү менен улай турган болсок, бул революцияга да Англия менен Америка таасир талашуусу себеп болду. Төңкөрүш болгон учурда өкмөттө Американын таасири артыкчылыктуу болсо да, аскерийлер арасында Англиянын таасири күчтүү болгон. Мындан улам, Түркияда өкмөт Америка кызыкчылыгына карай ооп бараткан учурда аскерий төңкөрүштөр кайталанып турганы салтка айланып калганын көрөбүз. Англия өз таасирин сактап калуу үчүн уюштурган хунтадан кийин 650 миң адам камакка алынды. 1 млн 683 миң киши көзөмөлгө алынды, 50 киши дарга асылды. Айрым саясий партиялар жабылды.

         Ошентип, 1982-жылы жаңы конституция түзүлүп, кайрадан жаңы партиялар түптөлө баштады. 1983-жылы Тургут Өзал тарабынан “Анаватан” партиясы негизделди. 1983-жылдагы шайлоодо анын партиясы 45,15% добуш алып, параламентте көпчүлүк орунду ээледи. Ошентип, Өзал 1983-жылдан 1991-жылга чейин бийликте калды. Ал өмүрүнүн аягына чейин Америка кызыкчылыгына ылайык саясат жүргүздү. Америка Түркияда Мендерес, Демирел, Өзал сыяктуу өкмөт башчылар аркылуу өз таасирин арттырууга аракет кылса да, Англия аскерийлердин колу менен ага каршы турду. Керектүү учурда аскерий төңкөрүштөрдү жасады. Ошентсе да, Өзалдын Америка багытындагы иштери өзгөчө мааниге ээ болду. Айрыкча, Американын Ирактагы согушунда Түркиядагы базаларды колдонуусуна шарт түзүп берди. Булуң согушунда АКШнын позициясын колдоду жана Саддамдын армиясынын колу-бутун тушоо үчүн чек арага түрк аскерлерин жыйып койду. Ички саясатта да Англиянын аскерийлер арасындагы таасирин азайтуу үчүн бир катар кадрларды алмаштырууга жетишти. Муну менен катар бир нече жаңы башкармалыктарды түздү. Акыры Түркияны Англия үлгүсүндөгү парламенттик системадан, Америка үлгүсүндөгү президенттик башкарууга өткөрдү. Буга кошумча, кемалисттерге альтернативдүү түрдө “исламчыл” саясат алып барды. Тургут Өзал 1993-жылы Борбор Азиядагы сапарынан кийин күтүүсүз дүйнөдөн кайтты. Анын атайын өлтүрүлүп-өлтүрүлбөгөнү учурга чейин талкууланып келет.

         1995-жылдагы шайлоодо Нежметтин Эрбакандын “Рефах” партиясы 21,38% добуш менен парламентте көпчүлүк орунду ээледи. Эрбакан “Туура жол” партиясы менен коалиция түзүү аркылуу өкмөттү башкарып калды. Бирок, 1997-жылы исламий жамаат лидерлерине ифтар уюштурганы үчүн аскерийлер тарабынан айыпталып, акыры кызматын тапшырууга мажбур болду. Аскерийлер бул иш-чараны светтик түзүлүшкө коркунуч катары чагылдырышты. Мунун артынан Эрбакандын “Рефах” партиясы да жабылды. Өзүнө 5 жылга чейин саясатка аралашуусуна тыюу салынды. Бул иштер да Англиянын аскерийлер арасындагы таасири аркылуу жүзөгө ашты. Бул партиядагы айрым саясатчылар 2001-жылы Режеп Тайип Эрдоган менен Абдулла Гүл түптөгөн “Адилет жана  өнүгүү” партиясына негиз салышты. 2002-жылы өткөн шайлоодо “АК” партиясы 34% добушка ээ болуп, бийликти колго алды. Бул шайлоодо Эрдогандын жаза мөөнөтү бүтө элек болгондуктан, өкмөт Абдулла Гүл башчылыгында курулду. Кийинчерек, Эрдоган акталып, Сиирттеги шайлоо аркылуу парламентке келди жана Абдулла Гүл арыз жазып, отставкага кетти. Натыйжада 2003-жылы Эрдоган тарабынан 59-өкмөт түзүлдү.

         Эрдоган бийликке келери менен Англия таасириндеги саясаттан баш тартып, Америкага ыктаган саясат алып барды. Европа Биримдигине кошулуу шылтоосу менен конституцияга бир катар өзгөртүүлөр киргизилди.

Эрдоган өкмөтү аскерийлер арасында бир катар операцияларды жасады жана бул тармакта аскерийлерди америкачыл кадрлар менен алмаштырды. Бийликтеги алгачкы мезгилинде ошол учурдагы таасирдүү жамаат Гүлен тобу менен тыгыз кызматташты. Айрыкча, аскерийлер арасындагы Англиянын таасирин кыркууда чогуу иш алып барды. Эрдоган саясий багытта Америка кызыкчылыгын ишке ашырса, Гүлен тобу медиа жана жарандык коом менен кызматташууда АКШ кызыкчылыгына кызмат кылды. Айрыкча, сот системасындагы кадрлары аркылуу да Эрдоган менен тыгыз иш алып барды. Бирок, убакыттын өтүшү менен ички саясатта экөөнүн арасында келишпестиктер жүз берди. Гүленчилердин парламент жана мамлекеттик кызматтарда көбүрөөк кызмат алууга умтулуусу 2011-жылдагы шайлоодо чыңалууну дагы да күчөттү. Шайлоодон кийин да бир катар окуялар болуп, гүленчи полициялар тарабынан Эрдоганга каршы коррупция операциясы жасалды. Бул дагы алардын ортосундагы карама-каршылык канчалык күч алганын ачык көрсөттү.

         2016-жылдын 15-июлунда дагы бир жолу аскерий төңкөрүшкө аракет жасалды. Бул окуяда көтөрүлүшчү 251 адам өлтүрүлдү, миңдегени ар кандай жараат алды. Айрым серепчилер төңкөрүштүн артында гүленчилер турганын айтса, айрымдары кемалисттерди көрсөттү. “Хизб ут Тахрирдин” 17-июлда чыгарган саясий анализинде бул төңкөрүштүн артында Англияга таянган генералдардын турганы жана гүленчилер ага колдоо көрсөткөнү белгиленди. Бул окуя экинчи тараптан Эрдогандын бийлигин бекемдеп алуусуна мүмкүнчүлүк берди. Ал өзгөчө абалда берилген ыйгарым укуктардан пайдаланып, 282 790 кишини жоопкерчиликке тартты, 94 975 адам камакка алынды. Өлкө президенттик башкарууга өткөрүлүп, Башкы штаб Улуттук коопсуздук башкармалыгына каратылды. Кудум Америка башкаруу системасы үлгү алынып, Түркиянын жаңы башкаруу дизайны түптөлдү. Муну менен Америка Түркияда эле эмес, Түркия аркылуу Ортоңку Чыгыш жана башка аймактарда таасирин арттырууга жол ачты. Эрдоган бийликтен кетсе дагы өз максаттарын ишке ашыра турган түзүмдү орнотууга жетишти.

         Ал эми, жоолукка уруксат берүү, мечиттерди куруу сыяктуу көрүнүштөрдү демократиядагы “эркиндик” баалуулуктары жүзөсүнөн ишке ашырды. Тилекке каршы, кемалисттердин зулумдугунан улам жарылуу астында турган мусулмандар бул көрүнүштү кубануу менен кабыл алып, дагы бир жолу куфрдун айла-амалына алданып калды. Ал эми, Эрдогандын бийлиги Ислам баалуулуктары менен катар Батыш баалуулуктары да өлкөдө кеңири жайылышына жол ачып берүүдө. Маселен, Эрдоган бийликке келген 2003-жылы июнь айында ЛГБТ уюму тарабынан Стамбулда биринчи жолу “жүрүш” өткөрүлдү. Бийлик Түркияда ушул сыяктуу ЛГБТ топторуна тыюу салуунун ордуна, зынакорлукка коюлган жазаны жокко чыгарды. Булардан тышкары, ушул жийиркеничтүү топко ар түрдүү шарттарды түзүп бере турган жана алардын ыплас иштерине мыйзамдуу түс бере турган “Стамбул келишимине” 2011-жылдын 11-майында кол коюлду. “Стамбул келишиминдеги” №6284-мыйзамга ылайык, ЛГБТ өкүлдөрү о.э. бири-бири менен баш кошкондордун  жуп болуп бир үйдө жашашы коргоого алынат. Келишимде үй-бүлө түшүнүгү жок. Анда “эрди-катын” сыяктуу жынысты ажыратуучу сөздөрдүн ордуна “жуптар”, “биргеликте жашаган адамдар”, “шериктер”, “өмүрлүк жолдош”  сыяктуу сөздөр киргизилген. Өкүнүчтүүсү, бул келишимде дин  жана ар-намыс зомбулуктун булагы катары көрсөтүлгөн. Үй-бүлөдөгү эркек өз аялынын же кызынын кийимине аралашса, бул зомбулук деп аталып, ал жазага тартылат. Мына ушул сыяктуу бузукулуктарга жол ачкан мыйзамдардын натыйжасында Эрдогандын бийлиги тушунда чоноюп жаткан муун кайра эле Эрдогандын диний саясатына каршы чыга турган болуп калышты. Тагыраагы, Эрдогандын саясаты пайда жана напсинин аркасынан кубалай турган, Батышты идеал туткан муунду калыптандырды. Ал эми, серепчилер дал ушул жаш муун Эрдогандын башкаруусуна каршы добуш берген катмар экенин белгилешүүдө. Демек, бүгүнкү бийлик светтик системаны коргоп, колдонуу менен өзүнө-өзү ор казууда. Муну акыркы шайлоонун жыйынтыгы, тагыраагы, оппозиция талапкерин экинчи турда гана аз айырма менен жеңип чыгуусу да тастыктап турат.

         Жыйынтыктап айтканда, Түркия республикасы курулган жана андан бери кемалисттер башкарган моделде болобу же Өзал жана Эрдоган түптөгөн Америка модели болобу айырмасыз, мусулмандар үчүн эч кандай пайда жок. Тескерисинче, куфр системасы Ислам жана мусулмандардын зыяны үчүн гана түзүлгөн. Анткени, капиталисттик мабданын негизи чирик, түзүмү ыплас, иштеши бузук. Бүгүнкү күндөгү саясий, экономикалык, ижтимаий жана ахлакий проблемалардын булагы качкындар эмес, дал ушул капиталисттик түзүм. Бул система өзгөргөнгө чейин адилетсиздик да улана берет. Тагыраагы, шайлоо аркылуу эч бир нерсе өзгөрбөйт. Ушундай болгон соң, мусулмандар кыла турган иш мына ушул системаны өзгөртүү. Исламдан башка түзүмдү кабыл алуу болсо батыл жана зулумдук болот. Анткени, Ислам мабдасы ааламдардын Роббиси болгон Алла Таала тарабынан бүткүл адамзатка берилген дин. Ислам жашообуздагы бардык маселеге чечим бере турган түзүм жана аны ишке ашыра турган тарыйкатка ээ. Бул  тарыйкат Халифалык мамлекети. Ыкластуу мусулмандар мына ушул мамлекетти тикелөөгө аракет кылышы шарт!

أَفَحُكْمَ الْجَاهِلِيَّةِ يَبْغُونَ ۚ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنَ اللَّهِ حُكْمًا لِّقَوْمٍ يُوقِنُونَ

Динсиздик үстөмдүк кылуусун каалашабы?! Ыйманы толо болгон коом үчүн Алладан да чырайлуураак, адилирээк өкүм кылуучуким бар?! [Мааида: 50]

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here