БУУ: Африка мүйүзү мамлекеттеринде ачарчылык кризиси миллиондогон адамдардын өмүрүнө коркунуч туудуруп жатат

3680
0

БУУ: Африка мүйүзү мамлекеттеринде ачарчылык кризиси миллиондогон адамдардын өмүрүнө коркунуч туудуруп жатат

Африка мүйүзү мамлекеттеринде миллиондогон адамдар ачарчылыктан азап тартууда. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Африка континенти боюнча директору Майкл Данфорд билдирди. Данфорддун айтымында, аймакта азык-түлүктүн жана энергиянын баасы жогору экендиги менен бир катарда кургакчылык жана суу ташкыны о.э. Судандагы согуштар кырдаалга терс таасирин тийгизип, ачарчылык кризисине себеп болууда.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аймакка тез арада жардам берүү үчүн 810 миллион доллар керектигин жарыялады. Башка тараптан, БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш, удаама-удаа келген кризистер миллиондогон адамдардын өмүрүнө коркунуч туудурганына көңүлдү буруп, эл аралык коомчулуктан Африка мүйүзү мамлекеттери үчүн тез арада жардам берүүнү суранды.

Гутерриш Африка мүйүзү мамлекеттерине каражат чогултуу үчүн уюштурулган иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө: “Кризис апаатка айланып кетпеши үчүн анын алдын алууга шашылыш аракет кылышыбыз керек. Эгер шашылыш түрдө ири өлчөмдөгү каражат бөлүнбөсө, операциялар токтоп калып, натыйжада адамдар өлөт”, – деди.

Комментарий: Африка мүйүзү деп аталган мамлекеттер курамына, Африка континентинин түндүк-чыгышында жайгашкан Судан, Түштүк Судан, Сомали, Эритрея, Эфиопия, Кения, Уганда жана Жибути мамлекеттери кирет. Негизи, аталган мамлекеттердин аймагында жер алдындагы жана жер бетиндеги байлыктардын ири запасы бар. Алтын, күмүш, алмаз, уран, жез, мунай, газ, алтынкүкүрт, никель, вольфрам, темир, коргошун, титан, платина, базальт, хром, слюда, марганец, калий тузу, кварц куму, трона, кианит, диатомит, акиташ, графит, полиметалл, флюорит, табигый сода, каолин, гипс, асбест, туз, пьезокварц, тантал, ниобий, калай, уранторий, мрамор, гипс, фосфорит, кобальт, полиметалл рудалар, цирконий, апатит, асыл таштар, бермет, коралл таштары сыяктуу баалуу кендер Африка мүйүзү мамлекеттеринде аябай мол. Булардан тышкары айыл-чарба, токойчулук, балыкчылык жана дыйканчылык үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар. Ушундай болушуна карабастан, бул мамлекеттердин калкы кризис агымында калып, БУУнун садакасынан үмүттөнүп отурушун кандай түшүнсө болот?!

Мындан тышкары, бир гана Судандын түшүмдүү жерлери Африка мүйүзү мамлекеттерин эле эмес, Испаниядан, Индонезияга чейин созулуп жаткан бүтүндөй Ислам өлкөлөрүн азык-түлүк жана айыл-чарба продукциялары менен камсыздоого кудуреттүү. Исламий дүйнө бекеринен Суданды «азык-түлүк себети » деп атаган эмес. Ал эми вакиъге көз чаптырсак, бүгүнкү күндө Судандын өзү ачарчылыктан азап тартууда. Мунун себеби эмнеде?!

Албетте бул абал капиталисттик түзүмдүн ийгиликсиздигин даана көрсөтүп турат. Анткени, элдерди колония кылуу жана байлыктарын талап-тоноо – бул ачкөз капиталисттик түзүмдүн табияты. Бүгүнкү күндө Африка континенти капиталисттик түзүмдүн анабашы болгон Америка жана Европанын колониясы алдында калган. Алар жогоруда айтылган баалуу кендерди сырьё катары ташып кетишет. Андан соң, байлыгынан ажырап, ачарчылыкта калган калк үчүн “крокодил көз жашын” төгүп, тим эле кайгырган болуп калышат.

Ушундай болгон соң, Африка калкын оор экономикалык абалдан куткаруу БУУ сыяктуу АКШнын каалоосуна ылайык аракеттене турган уюмдардын чакырыгы менен болбойт, тескерисинче, бул жардамдарАфрика калкынын кулдугун күчөтүүгө кызмат кылат. Акыры Африканын байлыктарын ташып кетүү үчүн жасалма согуштарды чыгарып, аны ушул абалга алып келген Америка жана Европа эмеспи?!

Бул жана ушул сыяктуу көйгөйлөр Аллахтын шариятын колдонуу аркылуу гана чечилет. Тарыхтан белгилүү болгондой,  Халифалык мамлекети көлөкөсүндө болгон Африка калкы азиздик жана кадыржамдыкта жашаган. Мусулмандар да, зиммийлер да ачарчылык эмне экендигин билишпеген. Мисалы, Яхя ибн Саид Африкада шарият өкүмдөрү колдонулган замандар жөнүндө төмөнкүдөй риваят кылат: «(Халифа) Умар ибн Абдул-Азиз мени зекеттерди жыйып келүү үчүн Африкага жөнөттү. Мен зекетти топтодум. Андан соң “зекет ала турган жакырлар барбы” деп сураганымда бирер жакырды да, бул зекетти алууга акылуу болгон муктаж адамды да таба албадым».

Ооба, Исламды колдонуунун шарапаты менен жашоо ушундай көркөм болгон. Инша Аллах жакында тикеленип, Исламды колдоно турган Халифалык мамлекетинде да жашоо кайрадан мына ушундай көркөм болот. Халифалык мамлекети көлөкөсүндө бардыгы – мусулмандар да, мусулман эмес зиммийлер да – экономикалык туруктуулук, кадыржамдык, кеңчилик неъматынан пайдаланышат.

Зохид Заргар

 

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here